Санжар Абдималиков 25 жашында 6 жумуш ордун ачкан

2022-ж., 16-August

Менин атым Санжар, 25 жаштамын. 4 жыл Бишкектеги ири клининг компаниясында иштеп, ал жактан тажрыйба топтоп, эмерек тазалоочу жеке бизнесимди ачууну чечтим. Бирок бизнес иштетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш келдим. Ошондо мурунку компанияда иштеген тажрыйбам жетишсиз экенин түшүндүм. Анткени, ал жакта мен даяр кардарлар менен эле иштешкем. Өз бизнесимде баарын өзүм башташыма туура келди: кардарларды табуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, буйрутмаларды кабыл алуу керек болду.

Өтө керектүү колдоо

Бир күнү кокусунан Фейсбуктан чакан жана орто бизнести колдоо боюнча БУУӨПтүн сынагы жүрүп жатканы тууралуу жарыяны окуп калдым. Ал убакта мен буюртмаларды көбөйтүү максатында кардарларга барып кызмат көрсөтүү менен гана чектелбестен, цехте да жумушту жолго коюу үчүн ижарага бош орун алууну пландап жүргөм. Бардык талаптарды аткарып, John Gault уюштурган тренингге катыштым. Дал ошол жерден мен бизнести илгерилетүү жаатында алдыңкы эксперттерден пайдалуу билим ала алдым.

Ийгилик жылмайып, мен 70 миң сом өлчөмүндө гранттык колдоо ала алдым. Бул каражатка буюртмаларды аткаруу үчүн ротордук машина жана озон бокс сатып алдым. Ал эми 4 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү экинчи гранттын эсебинен барып буюртмаларды аткарууга керектүү центрифуга аппаратын сатып алдык.

Химиялык тазалоо кызматтарына суроо-талап өсүүдө

Биздин бизнес учурда өтө тездик менен өнүгүп жатат деп ишенимдүү айта алам. Азыркы тапта килем, эмерек, матрас, стол-стул, кафель, фасад жана пардаларды химиялык тазалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдөбүз. Бизнесибизди негизинен социалдык тармактар ​​аркылуу жарнамалайбыз. Мен дайыма  кардарларыбызга талдоо жүргүзүп турам, алар бизди кайсы байланыш каналдары аркылуу тапканын изилдейм. Барган сайын химиялык тазалоо кызматтарына суроо-талап тездик менен өсүп жатат. Биз айына 20га чейин буюртма алабыз.

Келечекке пландар

Биз 6 жумуш ордун түзө алдык жана буйрутмалардан түшкөн пайданын 50 пайызын кызматкерлерибиздин айлык акысына жумшайбыз. Келечекке чоң пландарыбыз бар жана көп иштерди аткарабыз деп ишенем!

Жаштардын, өзгөчө калктын аярлуу топторунун өкүлдөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү БУУӨПтүн приоритеттеринен болуп саналат. Санжар Абдималиковдун чакан бизнесин каржылоо бир катар башка социалдык-экономикалык демилгелердин бири сыяктуу Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана John Galt бизнес-акселаторунун консультациялык колдоосу менен БУУӨПтүн “Борбордук Азияда зомбулук экстремизминин алдын алуу үчүн коомчулуктун туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында мүмкүн болду.