Өзгөндөгү айыл кантип коопсуз жана ыңгайлуу болду

2021-ж., 2-September

«Бул жерде кечинде шаардагыдай жарык. Жарыктык жакшы, гезитти окусаңыз дагы баары көрүнөт», – дейт Шоро-Башат айылынын башчысы Кочкорбай Токоев, кадимкидей эле көрүнгөн эки көчөнүн кесилишинде туруп. Бирок алардын бири – Анарбаев көчөсү – бүткүл районго белгилүү болду. Дал ушул көчөдө светодиод лампалары орнотула баштаган.

Азыр жергиликтүү тургундар үчүн кечки сейилдөөгө чыгуу оңой эле иш, бирок бир нече жыл мурун кеч киргенде Шоро-Башат жымжыртка батчу. Дээрлик 6 миң калкы бар чоң айылда жарык жок болчу.   

Мындай ыңгайсыздыктардан тышкары караңгыдан улам жол кырсыктарынын саны көбөйгөн – айыл автоунаалардын күнү-түнү бою жогорку ылдамдыкта жүргөн Бишкек-Ош трассасында жайгашкан.

«БУУӨП биздин 1,2 км Анарбаев көчөсүнө светодиод лампаларын орнотуп берди. Айылда жашоо өзгөрө түштү. Жолдо жүрүү коопсуз болуп калды, эл да муниципалитет тарабынан камкордукту сезип жатат. Андан кийин бюджетибиздин акчасына бүтүндөй айылга ушундай жарык жабдууларын орноттук. Бизди көрүп, башка коңшу айылдар да жарык алып келишти. Эми кечкисин бардык жерде жарык», – деп айылдын башчысы Токоев бөлүштү.

Светодиоддук лампаларды колдонуу бир катар артыкчылыктарга ээ: аларда зыяндуу заттар жок, тармактын чыңалуусунан коркпойт, механикалык бузулууларга жана термелүүлөргө туруктуу, толук жарык агымында тез күйгүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле төмөн чөйрө температурасында туруктуу иштейт. Мындан тышкары, долбоор айылдын инфраструктурасынын жакшыртуусуна өз салымын кошуп, жергиликтүү кеңештердин электр энергиясына кеткен чыгашаларын төмөндөттү.  

«Жарык жана ыңгайлуу болуп калды. Кардарлардын саны көбөйдү деп айта адбайм, жергиликтүү калк дүкөнгө каалаган убакытта келе берет. Бирок жарык келген соң бир далай ыңгайлуу болуп калды», - дейт дүкөндүн сатуучусу.

Көчөлөргө сапаттуу жарык берүү маселеси, биринчиден, көчөлөрдө жүргөн адамдардын коопсуздугу үчүн маанилүү. Караңгыда кырсыкка кабылуу же жөн эле мүдүрүлүү, тайып кетүү жана катуу жыгылуу коркунучу бир кыйла жогорулайт.  Дал ошол себептен, туура түзүлүп, ишке ашырылган көчө жарыктандыруу – ар бир калктуу конуш үчүн негизги милдеттердин бири.

Көчөлөрдү жарыктандыруу жок дегенде ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү жогорулатат. Жарык көчөлөрдөгү коопсуздукту адамдардын үйүнө аман-эсен жөө баруусунан көрүүгө болот.

«Эми балдар кечкиге чейин ойной алышат, аксакалдар намазга жарык көчөлөр менен барышат. Аксакалдар кечки намазга баратканда жарыкты жандырып, эртең мененки намаздан кайтканда жарыкты өчүрүп кетишет», - деп белгилейт Шоро-Башат айылынын башчысы Кочкорбай Токоев.