БУУӨП Кыргыз Республикасынын фотометрикалык лабораториясынын сыноо мүмкүнчүлүгүн чыңдоону колдоодо
2026-ж., 24-February
Бишкек, 24-февралы 2026 – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун фотометрикалык лабораториясына комплекстүү техникалык баалоо жүргүзүү ийгиликтүү аяктады. Бул баалоо лабораториянын расмий аккредитациядан өтүүсүнө жана фотометрикалык сыноолор жаатындагы улуттук компетенттүүлүк борбору катары макамын бекемдөөгө багытталган маанилүү этап болуп саналат.
Улуттук сапат инфраструктурасы – заманбап экономиканын көзгө көрүнбөгөн, бирок өтө маанилүү таянычы. Ал базардагы продукцияга ишеним артууга болобу, сооданын адилет шарттары камсыздалганбы жана керектөөчүлөрдүн укуктары корголгонбу – мына ушул маселелерди аныктайт. Бул тутумду чыңдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. БУУӨП сапат институттарын жаңылоо жана өнүктүрүү багытындагы аракеттерди системалуу жана узак мөөнөттүү негизде колдоп келет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Айбек Мусаев белгиледи:
« БУУӨПтүн колдоосу менен биз жабдууларды жөн гана жөнгө салбастан, толук кандуу сыноо тутумунун усулдук негизин түздүк. Алдыда – калибрлөө, лабораториялар аралык салыштырма сыноолор жана аккредитациялоо этаптары турат. Биз бул жолдо ырааттуу жана аң-сезимдүү алдыга жылуудабыз, анткени ар бир корутундубуз керектөөчүлөрдү коргоо үчүн да, эл аралык деңгээлде таанылуу үчүн да кынтыксыз болушу керек».
Фотометрикалык лаборатория эки заманбап, жогорку тактыктагы өлчөө комплекси менен жабдылган. Бул системалар жарык-техникалык продукциянын ченемдик параметрлеринин толук спектрин аныктоого мүмкүндүк берет: жарык агымы, жарык күчү, түстү берүү индекси (CRI), түстүн координаттары, корреляцияланган түстүк температура (CCT), нурлануунун спектралдык курамы жана электр кубаттуулугу.
БУУӨП техникалык баалоону өткөрүүгө, лаборатория адистерин колдонуудагы стандарттарга ылайык заманбап сыноо ыкмалары боюнча окутууга, ошондой эле фотометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн адистештирилген программалык каражаттарды иштеп чыгып, киргизүүгө колдоо көрсөттү. Бул өлчөөлөрдүн тактыгын жогорулатууга, жыйынтыктарды иштетүү убактысын кыскартууга жана лабораториянын өндүрүмдүүлүгүн айына ондогон үлгүлөргө чейин арттырууга мүмкүндүк берди.
БУУӨПтүн колдоосу техникалык жабдуу менен камсыз кылууга гана эмес, сапатты камсыздоонун туруктуу тутумун калыптандырууга багытталган. Кийинки этап катары лаборатория расмий аккредитация алуу үчүн милдеттүү жол-жоболордон өтөт: аккредитацияланган борборлордо жабдууларды метрологиялык калибрлөө жана өлчөө жыйынтыктарынын кайталануучулугун жана салыштырмалуулугун тастыктоо максатында лабораториялар аралык салыштырма сыноолорго катышуу.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгиледи:
«Сапат инфраструктурасына инвестиция салуу – өлкөнүн туруктуу жана узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө стратегиялык салым. БУУӨП Кыргыз Республикасында институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоону жана эл аралык талаптарга жана стандарттарга шайкеш улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүүнү системалуу түрдө колдойт, анын глобалдык шайкештикти баалоо тутумдарына интеграцияланышын камсыз кылат».
Бардык жол-жоболор ийгиликтүү аяктагандан кийин гана лаборатория улуттук аккредитация тутумуна арыз бере алат. Бул анын корутундуларына юридикалык күч берип, сыноо жыйынтыктарынын эл аралык деңгээлде таанылышын камсыз кылат.
БУУӨПтүн улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү системалуу колдоосу өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого өбөлгө түзөт. Бул контекстте өлчөөлөрдүн тактыгы жөн гана техникалык көрсөткүч эмес, Кыргызстандын экономикасына болгон ишенимдин негизи болуп саналат.
Фотометрикалык лабораторияны өнүктүрүү БУУӨПтүн кеңири программасынын практикалык ишке ашырылышы болуп саналат. Аталган программа сапат институттарын чыңдоо, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргызстанды эл аралык талаптарга шайкеш техникалык жөнгө салуу инструменттерине жеткиликтүүлүк менен камсыз кылуу аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.
Иш-чаралар «Russian Experts on Demand» программасынын эксперттик жана финансылык колдоосу менен «Орусия– БУУӨП өнөктөштүгүндө билимди башкаруу жана потенциалды жогорулатуу» аттуу аймактык долбоордун (III-фаза) алкагында ишке ашырылууда.