Аймактык өнүктүрүү фонддорунан каржылоо алуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана токой чарбаларынын потенциалын күчөтүү

Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) жана токой чарбалары (ТЧ) биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, экосистемаларды калыбына келтирүүдө жана жаратылыш ресурстарын коргоодо маанилүү роль ойнойт. Бирок, алардын көбү жаратылышты коргоо муктаждыктарын каржылоону тарта ала турган сапаттуу долбоорлорго айландырууда кыйынчылыктарга дуушар болушат.

2026-ж., 20-August
Couple embracing in a sunny meadow filled with yellow and purple wildflowers.

«Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун бай шалбааларын жаратылышты коргоо боюнча инспектор карап чыгууда. Бул корук Батыш Тянь-Шандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү борборлорунун бири болуп саналат жана анда көптөгөн сейрек кездешүүчү түрлөр, анын ичинде Кызыл китепке киргизилген Мензбир суру да жашайт.

БУУӨП Кыргызстан

ӨКЖА жана ТЧ үчүн кошумча каржылоонун потенциалдуу булактарынын бири – бул Аймактык өнүктүрүү фонддору (АӨФ). Булар өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү долбоорлорду колдогон мамлекеттик каржылоо механизмдери. АӨФ ресурстары инфраструктуралык жана башка жергиликтүү өнүгүү муктаждыктары менен катар экологиялык артыкчылыктарды каржылоо үчүн олуттуу потенциалга ээ.  

Ушул потенциалды эске алуу менен, БУУӨПтүн Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси (BIOFIN) Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ӨКЖА менен ТЧнын АӨФ каржылоосуна жетүү мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүдө колдоо көрсөтүүдө. 

Бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн BIOFIN ӨКЖА жана ТЧ кызматкерлеринин учурдагы потенциалын жана окутуу муктаждыктарын баалады. Анын жыйынтыгынын негизинде бардык ӨКЖА жана ТЧ өкүлдөрү үчүн АӨФтүн каржылоо цикли, талаптары, арыз берүү процедуралары, ошондой эле долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча техникалык көрсөтмөлөрдү камтыган тренингдер өткөрүлдү. 

Бул колдоонун түздөн-түз аралык натыйжасы катары, ӨКЖА жана ТЧлар АӨФтөн каржылоо алуу үчүн сунуштарды иштеп чыга башташты. Азыркы учурда 8 долбоордук сунуш берилип, каралууда. 

Бул иш маанилүү, анткени каржылоого жетүү каражаттын болушуна гана эмес, мекемелердин ишенимдүү жана натыйжага багытталган долбоорлорду даярдоо жөндөмүнө да көз каранды. 

Ошону менен бирге, бул иштин жүрүшүндө топтолгон тажрыйба экологиялык жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо долбоорлорунун АӨФтөн системалуу негизде колдоо алышы үчүн ченемдик, институционалдык жана операциялык шарттарды мындан ары өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Ушул тажрыйбага таянып, BIOFIN Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте Аймактык өнүктүрүү фонддору аркылуу жергиликтүү экологиялык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун системалуу негизде колдоо үчүн зарыл болгон саясий, институционалдык жана операциялык шарттарды түзүүгө багытталган жаңы иш багытын баштоодо. Жыйынтыгында, бул Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүк жана климат боюнча улуттук милдеттенмелерин жергиликтүү деңгээлде иш жүзүнө ашырууга жардам берет. 

 

BIOFIN жөнүндө 

BIOFIN – бул Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) глобалдык демилгеси. Ал биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону каржылоо көйгөйүн чечүүгө багытталган жана өлкөлөргө биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоонун комплекстүү стратегияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөтөт. Кыргызстанда BIOFIN демилгеси Европа Биримдигинин жана Германия, Швейцария, Улуу Британия өкмөттөрүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.