Кыргызстанда мамлекеттик каржы тутумунда гендердик ыкмаларды колдонуу боюнча эксперттик талкуу өттү
2025-ж., 22-December
Бишкек, 22-декабрь 2025 — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен улуттук гендердик программаларды ишке ашырууга арналган эксперттик талкуу өткөрдү. Иш-чара аялдардын экономикага катышуусун кеңейтүүгө жана мамлекеттик каржыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган системалуу иштердин алкагында уюштурулду.
БУУӨП Кыргызстандын гендердик теңчилик боюнча негизги улуттук саясий документтерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келет. Алардын катарына Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясы, Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа (2030-жылга чейин), ошондой эле Аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы кирет.
Эксперттик талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук катышып, мамлекеттик каржы тутумунда гендерге сезимтал ыкмаларды колдонуу маселелерин практикалык жана тармактар аралык көз карашта талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева мамлекеттик саясатта системалуу ыкманын маанисин белгиледи.
«Гендерге багытталган бюджеттештирүү салык саясаты биргиликте — бул социалдык адилеттүүлүк маселеси гана эмес, туруктуу экономикалык өсүшкө, калктын жыргалчылыгын жогорулатууга жана улуттук жана глобалдык өнүгүү максаттарына жетүүгө өбөлгө түзгөн натыйжалуу экономикалык инструменттер», — деди ал.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева аялдардын экономикага катышуусу экономикалык өсүштүн сапатына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү максаттарына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
«Аялдардын салымы бюджеттик жана салыктык чечимдерде эске алынганда, экономикалар туруктуураак жана атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Гендерге багытталган бюджеттештирүү мамлекеттик ресурстарды так багыттоого, инвестициялардын кайтарымдуулугун жогорулатууга жана экономикалык өнүгүүнү колдоого жардам берет», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле БУУӨПтүн Экваномика (Equanomics) демилгесинин алкагында жетишилген жыйынтыктар талкууланды. Бул демилге фискалдык саясатты гендердик теңчиликке жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө жетишүүнүн практикалык инструменти катары карайт. 2024-жылы БУУӨП Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына эксперттик колдоо көрсөттү, анын ичинде салык саясатынын калктын ар кандай топторуна тийгизген таасирин талдоо жүргүзүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыктары айрым фискалдык чечимдерди тактоо салык жүгүн тең салмактуу бөлүштүрүүгө жана тутумдун адилеттүүлүгүн күчөтүүгө өбөлгө болорун көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында өлкөнүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө эң чоң прогресске жетишкен 30 өлкөнүн катарына кирүү, ошондой эле инклюзивдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту чагылдырган эл аралык рейтингдердеги позицияларын жакшыртуу максаты белгиленген.
БУУӨП Кыргыз Республикасына улуттук туруктуу өнүгүү программаларын ишке ашырууда, анын ичинде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерде колдоо көрсөтүүнү улантат.