Кыргызстанда улуттук калкты эрте кабарлоо системасын бекемдөө иштери жүрүүдө

2025-ж., 20-June
Group of officials interacting inside an office with awards and documents in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 20-июнь 2025 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Европалык Биримдиктин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга эрте алдын алуу жана чара көрүү системасын модернизациялоону башташты. Бул кадам жөн гана жабдууларды тапшыруу эмес – бул адамдардын өмүрүн сактап калуу, жамааттарды коргоо жана өлкөнүн климаттык жана жаратылыш кырсыктарына туруктуулугун чыңдоо боюнча олуттуу салым. 

Климаттык туруксуздуктун күчөшү шартында табигый кырсыктардын саны жана кесепети улам өсүп жаткан учурда ар бир мүнөт маанилүү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна орнотулган жаңы жабдуулар маалыматты өз убагында алуу, иштеп чыгуу жана ыкчам жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Сервердик системалар, мультиплекс модулдар жана кеңейтилген байланыш мүмкүнчүлүктөрү Борборду улуттук туруктуулук системасынын негизги элементтеринин бирине айлантат. 

«Табигый кырсыктарга туруктуулук даярдыктан башталат. Бүгүнкү күнү биз өзгөчө кырдаалдарда калктын өмүрүн жана мүлкүн коргоо жөндөмүбүздү күчөтүп жатабыз. Борборго орнотулган заманбап жабдуулар маалыматты ыкчам алып, жамааттар менен тыгыз кызматташуубузду камсыз кылууга жардам берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев. 

A conference room with officials discussing at a table, flags and documents present.

Бообек Ажикеев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП жана Европалык Биримдик Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү жолунда жана кырсыктарга каршы туруктуулугун чыңдоодо ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет. Бул өнөктөштүк каржылык жардам менен эле чектелбестен, өз ара ишенимге, жоопкерчиликке жана ар бир адамдын өмүрү баалуу болгон келечекти бирге куруу түшүнүгүнө негизделген. 

«Европалык Биримдик Кыргыз Республикасы менен ушундай маанилүү демилгеде өнөктөш болгонуна сыймыктанат. Эрте эскертүү системалары — бул коопсуздукка, туруктуулукка жана келечекке болгон инвестиция. Алар адамдардын өмүрүн сактап калуу менен бирге мамлекет менен коомчулуктун ортосунда ишенимди да бекемдейт. Биз Кыргызстандын туруктуу, инклюзивдүү жана келечектеги чакырыктарга даяр өлкө болушун колдойбуз», — деди Европалык Биримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер. 

Four people seated at a table during a conference, engaged in discussion.

Ханс Фарнхаммер, Европалык Биримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн ашчысы

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП Кыргыз Республикасына климаттык туруктуулукту чыңдоо жана калктын аялуу катмарларын коргоо боюнча жардам көрсөтүүдө. Бул аракеттер өлкөнүн негизги стратегиялык документтерине ылайык ишке ашырылууда, алардын Улуттук өнүгүү программасы – 2030, ошондой эле региондук жана сектордук программалар, өзгөчө кырдаалдар коркунучун башкарууга багытталган аракеттер камтылган. 

«БУУӨП Кыргызстан менен туруктуу өнүгүү, климаттык адаптация жана коопсуз келечек куруу боюнча ишенимдүү өнөктөш болуп кала берет. Биз ишенебиз: глобалдык чакырыктарга туруктуу жооп берүү — бул жалпы аракет аркылуу гана мүмкүн болот», — деди Александра Соловьева, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү. 

A diverse group of people seated at a table during a formal meeting or discussion.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү

БУУӨП / Кыргызстан

Бул иш-чара Европалык Биримдик тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» аймактык демилгесинин алкагында ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө бул демилгенин натыйжалары жергиликтүү деңгээлде ачык байкалууда: 

  • Фергана өрөөнүнүн эң кооптуу райондорунда төрт автоматташтырылган метеостанция жана суу радарлары орнотулуп, 150 000ден ашуун адамды коргоо менен камсыздап жатат;

  • Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар боюнча эскертүү тутуму ишке киргизилди — 29 сирена жана 87 үналгы социалдык объектилерди өз убагында эскерте алат;

  • Мындан тышкары, жетүүсү кыйын болгон тоолуу аймактарда да мониторинг жана эскертүү тутумун кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) — бул жакырчылык, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө багытталган БУУнун алдыңкы уюму. 170 өлкөдө иш алып барган БУУӨП адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө көмөктөшөт. Кошулуңуз: undp.org жана @UNDPKG.