Студенттик гидден туристтик рыноктун лидерине чейин

2025-ж., 8-October

Нуралы Турганбаев туристтер менен

Сүрөт: Нуралынын өздүк архивинен

Нуралы Турганбаев менен таанышыңыз. Ал бүгүн 52 жашта, теги кооз Ат-Башыдан, Ж.Баласагын атындагы КУУнун чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүсү, үч баланын атасы. Анын туризмдеги жолу күтүүсүздөн башталган, бирок өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй тармак үчүн узак, жаркын жана абдан маанилүү болуп чыкты.

Нуралы университеттин төртүнчү курсунда алгач франциялык туристтердин тобун коштоп барган. Бул тажрыйба анын мындан аркы жолун аныктады: окуусун аяктагандан кийин ал 15 жыл гид болуп иштеп, Кыргызстандын рыногун жана конокторунун муктаждыктарын изилдеген.

2006-жылы Нуралы тажрыйба топтоп, экологиялык таза жана нукура туризмге багытталган «ЭкоНомад» компаниясын негиздеген. Бүгүнкү күндө анын портфелинде ат жана жөө саякаттар, велосипед маршруттары, тоо экспедициялары, Борбордук Азиядагы маданий жана айкалышкан программалар бар. Бүгүн биз БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун катышуучусунун дагы бир шыктандыруучу окуясын айтып бермекчибиз.

FSDS коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн Соодага көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында Кыргызстанда окуялуу туризмди өнүктүрүү демилгесине катышуу EcoNomad үчүн бурулуш учур болду.

Жаңы билимдер жана тажрыйбалар Нуралыга жана анын командасына туристтик продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, заманбап маркетинг куралдарын өздөштүрүү жана алардын интернеттеги катышуусун кеңейтүүгө, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө өнөктөштүктү бекемдөөгө, эл аралык көргөзмөлөрдө бренддин таанылышын жогорулатууга жана компаниянын туруктуу өсүшүнө негиз түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

"Долбоордун эң баалуу салымы - бул билим. Заманбап дүйнөдө сен өзүңдү дайыма жаңыртып турушуң керек, алар азыр айткандай: "Трендде бол" жана рынок кайда баратканын түшүнүү керек. Бул биздин кызматташуунун аркасында алдык. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн БУУӨПкө чоң рахмат", - деп белгилейт Нуралы Турганбаев.

Нуралы менен ЕcoNomadтын окуясы көндүмдөрдү өнүктүрүү жана заманбап инструменттерге жетүү туризмди туруктуу экономикалык секторго кантип айландыра аларынын жаркын мисалы. Бул ыкма жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөтүүгө жана Кыргызстандын уникалдуу табигый жана маданий мурастарын жайылтууга шарт түзөт.

Компаниянын тажрыйбасы 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктары менен түздөн-түз шайкеш келет: сектордун Ички Дүң Продукциясына (ИДП) кошкон салымын жогорулатуу, өлкөнүн эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана коопсуздуктун жогорку стандарттарын, өзгөчө тоолуу аймактарда камсыз кылуу.

Photograph: man on rocky shore beside turquoise lake and snow-capped mountains.

Нуралы Турганбаев

Сүрөт: Нуралынын өздүк архивинен