Ак-Булуңду жандандыруу: Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак аймактарын коргоодо жергиликтүү коомчулуктун колдоосу

2025-ж., 25-June
Four swans wade in calm blue waters, surrounded by tall grasses and distant swan silhouettes.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги ак куулар

БУУӨП / Кыргызстан

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жергиликтүү коомчулук өлкөнүн эң баалуу жана сезгич экосистемаларынын бирине - Ак-Булуң суулуу-саздак аймагына жаңы жашоо берүүдө. Бул жер калың камыштар, шор жерлери жана чычырканак бадалдары менен белгилүү. Көптөгөн мезгилдерден бери Ак-Булуң жергиликтүү эл үчүн ыйык жер жана миңдеген келгин куштар үчүн негизги байырлачу  чекит болуп келген. Жарым аралда 50дөн ашык канаттуулардын түрү жашап, анын ичинде ак куулар, арам өрдөктөр, бүркүттөр жана сейрек кездешүүчү кызыл тумшук өрдөктөр кезигет.

A large group of black seabirds gathered on the ocean surface, creating a striking line.

Ак-Булуңда канаттуулардын 50дөн ашык түрү жашайт

БУУӨП / Кыргызстан

Бирок дүйнөдөгү көптөгөн суулуу-саздак аймактар сыяктуу эле, Ак-Булуң да улам жайылып бара жаткан коркунучтарга дуушар болду. Көзөмөлсүз туризм, уруксатсыз аңчылык жана токой өрттөрү жапайы табиятты бузуп келген. Канаттуулар жоголуп, экосистема бузулуп жаткан. Ак-Булуңдун жээгинде чоңойгон Кара-Талаа айылынын тургуну Эрмек Шабыкеев үчүн бул өзгөрүүлөр жеке трагедияга айланган. Иш-аракет кылуунун зарылдыгын сезип, ал кошуналарын, аксакалдарды, жаштарды жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн Ак-Булуңду коомдук демилге аркылуу коргоо жана кайра жандандыруу үчүн  бириктирди. 

«Мен бул жерде балалыгымды өткөрдүм, - деп эскерет Эрмек Шабыкеев. – чоң энем ак куулар жөнүндө аңгемелерди айтып берчү. Биз үчүн алар тазалыктын жана тынчтыктын кабарчылары болчу. Алардын жоголуп кеткенин көрүү, өзүбүздүн бир бөлүгүбүздү жоготкон сыяктуу сезимге алып келди».

Three swans flying over a calm lake with reeds and mountains in the background.

Ак-Булуңда токтогон канаттуулар

БУУӨП / Кыргызстан

Эрмек кошуналарын, аксакалдарды, жаштарды жана бийлик өкүлдөрүн бириктирип аймактын корголушун камсыз кылуу максатында "Ак-Булуң-Эко" коомдук фондун түзгөн. БУУӨП тарабынан ишке ашырылуучу ГЭФтин Чакан Гранттар Программасынын колдоосу менен бул жергиликтүү демилге улуттук экологиялык максаттарга - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу кирешени колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө чыдамкайлыкты күчөтүүгө ылайыкташтырылган структураланган долбоорго айланды. Коомчулук Ак-Булуңду кичи-корук катары расмий түрдө кабыл алууга уюмдаша алды.

Улуттук Илимдер Академиясынын орнитологдорунун жетекчилиги астында ыктыярчылар канаттууларга мезгилдүү мониторинг жана экосистеманын абалын баалоону башташты. Экологиялык жол калыбына келтирилип, бул аймак окуучулар жана зыяратчылар үчүн ачык асман астындагы окуу аянтчасына айланды. Көрүү платформаларын, маалымат такталарын жана чектерди орнотуу менен адамдын таасирин азайтууга мүмкүн болду. Ошол эле учурда команда мектептерди дагы камтып, жаштарды окутуп, ар кыл муундарга табиятты коргоо маданиятын өнүктүрүү үчүн маалымдоо кампанияларын өткөрдү. Жаштар маалымат алыр,  ыктыярчы болушуп,  туристтерге экскурсияларды өткөрүп жана маалымдоо кампанияларын уюштуруштууда.   

Жаштардын бири айткандай: «Эми биз бул булуңдун канаттарыбыз. Биз өзүбүздүн ким экенибизди билдирген нерселерди коргойбуз».

 

Иш-аракеттердин натыйжасында  көп өзгөрүүлөр болду. Келгин куштар кайтып келе башташты, жылдын эң көп болгон  мезгилинде булуңда 20 000ге жакын канаттуу токтоп жатат. Уруксатсыз аңчылык дээрлик жок болду. Жергиликтүү экономиканын өсүшүнөконок үйлөрдүн ачылышы жана экотуризмдин өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

«Уруксатсыз аңчылык кескин азайды. Мылтыктарга жана торлорго орун жок. Уй-бүлөлөр конок үйлөрдү ачып, экотуризмдин өнүгүүсү жергиликтүү экономиканын өсүшүнө жаны мүмкүнчүлүктөрду жаратууда.  Мурун экологиялык маселелерге алыс турган жаштар азыр ыктыярчылык кылып, туристтерге экскурсияларды өткөрүп, биоартүрдүүлүк коргоодо коомчулуктун ролу менен сыймыктанышат», - деп бөлүштү Эрмек.

 

Бул демилге түздөн-түз Кыргызстандын Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук стратегиясынын жана иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына жардам берет жана Рамсар конвенциясынын рухуна - суулуу-саздак аймактар бош талаа эмес, жашоону жана кирешени колдоочу негизги экосистемалар экенин чагылдырат. Климаттын өзгөрүшүнүн таасирин тез сезип жаткан өлкөдө Ак-Булуң сыяктуу жерлерди коргоо суу коопсуздугуна, табигый кырсыктардын коркунучтарын азайтууга жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө маанилүү салым болуп эсептелет.

Ак-Булуңдун тарыхы азыр Ысык-Көлдүн чегинен чыкты. Министрликтер, илимий мекемелер жана табиятты коргоо топтору бул тажрыйбаны эске алууда. Долбоор бүткүл өлкө боюнча коом тарабынан башкарылуучу коргоого алынган аймактар боюнча талкуулар үчүн платформа түздү жана коомдук ойду пайдалануу жана эске албоодон кам көрүүгө, жандардырууга жана сыймыктанууга өзгөрттү.

Келечекте коомчулук коргоого алынган аймакты кеңейтүүгө, илимий мониторингди тереңдетүүгө жана Ак-Булуңду экологиялык билим берүүнүн жана табигый туризмдин региондук борбору катары өнүктүрүүнү максат кылууда.

Дүйнө Зимбабведеги Рамсар КС15 үчүн чогулуп жатканда, Ак-Булуң жергиликтүү коомдор менен өнөктөштөр биригип, эмнеге жетишүүгө болоорун көрсөткөн үлгү болуп турат. ГЭФтин Чакан Гранттар программасынын жана БУУӨПтүн колдоосу аркылуу бир кичинекей айыл суулуу-саздак аймактары үчүн чоң натыйжаларга жетишет.