Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 30-августу - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Өлкөнүн суу тармагын орто жана узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн келечеги" аттуу семинар өткөрдү.
Бассейндик пландардан – туруктуу каржылоого: Кыргызстан суу тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо
2026-ж., 2-September
Иш-чара Суу ресурстары кызматынын борбордук аппаратынын, аймактык жана бассейндик башкармалыктардын, ведомствого караштуу уюмдардын жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн 100гө жакын жетекчилерин жана адистерин бириктирди. Семинардын ишине БУУӨПтүн жана Суу ресурстарын башкаруу боюнча эл аралык институттун (IWMI) өкүлдөрү да катышты.
Катышуучулар суу чарбасынын учурдагы абалын биргелешип талдап, суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди талкуулашты. Бассейндик башкаруунун каржылык туруктуулугуна, климаттын өзгөрүшүнө көнүүгө, санариптештирүүгө, сууну үнөмдөөчү технологияларга жана сугат тутумдарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Бул багыттар экономиканын негизги секторлорун туруктуу өнүктүрүүнү жана калктын жашоо сапатын жогорулатууну караган Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын милдеттери менен түздөн-түз байланыштуу. Ишенимдүү суу менен камсыз кылуу – айыл чарбасын, энергетиканы, кайра иштетүү өнөр жайын, туризмди жана аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат.
"Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу туруктуу каржылык негизсиз мүмкүн эмес. Биз муктаждыктарды аныктоодон каржылык эсептөөлөр, так артыкчылыктар жана түшүнүктүү каржылоо булактары менен бекемделген реалдуу бассейндик пландарга өтүшүбүз керек. Жаңы Суу кодекси мындай системалуу иш үчүн шарттарды түзөт, ал адистердин семинарда иштеп чыккан сунуштары бул жоболорду ар бир бассейндин деңгээлинде практикалык чечимдерге айландырууга жардам бериши керек", - деп белгиледи министрдин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Уланбек Төрөгелдиев.
Каржылык туруктуулук – бассейндик башкаруунун негизи катары
Европа бирлиги тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу реформаларын алдыга жылдыруу" долбоорунун алкагында БУУӨПтүн эл аралык эксперти Александр Мартусевич суу секторун каржылоонун заманбап ыкмаларын жана бассейндик башкаруунун каржылык туруктуулугун камсыз кылуунун эл аралык тажрыйбасын сунуштады.
Талкуу негизинен кыска мөөнөттүү каржылоодон каржылык пландар бассейндик пландардын ажырагыс бөлүгү болуп калган жана орто мөөнөттүү мезгилди камтыган комплекстүү ыкмага өтүүгө багытталды.
"Мамлекеттик финансыны башкаруу Кыргызстандын мамлекеттик ресурстарды кантип бөлүштүрөрүн жана пайдаланарын аныктайт. Долбоор программалык жана гендердик багыттагы бюджеттөөнү бекемдейт, инфраструктуралык чыгымдардын сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик инвестицияларды башкарууну өркүндөтөт жана суу секторун туруктуу каржылоону колдойт", - деп баса белгилеген БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман 2026-жылдын апрель айында долбоорду ишке киргизүү учурунда.
БУУӨПтүн суу секторунун каржылык туруктуулугун бекемдөө боюнча иши төмөнкүлөрдү карайт:
өлкөнүн беш негизги дарыя бассейнинин учурдагы каржы агымдарын жана инвестициялык муктаждыктарын баалоо;
ар бир бассейндин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча каржылоо булактары боюнча сунуштарды даярдоо;
суу чарба инфраструктурасын башкаруу укуктарын өткөрүп бербестен, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн сугат каналдарынын тилкелерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо;
экологиялык жана социалдык талаптарды сактоо менен жасалма көлмөлөрдүн суу беттерин кайра жаралуучу энергетика, аквакультура, рекреация жана туризм үчүн пайдалануу потенциалын изилдөө;
сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн экологиялык фонддор, компенсациялык механизмдер жана финансылык стимулдар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
суу чарба кызматтарына баа түзүүнү өркүндөтүүнү колдоо жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо;
бассейндик пландарды орто мөөнөттүү жана жылдык бюджеттөөгө киргизүү үчүн жол-жоболорду, колдонмолорду жана бюджеттик шаблондорду иштеп чыгуу;
финансылык пландаштыруу, инвестицияларды баалоо жана инновациялык каржылоо жаатында бассейндик органдардын кызматкерлеринин жана бассейндик кеңештердин мүчөлөрүнүн дараметин бекемдөө.
Бул иш 2026-жылдын январында күчүнө кирген жана бассейндик башкаруунун, бассейндик органдардын жана кеңештердин ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле бассейндик пландарды иштеп чыгуунун укуктук негиздерин бекиткен Кыргыз Республикасынын жаңы Суу кодексин практикалык ишке ашырууга көмөктөшөт.
Каржылык жактан туруктуу суу чарбасы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн да принципиалдуу мааниге ээ. Туруктуу суу менен камсыз кылуу, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн негиз түзөт – бул артыкчылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында бекитилген.
Талкуудан – практикалык чечимдерге
Семинардын катышуучулары суу ресурстарын сарамжалдуу башкарууга, климаттык тобокелдиктерге, суу чарбасын санариптештирүүгө, заманбап сугат технологияларына жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган төрт тематикалык топто иштешти.
Өзүнчө жүргүзүлгөн жашыруун сурамжылоо адистердин суу чарба уюмдарын каржылоонун учурдагы көйгөйлөрү, бассейндик пландаштыруунун абалы, потенциалдуу кошумча ресурс булактары, жаңы механизмдерди пилоттук сыноого даярдык жана окутууга болгон муктаждыктар жөнүндө пикирлерин чогултууга мүмкүндүк берди. Алынган маалыматтар жалпыланып, Суу ресурстары кызматы жана БУУӨП тарабынан кийинки иш-чараларды пландаштырууда колдонулат.
Жумушчу топтордун сунуштары Суу ресурстары кызматы, Финансы министрлиги, бассейндик мекемелер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы мындан аркы диалог үчүн негиз болот. Кийинки этап – иштелип чыккан артыкчылыктарды каржылык жактан негизделген чараларга, жол-жоболорго жана мүмкүн болгон пилоттук демилгелерге өткөрүү.
Суу секторунун каржылык туруктуулугу – бул инфраструктураны күтүү маселеси гана эмес. Бул ишенимдүү суу менен камсыз кылуунун, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздуктун, климаттын өзгөрүшүнө көнүүнүн жана Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарты.
БУУӨПтүн "Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу реформаларын алдыга жылдыруу" долбоору Европа бримдигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.