Жаштар мүмкүнчүлүк алганда: туулуп-өскөн аймакта түзүлгөн бизнестин окуясы

19 жашында көпчүлүк жаштар өз жолун издей башташат. “Колледжди аяктагандан кийин, мен ар бир күнүм мурункусуна окшош экенин түшүндүм: үй, окуу, уйку. Бир учурда өзүмө: “Жашоомду өзгөртүп көрсөм эмне болот?” деген суроо бердим”, — дейт Эртай.

2026-ж., 14-August
Smiling man in a cafe stands beside a pastry display and blue sign.

Эртай Адамкалыев

Жеке архив

Ал өзүнүн үстүнөн иштеп, максаттарды коюп, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрө баштаган. Бара-бара акча табуу үчүн эле эмес, башка жаштарга кызыктуу боло турган жай түзүү үчүн өз ишин баштоо идеясы пайда болгон. 

“Ата-энемдин айылда кафеси бар болчу, бирок ал жакка жаштар дээрлик келчү эмес. Мен жаштар тамактануу үчүн гана эмес, баарлашуу, достору менен жолугушуу жана заманбап чөйрөдө убакыт өткөрүү үчүн келе турган жай түзүүнү кааладым”. 

Ошентип, жаштар кафесин ачуу идеясы жаралган. 

Бүгүнкү күндө анын Кочкор айылындагы кафеси жөн гана кофе ичип же достор менен жолуга турган жай эмес. Бул – жумуш орундарын түзүп, ишкердик маданиятын өнүктүргөн жана жаштарга салынган инвестициялар аймактык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы боло аларын көрсөткөн жаштар мейкиндиги. 

Иш баштаган ишкер үчүн негизги тоскоолдуктардын бири каржылоонун жеткиликтүүлүгү болгон. 

“Мен болгону 18 жашта болчумун. Жакшы оңдоп-түзөө жана жабдуулар үчүн өз алдынча акча топтоо дээрлик мүмкүн эмес эле, ал эми мындай куракта насыя алуу өтө кыйын болчу”, — дейт Эртай. 

Эртай керектүү жабдууларды — витриналык муздаткычты жана конвекциялык мешти — алган. Бул, Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен, жайды жаңыртууга, продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берди. 

БУУӨПтүн колдоосу бул тоскоолдукту жоюуга шарт түзүп, идеясы бар, бирок баштапкы ресурстары чектелүү жаш ишкерлер үчүн каталитикалык каржылоо кандайча мүмкүнчүлүктөрдү ача аларынын үлгүсү болуп калды. 

“Мурда бул жер бир топ жөнөкөй эле. Бизде десерттерди даярдоо жана сактоо үчүн атайын жабдуулар да жок болчу. Колдоодон кийин баары өзгөрдү: жарык, ылайыктуу, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду”. 

Бүгүнкү күндө кафе десерттерди өз алдынча даярдап, менюсун кеңейтип, кардарларды көбүрөөк тартууда. 

Эртай үчүн бизнес – бул жалаң гана киреше эмес. Ал башынан эле башка жаштар биринчи кесиптик тажрыйбасын ала турган жай түзүүнү каалаган. 

“Мен чындап өнүгүүнү каалаган жаштарга мүмкүнчүлүк бергим келди. Кээде адамга ишенип, ага аракет кылууга мүмкүнчүлүк берүү жетиштүү болот”. 

Кафе иштеген убакыт аралыгында 25ке жакын жаш адам иш тажрыйбасын алып, билим алышкан. Алардын айрымдары башка тармактарда өнүгүүсүн улантышты: кимдир бирөө өз блогун жүргүзө баштаса, бирөө өз бизнесин ачкан, дагы бирөө туризм тармагында карьерасын түздү. 

Cafe interior with pastry display case; two men chat at the counter, warm lighting.

Бүгүнкү күндө кафеде беш кызматкер иштейт. 

Кафе жаңылангандан кийин келгендердин саны кыйла өскөн. Азыр күн сайын 70тен 110го чейин конок келет, ал эми туруктуу кардарлардын саны өсүүдө. 

Чакан калктуу конуш үчүн мындай демилгелер жер-жерлерде жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жергиликтүү жамааттарды чыңдоо боюнча кеңири процесстин бир бөлүгү болуп калууда. 

Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ишкердикти колдоого жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктарына дал келет. 

Өнөктөштөр аймактардагы жаш ишкерлерди колдоо менен, жеке бизнестерге гана жардам бербестен, жаңы жергиликтүү экономикалык борборлордун калыптанышына да салым кошушат. 

Мындай демилгелер жаштардын ишкердигине салынган инвестициялар жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканы чыңдап жана жаштарга өз келечегин туулуп-өскөн аймактарында курууга жардам бере аларын көрсөтүүдө. 

БУУӨП тарабынан колдоого алынган Janyration («Жаңы муун») демилгесинин алкагында 76 жаштардын бизнес-долбоору жалпы суммасы 312 000 АКШ долларына колдоо алып, 200гө жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди. Дагы 52 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат жана 442 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициянын аркасында кошумча 150гө жакын жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө.