КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БУУӨПтүн ЖАШТАР МЕНЕН АТКАРГАН ОЛУТТУУ ИШТЕРИ

2023-ж., 11-August

Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баалабай коюууга болбойт. Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү 25 жашка чейинкилер болгондуктан, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) жаштардын позитивдүү өзгөрүүлөргө жана туруктуу өнүгүүгө алып келүүчү эбегейсиз зор потенциалын өзгөчө баалайт.

Бул блогдо, биз, жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү жетишкендиктерге көңүл буруп, жаштардын улуттук, эл аралык деңгээлде өкүлдөрүнүн көбүрөөк болушуна жана катышууга аракет жасоого чакыруу менен БУУӨП тарабынан жасалып жаткан шыктандыруучу иштерге токтолобуз, алар:

Көндүмдөрдү өнүктүрүү демилгелери аркылуу жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

БУУӨП жаш адамдардын потенциалын ачууга жардам берген өзара байланышкан ар кандай көрунуштөргө өзгөчө көңүл буруу менен жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө комплекстүү мамиле жасады. Негизги стратегиялардын бири  - санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү демилгелери. Эмгек рыногундагы жаны технологиянын өсүп келе жаткан маанисин түшүнүү менен БУУӨП жаш уландарды жана кыздарды тиешелүү компетенциялар менен камсыз кылган билим берүү программаларын колдоду. Кесипке окутуу, ишкердикти өнүктүрүү жана санариптик сабаттуулук боюнча демилгелер жаштардын санариптик технологиялык доордогу атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатты, өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.

Бишкек жана Ош шаарларындагы университеттер менен бирге жана Россия Федерациясы тарабынан колдоо корсотулгон Ош шаарындагы алгачкы IT хабдын түзүлүшү жана жүздөгөн онлайн окутуу модулдары өлкөдөгү санариптик билим берүү инфраструктурасын андан ары жакшыртууга чон өбөлгө түздү. Азыркы учурда, хабдар  жаштарды жана студенттерди креативдуу санарип кесиптерине окутуу учун платформа катары кызмат кылууда. Ошондой эле, алар Кыргызстандын жалпы улуттук санарип трансформациясынын өнүгушүнө салым кошот  жана тез өзгөрүп жаткан технологиялык эмгек рыногунун талаптарына жооп берет.  

Ош IT хабы өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору болуп эсептелет. Санариптик көндүмдөр тармагында жаңы билим берүү стандарттарын колдонот. Бул билим берүү системасын бекемдейт жана жаштарды тез өзгөрүп жаткан дүйнө технологиясына жакшыраак даярдайт, креативдуу экономиканын өнүгүшүнө салым кошот. IT-хабдын ишмердүүлүгү 2017-жылы өкмөт тарабынан ачык-айкын жана креативдуу экономиканы түзүү, жашоо деңгээлди жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу учун ишке киргизилген «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасын ишке ашырууну шарттайт.

Гендердик теңчиликке, аялдардын укуктарын жана мумкунчулукторун кеңейтүүгө көмөктөшүү

БУУӨП социалдык тоскоолдуктарды жоюу жана жаш аялдарга насаатчылык мүмкүнчүлүктөрүн берүү аркылуу гендердик теңчиликти, аялдардын укуктарын жана мумкунчулуктөрун кеңейтүүнү жигердүү илгерилетүүдө. Бул аларга өз кыялдарын жана амбицияларын коркпостон ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Аялдарды технологияны үйрөнүүгө жана ишкердүүлүк менен алектенуугө үндөгөн чөйрөнү түзүү менен БУУӨП санариптик ажырымды кыскартууга жана жаш аялдардын көмускө таланттарын толук ачууга салым кошот.

Мисалы, «Санарип Айымдар» программасы 150 кызга жана жаш келиндерге маалыDigital Aiymdar project participantsматтык жана санариптик технологиялар, анын ичинде лидерлик, ишкердик жана компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди.

Жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу

Жаштардын саясатты иштеп чыгуу жана башкаруу процесстерине катышуусу БУУӨПтун негизги аракеттеринин бири болуп саналат. Оздөрүнүн жашоосуна таасир этүүчү саясатты калыптандыруудагы жаш үндөрдүн баалуулугун түшүнүү менен БУУӨП Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө 11 Жаштар борборун түздү жана алардын ишмердуулугун уюштурду. Жакынкы эки жылда өлкө боюнча дагы жаны 11 Жаштар борборун ачуу аракетте. Борборлордун иш аракети жаштардын жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык, маданий-агартуу, билим беруу жана коомдук-саясий турмушунун түрдүү аспектилерине активдүү катышуусуна багытталган. Бул борборлордо 4000ден ашуун жаштар ишкердик маселелери боюнча, жаштар саясаты, жергиликтүү өнүгүү, бийлик органдары менен өнөктөш болуу жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча практикалык окуулардан өтүштү. Ошондой эле жаштардын иш пландарын иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу учун 2018-2020-жылдар аралыгында жергиликтүү бюджеттерден 188 миң АКШ долларын мобилизациялоого жетишти. Мындан тышкары, БУУӨП жарандык билим берүүгө жана биринчи жолу шайлоого катыша турган шайлоочулардын активдүү катышуусун жогорулатууга көмөктөштү.

