«Менин неберелерим бул ишти улантып, биздин конок тосуу салттарыбызды сактап калсын деп кыялданамын» - Арстанбаптан алыскы баяндоо
«Эң негизгиси — биздин айыл кандай өзгөрүп жатканын, маданиятка жана табиятка болгон кызыгуунун кантип өсүп жатканын көрүү»
2025-ж., 17-February

Арстанбаптын атактуу жаңгачак токоюнун көлөкөсүндө таң калаарлык адам жашайт – Хуснидин, анын окуясы көптөгөн жаңы ишкердике аттанып жаткан туризм тармагындагы адамдарга түрткү берет. Анын ишкердик жолу 2008-жылы, бул аймакка келген туристтерге сувенирлер сатуу менен башталган. Ал кезде бул аймакка келген саякатчылар жылына 1000 адамдан ашчу эмес.
«Мен ар дайым биздин Арстанбап уникалдуу экенин билчүмүн. Ушундай жангак токоюн жана тоолуу пейзаждарды бул жерден башка кайдан табаласын? Бул сулуулукту адамдарга көрсөткүм келчү, бирок болгону сувенирлер менен эле чектелүү болчумун», – деп эскерет Хуснидин.
2014-жылы Хуснидин ал кезде кесипкой гид болуп, туристтерди тоолуу жолдор менен алып жүрчү. «Ар бир экскурсия – бул жаңы тарых, жаңы таанышуулар. Туристтер көп учурда менден, кайда токтоп, жергиликтүү маданият менен жакындан таанышса болот деп сурашчу», – дейт ал.
Бул суроо-талап аны маанилүү бир чечимге түрткү болду – 2018-жылы ал «Достук» деп аталган конок үйүн ачты. Аты бекеринен эмес – бул жерде ар бир конок доско айланат.

БУУӨПтүн колдоосу менен конок үйүнүн кызматтарынын сапаты кыйла жогорулатылып, кызмат корсотуунун ар бир этабында кошумча баа жогорулатууга мүмкүнчулук берди. «Соодага комок корсотуу» долбоорунун алкагында күн энергиясы менен иштеген энергонатыйжалуу кун панели орнотулуп, ишенимдүү альтернативалуу электр энергиясын камсыздоо системасы түзүлдү, туруктуу интернетке жеткиликтүүлүк камсыздалды жана заманбап жылытуу системасы орнотулду. Бул жакшыртуулар туристтердин ыңгайлуулук деңгээлин жакшыртууга, алардын санын көбөйтүүгө жана натыйжада конок үйүнүн кирешесин 30% га көбөйтүүгө шарт түздү. Инфраструктуранын жакшыртылышы ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын түрүн кеңейтүүгө жардам берди: эми конокторго кир жуугуч, кейтеринг жана экскурсия уюштуруу кызматтары жеткиликтүү. Мындан тышкары, 5 жаңы жумуш орду түзүлүп, кызматкерлердин жалпы саны 10 адамга жетти.
БУУӨПтүн тренингдери аркылуу – кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык кызмат көрсөтүү стандарттарын киргизүү менен, конок үйү эми көбүрөөк төлөөгө жөндөмдүү кардарларды, анын ичинде чет элдик туристтерди тартууга жетишти, бул болсо бир коноктон орточо кирешени 40% га жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.
Хуснидиндин өзгөчө сыймыгы – анын үй-бүлөсү. Жубайы, эки уулу жана кызы – үй-бүлөнүн бардык он бир мүчөсү үй-бүлөлүк ишке өз салымдарын кошушат. «Менин балдарым кичинекей кезинен эле конок тосууга, табиятка жана салттарга урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Алар үчүн бул жөн гана бизнес эмес, жашоонун бир жолу», – деп бөлүшөт ал.
Белгилеп кетчу нерсе, 2010-жылдан баштап Хуснидиндин үй-бүлөсү Арстанбаптын табиятын сактоодо активдүү катышып келет. Алар жыл сайын субботниктерди уюштуруп, туристтерди табиятка аяр мамиле жасоону үйрөтүшөт. Соңку үч жылдын ичинде алардын катышуусунда 100дөн ашуун жаңгак өстүрүлүп, бир нече чакырымдык туристтик жолдор тазаланган.
«Биздин ийгилигибиз сан менен гана чектелбейт. Эң негизгиси – биздин айыл кандай өзгөрүп жатканын, маданиятыбызга жана табиятыбызга болгон кызыгуу кандай өсүп жатканын көрүү.
Анын басып өткөн жолу, мекенине болгон сүйүүсу, эмгекчилдиги жана дайыма өнүгүүгө умтулуу жондомдулугу кичинекей кыялды ийгиликтүү үй-бүлөлүк ишке айлантууга, бул гана эмес үй-бүлөсүн камсыздап, бүтүндөй аймактын өнүгүшүнө салым кошо турганын көрсөтүп турат.
