Мээргүлдүн конок үйү

2021-ж., 14-August

Meergul Karakozieva during the renovation of her guest house. Photo: UNDP

Ишкер-аялдар – бул ар дайым үлгү жана демилге.  Биздин каарман БУУӨПтүн долбоорлорунун бирине катышып, былтыр жеке конок үйүн ачкан Мээргүл Каракозиева дал ошондой.  Анын ийгилиги, биринчи кезекте, өз ишине берилгендиги жана чыныгы кызыгуусу, ошондой эле өзүн ар дайым   өнүктүрүүсү менен аныкталат. Мээргүл кыргыз, орус, англис, тилдеринде  жаңсоо тили аркылуу мыкты баарлашат.  Ал өзү айткандай, бизнес – бул жөн гана акча табуунун жолу эмес – бул анын өмүрлүк иши.

Мээргүлдүн конок үйү - «Конок центр» - Ош шаарынын так борборунда жайгашкан жана заманбап отелдин бардык ыңгайлуу шарттарына ээ.  Конокторго бар, бакча жана бүтүндөй аймагы боюнча акысыз  Wi-Fi, күнү-түнү иштеген унаа токтотуу жери, күнү-түнү иштеген катталуу жери, номерге тамак-аш, суусундук  жеткирүү жана акча алмаштыруу жеткиликтүү.   

«Биздин конок үйдүн бардык номерлери конок зонасына ээ. Күнүгө эртең менен биз конокторубуз үчүн континенталдык эртен мененки тамак даярдайбыз. Биз меймандарыбыздын жатуусун максималдуу ыңгайлуу кылууга аракет кылабыз, жолдон чарчап келген конок эс алууну каалоосун эске алып, бөлмөдөгү пардаларды да күндүзгү жарыкты өткөрбөгөндөй кылып, тандап такканбыз. Номерлерди бизде онлайн издөө сайттары же телефон аркылуу тапшырыкка алса болот. БУУӨПтүн долбооруна катышкан учурда, ар кандай тренингдердин жана консультациялардын жардамы менен азыр мен конок үйүмдүн тиричилик ишин уюштургандан тышкары, дүйнө жүзүндө колдонгон издөө сайттарында маалыматты сапаттуу жайгаштыра алам.   Менин оюмча, мунун жардамы менен биз жакшы таанымал болуудабыз, анткени, туристтер, негизинен чет элдик, мейманканаларды онлайн брондошот» - дейт Мээргүл.

Жаш ишкер-аял айткандай, бул ишке ал оңой эмес турмушунан улам келди.   Мээргүл 23 жылдан ашык убакыттан бери укпайт. 12 жашында эле анын кулагы укпай калган. Биздин өлкөдө, майыптуулугу бар адамга, билдими бар болсо дагы жумуш табуу оңой эмес. Бирок, бул жагдайга кыздын күчу тайган жок. Бир нече жыл мурун Мээргүл өз ишин баштоого аракет кылып, азык-түлүк дүкөнүн ачууну чечкен. Бирок, иш жылган жок. Түшкөн акча, киреше алып келбестен, дүкөндү камсыздоого жетчү эмес.

«Бир аз убакыттан кийин, мен башка чөйрөдө аракет кылууну чечтим, жана жеке конок үйүм жөнүндө ойлоно баштадым.   Мейманкана бизнесинде менин тажрыйбам деле болгон эмес, бирок меймандостукка жана жылуулукка толгон чакан конок үйүн негиздөө кыялым бар болчу. Адегенде, албетте, оңой болгон жок, бирок мен өзүмдү колго алып, алдыга койгон максатка жетүү керек деп өзүмө кайталап аттым.  Мен ар кандай окуу жана финансылык ресурстарды издей баштадым. Ошентип, мен БУУӨП долбоору тууралуу билдим, андан ары бардыгы биринин артынан бири уланып кетти...  » - деп түшүндүрдү.

Мээргүл демилегелери грант алуу үчүн БУУӨПтүн бизнес-долбоорлорунун конкурсундагы тандоо комиссиясы тарабынан жактырылган 18 катышуучунун бири болду.    Мээргүлдүн грантынын суммасы 1 077 516 сомду түздү. Тандоодон өткөн катышуучулар үчүн ушул жылы февралда Бишкекте жана Ошто «John-Galt» бизнес-акселератордун жана «Ололо» компанияларынын тобунун  тең негиздөөчүсү Данияр Аманалиедин бизнести өнүктүрүү боюнча  эки күндүк  тренингдери өткөрүлдү. Долбоорлорго инвестициялоодон алынган кирешелер, револьвердик фонддун принциби боюнча жаңы долбоорлорго кайра инвестициялоо үчүн колдонулат.

«Бир нече айдын ичинде ар бирибиз долбоордун алкагында бизге бекитилген менторлордон колдоо   алып турдук. Алар бизге бизнести жүргүзүүнүн  негиздеринен баштап, аны алдыга жылдырууга чейин көп нерселерди үйрөтүштү. Конок борборунун аталышын да биз менин меторум менен бирге, угулушу жакшы болуп, кыргыз тилин билбегендер да эстеп калгандай кылып,  тандап алганбыз» - деп күлдү Мээргүл.  

Мээргүл Women in Business программасынын алкагында EBRD консультантынын кызматтарын алат. Азыркы учурда алдынкы эксперттердин бири болуп саналган Бактыгуль Мидинова жана бишкектик сүрөтчүлөр менен бирге арт-отелдин концепциясын иштеп чыгуу жүрүп жатат. Конок үйү Ош шаарында алгачкы уникалдуу арт-отел болот.   

Мээргүлдү угуп жатып, анын максаттары көп экенин түшүнөсүң. Анын айтымында, ийгилик дароо келе бербейт, кичинеден бирок, ишенимдүү кадамдар менен баштоо зарыл. Аны ийгилик коштоду деп айта берсе болот, бирок, жашоо, анын кадырын билип, өзүнө ишенгендерге гана мүмкүнчүлүк берет.    

«Менин конок үйүм, бүгүнкү күндө, талап кылынган жана сүйүктүү болгонуна, мен абдан ыраазымын. Бул мен үчүн жөн гана бизнес же акча табуу эмес – бул менин эмгегим. Мен коноктор жана туристтер  жетишсиз болбойт деп ишенем.  Мен элдерге Кыргызстан менен Ошту дагы да жагымдуу жагынан көрсөтө алган жаңы байланышкан бизнестердин түрлөрүн ачуу, бизнесимди кеңейтүү тууралуу ойлонуп жатам. Мен  биздин шаарга келген конок, көбүрөөк убакытка калууга умтулуса деп каалайм. Өз эмгегим менен мен биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө чакан салымымды кошом деп ишенем», - дейт ал.

Жаштардын, өзгөчө аярлуу топтордун ичинде  экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү БУУӨП үчүн приоритеттүү болуп саналат. Мээргүлдүн конок үйүн каржылоо Япониянын өкмөтүнүн финансылык колдоосу жана «John-Galt» бизнес-акселератордун консультациялык колдоосу менен ишке ашырылган “Борбордук Азияда зомбулук экстремизмге жол бербөө үчүн регионалдык кызматташуну жана коомдун туруктуулугун күчөтүү” БУУӨПтүн долбоорунун алкагында жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон социалдык-экономикалык демилгелердин катарынан болуп саналат.   Конок үйү, көрсөтүлгөн кызматтары жана брондоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалыматты ушул жерден  таба аласыз.