Ысык-Көл облусунан чыккан ишкер Динара Азарбаеванын окуясы — БУУӨПтүн ментордук программасы аймактардагы айымдарга бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө гана эмес, коомдогу өз ролун кайрадан түшүнүүгө кандай жардам бергенинин жаркын мисалы.
Бал аарылардан ишкерликке: ментордук жардам кесиптик өсүүгө жол ачканда
2025-ж., 2-September
Динара менен Султан бал челектерин текшерип жатышат
Программага чейин педагог адистигине ээ болгон Динара бал аарыларын багуу менен үй-бүлөлүк тиричиликтин бир бөлүгү катары алектенип келген. Ал тажрыйбалуу аарычы жана Аарычылар ассоциациясынын төрагасы Султанбек Аббасовдун ментиси болгондон кийин көп нерсе өзгөрдү.
«Мен хоббини туруктуу бизнеске айландырууга болорун көрдүм. Ментор менен иштөө мага өзүмө ишенүүгө жана башкача аракет кылууга жардам берди», - дейт Динара.
Менторунун жетекчилиги астында ал жаңы технологияларды өздөштүрдү, анын ичинде карника тукумундагы аарыларды багууну жана жасалма жол менен аары энелерди (маткаларды) чыгаруу ыкмасын үйрөндү. Бул анын бизнесинде жаңы багыт — башка аарычыларга аары энелерин (маткаларды) сатууга жол ачты.
Окутуу, ментор менен үзгүлтүксүз байланыш жана күнүмдүк колдоо өндүрүш процесстерин түзүүгө, айылдан тышкаркы алгачкы сатууларды баштоого жана масштабдоого мүмкүнчүлүк берди.
«Мен мындан ары жөн гана аарычынын жубайы эмесмин. Мен ишкер айымга айландым. Жана мындан ары кантип өсүү керектигин билем», - деп белгилейт Динара.
Динара Азарбаева
«Мен ишкерлик — бул ар бир адамга ачык жол экенин көрсөтүүнү кааладым. Эң башкысы - биринчи кадамды жасоо», - дейт ментор Султанбек Аббасов.
Ал өзүнүн милдетин билимди берүү менен чектебестен, айымдар жана жаштар экономикага кошулуп, туруктуу жергиликтүү өнүгүүгө салым кошо ала турган шарттарды түзүүдө деп эсептейт.
Программага катышкандар окутуу иш-чараларына, жеке менторлукка, гранттарга жана нетворкингге мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстандагы ар кандай аймактардан 60 ишкер программага катышып, анын алкагында 15 жаңы ишкана түзүлүп, 56 жумушчу орун пайда болду. Алардын ичинен 45ин айымдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээледи.
Аялдардын ишкерлигин колдоо БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы ишинин маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт, аймактардын экономикасын жандандырат жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Программа ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошуп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес ыкмаларын алдыга жылдырат.