БУУӨПтүн ментордук программасындагы «Ишкер-KG» кооперативинин ийгилик баяндамасы

2025-ж., 9-June

Зияда Мулабаева, жапайы токой жемиштерин кайра иштетүү менен алектенген “Ишкер-KG” кооперативинин негиздөөчүсү

БУУӨП / Кыргызстан
Идеядан ийгиликтүү бизнеске чейин: Зияда Мулабаева тууралуу баяндама

Зияда Мулабаева — жапайы токой жемиштерин кайра иштетүү менен алектенген «Ишкер-KG» кооперативинин негиздөөчүсү жана башкармалыктын төрайымы. Кооператив жаңгактан, мистеден жана бадамдан муздак ыкма менен май, паста жана ун өндүрүп, керектөөчүлөргө экологиялык жактан таза продукция сунуштайт. Бүгүнкү күндө кооперативде 318 дыйкан жана 18 өнөктөш-ишкер бар.

Ийгиликке жетүү жолу жеңил болгон жок. 2020-жылы Зияда Ноокен районунун Шайдансай айылына көчүп келгенден кийин, аялдардын оор шартта жаңгак терип, аз акчага өткөрүп жатканын көрүп, алардын эмгегине тийиштүү баа берүү жана кирешесин көбөйтүү максатында кооператив түзүү идеясы жаралган. 2021-жылы ал айылдын 17 активдүү аялын бириктирип, «Ишкер-KG» кооперативин негиздеп, чакан демилгеден туруктуу бизнеске чейинки жолду баштады.

БУУӨПтүн программасы — өсүү үчүн мүмкүнчүлүк

Өндүрүш көлөмү өскөн сайын кооператив жаңы чакырыктарга туш болду: жаңы рынокторго чыгуу, продукциянын таңгакталышын жакшыртуу, электрондук сооданы өздөштүрүү. 2023-жылы Зияда БУУӨП тарабынан ишке ашырылган «Соодага көмөк көрсөтүү» ментордук программасына катышып, маркетинг жана бизнес-стратегия боюнча адис Инабат Латипованы ментор катары тандап алды. 

Программа алкагында ментор Зиядага бизнес өнүктүрүү боюнча бир катар окутуучу сессияларды өткөрдү. Алар бизнес-план түзүү, бренд түзүү, кардарлар менен сүйлөшүү жүргүзүү, маркетинг стратегиясы жана социалдык тармактар аркылуу продукцияны жайылтуу сыяктуу маанилүү темаларды камтыды. Бул ишмердүүлүктүн жыйынтыгында кооператив таңгак дизайнын жаңылап, жаңы логотип түзүп, маркетинг стратегиясын жакшыртты.

A woman with curly hair stands confidently in a white blazer, smiling against a neutral background.

Зияда Мулабаеванын ментору Инабат Латипова

БУУӨП / Кыргызстан
Ийгиликтер жана келечекке пландар

Кооперативдин негизги жетишкендиктеринин бири — «Супара» ресторан комплекси жана «Куликовский» кондитердик фабрикасы сыяктуу ири кардарлар менен кызматташуу болду. ИП «Жеенбаев» менен өнөктөштүктө 6 тонна жаңгак жеткирилди жана тапшыруунун көлөмдөрү жогорулап жатат. «Ишкер-KG» продукциясы көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде активдүү сунушталып, жакшы пикирлерге ээ болууда. Бир көргөзмөдө Зияда «Мисте ханышасы» деген ат менен сыйланып, бул анын эмгегинин таанылышынын белгисине айланды. 

БУУӨП ментордук программасынын алкагында кооператив жаңгакты майдалоо үчүн кургак жемиштерди майдалоочу жабдуу жана паста чыгаруу үчүн коллоиддук тегирмен алууга гранттык колдоо алды. Бул кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө жана өндүрүштү оптималдаштырууга мүмкүндүк берди.

Келечекте кооператив сатууну кеңейтүүнү, брендин эл аралык деңгээлде каттоону жана жапайы мистени кайра иштетүүчү линия түзүү үчүн инвестиция тартууну пландоодо. Германия жана Европа өлкөлөрүндө өткөрүлө турган эл аралык көргөзмөлөргө катышуу дагы глобалдык өнүгүүгө жол ачмакчы.

Зияда Мулабаева жана Инабат Латипова

БУУӨП / Кыргызстан
Ментордук колдоо — өсүүнүн куралы катары

БУУӨП тарабынан Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун ментордук программасы айымдар жана жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө багытталган. Бул демилге башталгыч ишкерлерге бизнес көндүмдөрүн үйрөнүүгө, туруктуу бизнес-процесстерди курууга жана жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлашууга жардам берет. Ментордук колдоонун аркасында ишкерлер жаңы деңгээлге чыгуу үчүн зарыл болгон билим жана колдоого ээ болушууда.

Программага 160 талапкердин ичинен 60 катышуучу тандалып алынып, алар менен 30 тажрыйбалуу менторлор иштешти. Өткөрүлгөн сынактын негизинде 33 бизнес-долбоорго жалпысынан 63 000 АКШ долларына гранттык колдоо көрсөтүлдү. Бул колдоо аймактардагы экономикалык өнүгүүгө жана ацымдардын бизнестеги ролун бекемдөөгө өбөлгө болууда.

Келечектеги ишкерлер үчүн шыктандыруучу мисал

Зияда Мулабаева жана «Ишкер-KG» кооперативинин тарыхы ментордук колдоонун, чечкиндүүлүктүн жана тынымсыз аракеттин жыйынтыгында чоң ийгиликтерге жетүүгө болоорун көрсөтөт. 

Зияда: «Баштоодон коркпоңуз. Кыйынчылыктар — жолдун бир бөлүгү. Эң негизгиси — максат коюп, алдыга кадам таштоо жана ар бир жетишкендикти баалоо. Колдоо издеңиз, үйрөнүңүз жана берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз», - дейт.

БУУӨПтүн программасы Зияда жана анын кооперативи үчүн чоң түрткү болду. Алардын алдыда дагы чоң максаттары бар. Бирок азыртан эле айкын нерсе — «Ишкер-KG» өз жолун ийгиликке карай улантып, башкаларды да кыялын ишке ашырууга шыктандырып жатат.

БУУӨПтүн Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган жана «JIA» Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагындагы ментордук программа айымдар жана жаштар ишкерлигин колдоого багытталган. Бул демилге катышуучуларга билим деңгээлин жогорулатып, рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүүгө жардам берип, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуп келет.