Жалал-Абаддан чебер уста Жамбила Тойчубекова эки неберенин апасы жана чоң энеси. Жамбила 63 жашында 20 кыз-келин жыйнап, кооператив курган.
БУУӨП кол өнөрчүлөрдү колдойт: Жалал-Абаддан ишкер-айым Жамбила
2025-ж., 4-September
Жамбила Тойчубекова
Жамбила өнөргө жаш кезинде келген. Ал өнөрү менен таанылган апасынын ишин улантты. Өлкөбүздө базар экономикасы орногон 90-жылдары Жамбила ишкердик менен соода-сатык менен алектенген. Бирок пенсияга чыккандан кийин ал өнөрүнө кайтып келди, аны дайыма өзүнө тартып, шыктандырып келген.
БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Финляндия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен тренингдер кооперативдин жаңы деңгээлге чыгуусуна жардам берди. Аялдар сапаттуу өндүрүштү өздөштүрүп, ассортиментин кеңейтип, «Тумар чебер айымдары» бирикмесин түзүшкөн.
«Биздин ийгилигибиз бириккенибизде. «Жумушсуз жүргөн аялдарга иштеп, акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - дейт Жамбила.
Жамбиланын өзү үчүн кол өнөрчүлүк бизнес гана болбостон, анын шыктандыруусунун жана энергиясынын булагы болуп калды. «Кол өнөрчүлүк жашты чектебейт» дегендей, бекер отура албайсын, пенсияга чыкканда түшүндүм. Кызыгуу болсо, каалаган жашта иштеп, пайдалуу боло аласың”.
Жамбиланын окуясы салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап бизнеске айландырган долбоордун 40тан ашык катышуучуларынын бири.
БУУӨП Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн кубаттуу платформа түздү. Демилге 4 кичи жана орто бизнести, 40тан ашык кол өнөрчүлөрдү камтыган 7 кол өнөрчүлүк тобун жана 2 кол өнөрчүлүк бирикмесин бириктирет.
БУУӨП кол өнөрчүлүктү колдоо аркылуу аялдардын ишкердигине чоң салым кошууда жана аялдар үчүн жумуш орундарын түзүп келет.
Кол өнөрчүлүк топтору жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн катализатору болуп, салттуу көндүмдөрдү сактап, аларды заманбап рыноктун талаптарына ылайыкташтырат. 28 кол өнөрчү өз продукциясын туризмге жана экспортко интеграциялоонун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, тажрыйба алмашуу турларын аяктады. Катышуучулар алган билимдерин алдыга жылдыруу үчүн заманбап инструменттерди, анын ичинде электрондук коммерцияны жана санариптик маркетингди, ошондой эле ишкердиктин негиздерин, баа түзүүнү жана финансылык сабаттуулукту өздөштүрүштү.
Жамбиланын «Аракет кылсан берекет» деген акылман сөздөрү долбоордун философиясын чагылдырат: талыкпаган эмгек жана чеберчиликти өркүндөтүү аркылуу кол өнөрчүлөр кооз буюмдарды гана эмес, үй-бүлөсү жана коомчулугу үчүн туруктуу киреше булактарын да жаратышат.