 

Young people are discussing ideas in a event

Татыктуу иш менен камсыз кылуу үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кенейтуу

Жаштар арасындагы жумушсуздук менен күрөшүу, татыктуу жумуш орундарын түзүү үчүн ишкердикти өнүктүрүү максатында БУУӨП жергиликтүү өнөктөштөр менен тыгыз кызматташты. Жаш ишкерлердин каржылоо, бизнес-инкубация жана рынок программаларына  катышууга мумкунчулукторун кеңейтүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүлдү. Алардын ийгиликтүү жана гүлдөгөн бизнестерди уюштуруусу учун негиз түзүлду. БУУӨП акыркы жылдары жалпы бюджети 18 миллион сомго жакын 113төн ашык жаштардын бизнес долбоорлоруна колдоо көрсөттү.

БУУӨП Кыргыз Республикасындагы креативдүү тармактарда олуттуу орунду ээлейт. Тынчтыкты куруу портфелинде креативдуу тармактарды колдоо үч багытта ишке ашырылат: таланттуу адамдар, коомдун толеранттуулугу, технологиялардын өнүгүшү жана жеткиликтүүлүгү. Бул багыттар социалдык биримдик жана коомдогу толеранттуулук, таланттуу жаштарга дем беруу, жергиликтүү тынчтык инфраструктурасын тузуу, жаштарды, чыгармачылык борборлорду тартуу менен байланышат.

2023-жылы 1500дөн ашык респондентти камтыган креативдYoung entrepreneur with new equipment, he received as a grantүү тармактарды комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде БУУӨП жаштар үчүн креативдуу тармактар ​​боюнча билим берүү контентин түзүү боюнча негизги сунуштарды иштеп чыкты. Буга жаштардын креативдүү экономикада өсүүсү үчүн керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган онлайн курстары кирет. Сурамжылоого ылайык, жаштар чыгармачыл жамааттарды, мейкиндиктерди жана мыйзамдык базаларды өнүктүрүугө муктаж. Ушуга байланыштуу креативдуу тармактарда иштеген практикасы бар жамааттарды колдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мисалы, Ош шаарында өткөн “Create4” креативдуу индустриасынын биринчи ири фестивалы, “ШААР РИТМИ” фестивалы креативдуу тармактардагы жамааттардын өкүлдөрүнүн биригуусу жана баарлашуусу учун аянтчаларды түзүүсүнүн ачык мисалы болуп саналат.

.

Local UN climate change conference of youth – <a href="https://www.lcoy.earth/" target="_blank" rel="noopener noreferrer">LCOY</a> participants

Аракетке чакыруу: жаштарды эл аралык денгээлде чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуу

Биз  жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана тартуу боюнча БУУӨПтун олуттуу жетишкендиктерин жана талыкпаган аракеттерин белгилеп жаткан учурда, бул күч-аракеттерди БУУнун жана БУУӨПтун глобалдык жаштар күн тартибине шайкеш келтирүү маанилүү. БУУнун «Жаштар 2030» стратегиясы жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн күчтүү прецедентти түзөт. Жаштарды чечимдерди кабыл алуу процессине жигердүү тартуу, укуктарын коргоо жана алар учун билимге жана татыктуу жашоого жеткиликтүүлүкту кеейтуунун зарылдыгын баса белгилейт. 

Бул глобалдык көрүнүшкө таянуу менен, БУУӨПтун иши санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, гендердик теңчиликти алга жылдыруу, жаштардын саясий турмушка катышуусуна көмөк көрсөтүү жана туруктуу жашоо каражаттарын алуу учун жаштарды колдоонун өзгөрүүчү таасиринин мисалы боло алат. Биздин аракеттенууго болгон чакырыгыбыз ачык: келгиле, жаштардын потенциалына улуттук деңгээлде гана эмес, эл аралык аренада дагы инвестиция кылууну уланталы. Жаштардын үнүн күчөтүү жана алардын өкүлчүлүгүн ар кандай түзүмдөрдө жана БУУнун агенттиктеринде камсыз кылуу менен, биз келечек муундар үчүн инклюзивдуу жана туруктуу дүйнөнү түзө алабыз. Келгиле, баарыбыз үчүн бакубат жана адилет коомду курууда жаштар маанилүү роль ойногон жаркын келечекке бирге умтулалы.

Биз алдыга карай кадам шилтеп жатканыбызда, келгиле, аракетке чакырган чакырыктарга кулак салып, жаштардын улуттук деңгээлде гана эмес, эл аралык чечимдерди кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун колдоону уланталы. Ушундай жол менен, биз жаштардын чыныгы потенциалын ача алабыз, келечек муундар үчүн туруктуу жана гүлдөп өнүккөн дүйнөнү түзүү үчүн биргелешип иштей алабыз. Биз биргеликте баары учун жаркын келечекти түзө алабыз.