Гендердик теңчилик туруктуу экономикалык өсүүгө кантип алып келет

2021-ж., 15-December

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктарын кеңейтүүнү колдоо үчүн адекваттуу жана туруктуу каржылоону талап кылат. Гендердик зомбулукту токтотуу жана аялдардын укуктарын кеңейтүү аркылуу гана жакырчылыкты жоюуга болот. Демек гендердик теңчилик өнүгүү фактору болуп саналат.

2015-жылы бардык өлкөлөр Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (ТӨМ) кабыл алуу аркылуу гендердик теңчиликке жетишүү боюнча милдеттенме алышкан. Бул гендердик зомбулукту жана анын бардык формаларын дискриминациялоону жок кылууну камтыйт. Мүчө мамлекеттер гендердик теңчиликке жетишүү, бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү жана алардын адам укуктарын толук ишке ашыруу инклюзивдик экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн маанилүү экенин ырасташкан.

2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибинде донор өлкөлөр гендердик ажырымды жоюу үчүн инвестицияны олуттуу көбөйтүүгө милдеттенишкен. 2018-2019-жылдары гендердик теңчиликке 53 миллиард доллар эки тараптуу жардам катары багытталган.

Мындан тышкары, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун Өнүктүрүү боюнча комитетине мүчө 30 мамлекеттин ар бири өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн жылына орточо 522 миллион АКШ долларын бөлгөн. Бул сумманын көбү – 317 миллион АКШ доллары көп тараптуу уюмдар аркылуу которулган. Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюуда эң чоң жардамды Европа Биримдиги, Канада жана Швеция көрсөткөн.

Гендердик милдеттенмелер Аддис-Абеба иш-аракетинин күн тартибинде чагылдырылган, анда биринчи жолу бардык булактардан каржылоонун улуттук туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз айкалышын колдоо үчүн Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери (ККУМ) киргизилген. 2020-жылдан баштап Кыргызстандын өкмөтү БУУӨП жана ЮНИСЕФ менен биргеликте ККУМду иштеп чыга баштаган. Гендердик теңдикти киргизүү бул маселелерди чечүү үчүн ички ресурстарды тартуу жана көбөйтүү гана эмес, ошондой эле эл аралык жардамды тартууга көмөктөшө алат.

Кыргызстанда калктын 50,4 пайызын аялдар түзөт – бул 3,3 млн адам. Эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болушу болгону  48 пайызды түзөт. Эмгек рыногундагы аялдардын санынын көбөйүшү улуттук экономиканын ички дүң продукциясын көбөйтүүгө көмөктөшүп, аны менен бардык жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.

Аялдар менен эркектердин экономикалык катышуусунун ортосундагы ажырымды жоюу ишкердикти жана экономикалык өсүштү алга сүрөп, үй-бүлөлөрдүн жана жамааттардын жашоосун жакшыртат. Демек, гендердик теңчиликти каржылоо келечектеги киреше агымын түзө турган инвестиция деп түшүнүүгө болот.