Эңсеген кыялга карай

2022-ж., 23-August
Meergul Karakozueva at her Art Hotel

 

Биз социалдык биримдик, тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн жаштарды жана ишкердикти колдоо боюнча программаларыбыздын катышуучуларынын окуялары менен бөлүшүүнү улантып жатканыбызга кубанычтабыз. Мээргүл Каракозуеванын окуясы ишкердиктин, жашоого болгон сүйүүнүн жана максатка умтулуунун айкалышы.

Баары кантип башталды

Бардык адамдардын өзгөчө жана башкаларга окшош эмес өз кыялдары болот эмеспи. Айрым адамдардын кыялдары өзгөрүп турса, дагы бирлериники түбөлүккө калат. Мен дүйнөнүн абройлуу жогорку окуу жайларынан билим алууну кыялданчумун, жакшы окудум, англис тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурдум. Бирок, тилекке каршы 12 жашымда менингит менен ооруп калдым, анын кесепетинен кийинчерээк укпай калдым. Бирок бул жагдай менин алдыга умтулуума тоскоол болгон жок. Мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин “Бизнес жана менеджмент” факультетине тапшырып, “Ишкананы башкаруу” адистигине ээ болдум.

Мен өзүмдүн жеке бизнесимди ачкым келип, көпкө чейин өзүмө ылайыктуу ишкердик чөйрөсүн издеп жүрдүм. 2014-жыл болчу, бир күнү мен интернеттен коуч серфинг коому тууралуу билип калып, анын катарына кошулдум. Мага хостел системасынын концепциясын түшүнүүгө жардам берген алгачкы коногума ыраазымын. Алгач мен шаардын борборуна хостел ачтым. Хостелдин потенциалы – 22 керебет жайгашкан 6 бөлмө, ар бир орундун баасы 300-500 сомдон. Хостелден тышкары мен шарттары жакшы, тейлөөсү мыкты кичи-отель да ачууну пландап, бирок көпкө чейин ага ылайыктуу жай таппай жүрдүм. 2020-жылдын июнь айында шаардын борборунда жайгашкан имарат бошоп калды. Имараттын ээси менен 2027-жылга чейин узак мөөнөткө ижарага алуу тууралуу келишим түзүүгө жетиштим. Ижара акысы айына 50 миң сом. БУУӨПтүн гранттык каражаттарынын жардамы жана өзүм топтогон каражат менен имаратты реконструкция кылып, 2021-жылдын январь айынан тарта кичи-отель иштей баштады. COVID-19дун кесепеттери коноктордун санына терс таасирин тийгизет деген кооптонууларга карабастан, кичи-отелдин кызматтары акырындык менен суроо-талапка ээ болду.

Көрсөтүлгөн колдоо аркылуу өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыктым

БУУӨП көрсөткөн алгачкы каржылык колдоо каражаты хостел үчүн столдорду жана төшөк орундарды (шейшеп, матрас жана жууркандар) сатып алууга жумшалды.

Ал эми экинчи раунддагы грантка кичи-отелди ишке киргиздик. Бөлмөлөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, сантехника буюмдары, матрастар, эшиктер, кулпулар, электр буюмдары, ванна аксессуарлары, чач кургаткычтар, калың пардалар алынды. Бул эми хостел эмес, мини-отель эле.

Үчүнчү раундда гранттын бир бөлүгүн душ кабиналарын, керебет жана тумбаларды сатып алууга жумшадык. Ал эми гранттын экинчи бөлүгү фасадды жасалгалоого картиналарды сатып алууга жумшалды.

Гранттар нак акча катары берилген жок, менин арызыма ылайык курулуш материалдарын, инвентарларды жана башка материалдарды алдык.

БУУӨПтүн колдоосунун арты менен мен өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыктым, алда канча ишенимдүү жана бекем болуп калдым. Мен жашоодогу эң маанилүү сабактардын бири – сапат үчүн иштөөнү үйрөндүм. Бүгүнкү күндө 10 жумуш ордун түзүүгө жетиштим, анын бешөөсү жаштар өкүлдөрү, 3 аял горничная, 1 эркек ашпозчу жана мен.

Улуттук колоритте жасалгалоону пландап жатам

Грант алганга чейин айланууда болгон жана гранттык жардам алгандан кийин салынган айлануудагы каражаттар мага туруктуу иштөөгө жардам берип келе жатат. Түшкөн кирешени бизнести өнүктүрүүгө жумшаганга аракет кылуудамын. Туристтер элементтерин каалашынча изилдеп, эстеликке сүрөткө түшүүсү үчүн боз үйдү кыргыздын улуттук жасалгасы менен кооздоп, ичине аялдардын жана эркектердин улуттук кийимдерин илип коюуну пландап жатам. Ошондой эле улуттук ашкананы жайылтууну, туристтердин каалоосу боюнча улуттук тамактарды алардын көз алдында жасалышын көрсөтүүнү пландоодомун.

Дагы чоң ийгиликке жетериме ишенем

Угуум начар экендигине карабай мени мейманкана бизнесинде ийгиликке жетишкен адам деп спикер катары көп чакырышат. Ошондой эле мага телефон чалып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары менен ата-энелер келип, балдары менен баарлашып, аларга үмүт жандыруу үчүн ийгиликке кантип жеткенимди айтып берүүмдү көп суранышат. Мындан сырткары мен ишкерлер менен стартаперлерге кеңеш берем. Алар менин ички күчтөрдү жана ресурстарды мобилизациялоо жана күчөтүү аркылуу алган тажрыйбама кызыгышат.

Азыр менин эңсеген кыялым – жер сатып алуу жана ал жерге мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да ылайыктуу кылып долбоорлонгон бардык ыңгайлуулуктары жана жайлуу бөлмөлөрү бар инклюзивдүү мейманкана ачуу. Ийгиликке жетериме ишенем жана бул үчүн болгон күчүмдү жумшайм.

Мээргүл Каракозуеванын мейманкана бизнесин каржылоо бир катар башка социалдык-экономикалык демилгелердин бири сыяктуу Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана John Galt бизнес-акселаторунун консультациялык колдоосу менен БУУӨПтүн “Борбордук Азияда зомбулук экстремизминин алдын алуу үчүн коомчулуктун туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында мүмкүн болду.