Колдоодон өсүүгө карай: Чынара Малик жана анын ментиси менен ийгилик баяндамасы

2025-ж., 24-July
Three women in diverse attire, set against a blue background, promoting a mentorship program.

Чынара Малик, «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун насаатчылары менен

Чынара Маликтин өздүк архивинен

БУУӨП тарабынан Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагындагы Ментордук программа Кыргызстандын аймактарында жаштардын жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул программанын өзөгүн өнөктөштүк түзөт: менторлор өз тажрыйбасы менен бөлүшөт, ал эми ментилер бизнесин туруктуу өнүктүрүү үчүн керектүү билимди, колдоону жана ишенимди алышат. 

Чынара Малик — аялдардын өз ара колдоосуна жана тилектештигине ишенген ишкер айым жана ментор. Ал ментордук программасынын алкагында Баткен жана Нарын облусундагы эки кол өнөрчү айымга ментор болгон. Анын түшүнүгүндө менторлук — бул жөн гана билим берүү эмес, айымдар өзүн тааныта ала турган чөйрөнү түзүү. 

«Ментор — бул мугалим эмес, мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, өзүңө ишенүүгө жардам берген өнөктөш», — дейт Чынара. 

Жасынай программага өз ишканасын жакшыртуу, кардарлардын санын көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана кесиптик жактан өсүү максаты менен кошулган. Ментор менен иштөө учурунда ал төмөнкү негизги бизнес-куралдарды өздөштүргөн: 

  • апталык жана айлык маркетингдик пландоо;

  • бюджет түзүү жана каржылык көзөмөл жүргүзүү;

  • атаандаштарды талдоо;

  • командалык иштөө жана кардарларды тейлөө. 

Онлайн-формат тоскоолдук жараткан жок — жолугушуулар жумасына эки жолу өтүп, практикалык тапшырмалар жана үзгүлтүксүз пикир алмашуулар менен коштолду жана төмөнкү жыйынтыктарды берди: 

  • кардарлардын саны өстү;

  • продукциянын сапаты жогорулады;

  • Лейлек айылындагы аялдарды окутуп, жумуш орундарын түзүү үчүн №48 кесиптик лицей менен меморандумга кол коюлду;

  • команданын кесиптик деңгээли жогорулады. 

 «Бул программа мен үчүн таяныч болду. Идеяларды туура жеткирүүнү, долбоорлорго катышууну жана алдыга ишенимдүү кадам таштоону үйрөндүм», — дейт Жасынай. 

Эльза — шырдак жана декоративдик буюмдарды жасаган кол өнөрчү. Анын максаты — жаңы рынокторго чыгуу жана чыгармачылыгын туруктуу бизнеске айлантуу. Ментор менен биргеликте алар: 

  • социалдык тармактарда илгерилетүү стратегиясын иштеп чыгышты;

  • визуалдык контент жана таргеттик жарнаманы колдонушту;

  • салттуу буюмдарга заманбап дизайн элементтерин киргизишти. 

«Биз жөн гана буюм жасаган жокпуз — ага идея жана маанини коштук. Бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, тарыхты алып жүргөн искусство болду», — дейт Эльза. 

Эльзанын ментордук программадагы болгон жыйынтыгы: 

  • продукцияга болгон кызыгуу артты;

  • алгачкы мастер-класстарга билдирүүлөр түшө баштады;

  • Instagram аркылуу толук кандуу онлайн илгерилетүү башталды;

  • ишкердик көндүмдөрү жана убакытты башкаруу тартиби жакшырды. 

«Ментор мага жөн гана чыгармачылык кылууну эмес, убакытты пландаштырууну жана аны баалоону үйрөттү. Бул мен үчүн чоң кадам болду», — деп белгилейт Эльза. 

Жасынай менен Эльзанын окуясы — бул жөн гана жеке ийгилик эмес. Бул БУУӨП тарабынан аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган системдүү мамиленин жыйынтыгы. Программа өзгөчө айылдык жана алыскы аймактарда жашаган аялдарды колдоп келет. 

Программа төмөнкүлөргө көмөктөшөт: 

  • жаңы жумуш орундарын түзүүгө;

  • аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө;

  • жамааттардын экономикалык туруктуулугун жогорулатууга;

  • кол өнөрчүлүк аркылуу маданий мурастын сакталышына жана жаңыча түшүндүрүлүшүнө. 

«Баштоодон коркпогула. Өзүңөрдү даяр эмес сезсеңер да, жардам издеңиздер, туура адамдарды таап, алдыга кадам таштаңыздар», — деген кеңешин берет Чынара Малик жаңыдан иш баштаган айымдарга. 

Программага катышкандар окуу иш-чараларына, жеке менторлукка, гранттык колдоого жана пайдалуу таанышууларга жеткиликтүү болушат. Кыргызстандагы бардык аймактардан 60 ишкер бул программадан өтүп, анын алкагында 15 жаңы ишкана ачылып, 56 жумуш орду түзүлгөн — алардын 45ине айымдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээ болушкан. 

Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо БУУӨПтүн негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга көмөктөшүп, аймактардагы экономикалык өсүштү колдойт жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Программа ошондой эле Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө салым кошуп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес моделдерин илгерилетет.