"Мага Орусиядан да чоң заказдар келе баштады, ошондуктан цех ачтым. Бул менин карьерамдагы маанилүү кадам болду"

2023-ж., 20-December

 

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты. Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат. Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз. 

*** 

32 жаштагы Элгиза төрт баланын энеси жана жаш ишкер. Ал Кыргызстандагы көптөгөн аялдардай эле окуусун аяктагандан кийин эле турмушка чыккан. Ал эми бүт убактысын үй-бүлө очогуна жана балдарды тарбиялоого арнады. Бирок Элгиза өзүнүн сүйүктүү иштеринен – тигүү, сайма сайуу, сүрөт тартууну калтырган эмес.

"Ийне жана жип менен өткөргөн убакыт мен үчүн ыгармачылык идеяларды ишке ашыруу үчүн өзгөчө дүйнөгө айланды."

Элгиза ар дайым өнүгүүнү каалап, хоббисин кантип кирешелүү кылууну ойлогон. Дарыгерлер үчүнчү кызына атопиялык дерматит деген диагноз койгондон кийин ал өз максатын ишке ашыруу үчүн дагы да мотивация алды.

«Атопиялык дерматит – бул кургактык, кычышуу жана сезгенүү менен коштолгон өнөкөт тери оорусу. Биз кызыбыздын ден соолугуна абдан тынчсызданып, көптөгөн дарыгерлерге кайрылдык. Дарыгерлер синтетикалык кийимдерди колдонуудан баш тартууга кеңеш берип, 100% кебезден жасалган материалдарды гана кийүүнү сунушташты. Синтетикалык кездемелерди колдонуу теринин абалына терс таасирин тийгизип, ооруну күчөтөөрүн эскертишти. Ушуга байланыштуу мен ылайыктуу кездеме издей баштадым жана муслин атопиялык дерматит менен ооруган адамдар үчүн идеалдуу материал экенин байкадым».

Элгизанын үй-бүлөсү үчүн муслинден жасалган кийимдер өтө кымбат болуп, балдарына мындай кийимдерди өзү тигип берүүнү чечкен. Анын тиккен кийимдерин көргөн тааныштары кайдан сатып алса болот деген суроолорду берип, көп өтпөй Элгизага жекече тигүү боюнча алгачкы буйрутмалар келип баштаган. Бирок Элгиза өзүнүн чакан бизнесин кеңейтүү керектигин түшүндү, анткени, бул материалдан тигилген кийимдерге суроо-талап чоң болчу. Жана ал өз продукциясын интернет аркылуу сатууну чечти.  Бул үчүн Элгиза сапаттуу сүрөттөрдү жана видеолорду тартуу, санариптик маркетинг көндүмдөрүн өздөштүрүүсү керек болчу.  Ал курстарды төлөөгө үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү жок эле. Дал ошол маалда ал БУУӨПтүн баракчасынан "Санарип Айымдар" долбоорунун башталганы тууралуу жарыяны байкап калып, мобилография курсун тандап, анкета толтурду. Алган билимдин жана көндүмдөрдүн жардамы менен Элгиза өзүнүн продукциясынын фото жана видеолорун жаратып, социалдык тармактарда жарнамалап баштаган

«Мага чоң заказдар келе баштады, анын ичинде Орусиядан, Москвадан, ошондуктан мен ишкердик карьерамдагы кезектеги маанилүү кадамды жасадым – өзүмдүн кийимдеримди жасап, бүт процессти башкара алчу жеке цехимди ачтым. Ушундай жыйынтыкка жеткениме абдан сыймыктанам. Кандай кырдаал болбосун тажрыйба жана сабак алып, талыкпай эмгектенип, ийгиликке умтулуу керектигин түшүндүм”.

 

 

Санарип Айымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу
менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.