Киров айылындагы алгачкы кинотеатрдын таржымалы

2021-ж., 28-October

Киров айылынан жаш ишкер Арзымат Алмазбеков.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП өкүлчүлүгүнун каржылык колдоосу менен Талас районунун Кировка айылында биринчи жана жалгыз кинотеатр ачылды. Азыркы учурда айылдагы бирден-бир бул кинотеатр жергиликтүу жаштар үчүн эс алуучу жайга айланды, андан тышкары бул жерде кызмат көрсөтүүчүлөргө да жаман эмес киреше алып келүүдө.

БУУӨП жүзөгө ашырып жаткан долбоорлордун алкагында региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо жана COVID-19дун экономикалык кесепеттерине жооп кайтаруу максатында Кыргызстандын аймактарында иш жүргүзүшкөн жаш ишкерлерге сынактын негизинде гранттарды берип жатат. Киров айылынан жаш ишкер Арзымат Алмазбеков алгачкылардан болуп грант алып, өзүнүн айылында кинотеатр ачууга жетишти.

«Биз өткөн жылы кинотеатрды иштебей турган маданият үйүнүн имаратында ачтык. Жергиликтүү бийликтин ураксаты менен 33 орундук чакан залды оңдоп-түзөп алып, күн сайын сеанс өткөрүп жатабыз, - дейт ал, - Көрүүчүлөрдүн талабы боюнча кыргызча көркөм тасмаларды гана коюудабыз. Бишкек жана Талас шаарларындагы кинттеатрлар менен келишим түзгөнбүз. Натыйжада борбордо көрсөтүлүп жаткан жаңы көркөм тасмаларды өзүбүздүн айылдаштарга да тартуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми аларга кино көрүү үчүн акча жана убакыт коротуп шаарга баруунун зарылдыгы жок. Анын үстүнө кино көрүү акысы бизде бир топ төмөн, эгерде Бишкек шаарында киного белеттин баасы 150 -170 сомду түзсө, бизде бир сеанс 120 сом турат”.

Жаш ишкер өзүнүн өнөктөштөрү менен биргелешип попкорн (куурулган жүгөрү данын) даярдоочу аппарат сатып алды. Эми баары шаардык кинотеатрдагыдай: кино көрүүчүлөр  өздөрүнө кофе, муздак суусундуктарды жана жеңил даамдарды сатып алууга шарттар түзүлдү. Бир челекчедеги попкорн Бишкекте 150 сом турса, бул жерде – 50 сом. Арзымат белгилегендей, эс алуу жайы жергиликтүү контекске жеткиликтүу болушуна аракет жасашты.

«Айыл жеринде  кинотеатр ачуу менен ишкер чоң тобокелдикке барууга аргасыз болот. Бирок, БУУӨП долбоорунун алкагында грант алуу чакан жана орто бизнес боюнча атайын уюштурулган тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк берет. Аларды ишкердүүлүк сабаттуулукка окутуп-үйрөтүшөт, жаш ишкерлер бизнести реалдуу  көрө билүүсү, ар кандай кырдаалдарга даяр болушу жана татыктуу киреше алуусу үчүн алар менен менторлор иштешет. Долбоордун катышуучуларынын арасында кайсыл-бир ишкердүүлүк, айталы соода,  боюнча тажрыйбасы барлар да болушу мүмкүн, бирок алар  бизнес боюнча формалдуу эмес окутуудан да дайыма эле өтүшкөн эмес”, - дейт долбоордун координатору Артур Букалаев.

БУУӨП жалпысынан жаш ишкерлерге  170 миң сомдук гранттык колдоо көрсөттү, бул гранттык каражатты алар кинопроектор, попкорнду даярдоочу аппаратты жана атайын колонколарды сатып алууга жумшашты. Залды кинозалга ылайыкташтыруу жана оңдоп-түзөөгө жана эмеректер менен жабдууга жаш ишкерлер жеке салымдарын кошушту.

«Албетте, жумшалган каражат дароо эле акталбай калышына даяр элек. Кинотеатр ачылгандан кийин алгачкы айлары көрүүчүлөр көп келишти, ал тургай коңшу айылдан да келишкендер болду. Жакшы эле пайда таап жаттык. Бирок,  кийинчерээк пандемияга байланыштуу чектөөлөр киргизилгенде кинотеатрды убактылуу жабууга аргасыз болдук. Кайра ачканыбызда көрүүчүлөрдүн саны кескин азайды, анткени пандемиянын кесепетинен  улам адамдардын кирешеси төмөндөдү. Бирок, баары аз-аздан калыбына келип жатат.  Биздин кинотеатр жакын арадагы айылдар боюнча  бирөө эле жана атаандаштыкты сезе элекпиз. Жарнамалоого да каражат короткон жокпуз. Кардалдарыбыз өздөрү маалымат жайылтышып, тааныштарын ээрчитип келип жатышат”, - деп жылмайды Азамат. – Жалпысынан биз азыр киносеанстарга элдин: балдардын, жаштардын, чоң адамдардын  көп келишине канааттанабыз. Кинотеатр эрте менен саат 9дан кечки 12ге чейин иштеп, жакшы киреше берип жатат. Баарынан да жаштар киного көбүрөөк каалоо менен келишет, анткени алар үчүн кино көрүү үйдөн чыгуунун жана күнүмдүк түйшүктөн алаксуунун бир формасы болуп калды. Анан да жактырган кызын жолугууга чакыра алуучу жай да акыры табылды.

«Бул долбоор белгилүү социалдык мааниге ээ. Жаңы кинотеатр айыл элинин оюн-зоок жана маданий-агартуу муктаждыктарын канааттандырууга жардам берип, маданий-эс алуу ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз, - дейт БУУӨПтүн тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Калдаров Мукаш.

Ал маалымдагандай, долбоордун келечеги айыл жеринде эс алууну уюштуруу, тагыраак айтканда кинотеатрдын ачылышынын актуалдуулугунда жана бул долбоор  башка айылдар үчун үлгү болушу мүмкүн.

Заманбап кинозалды ачуу мүмкүндүгү БУУӨПтүн “COVID-19 кризисин жоюу жана жооп кайтаруу максатында тобокел тобундагы жаштардын жана жамаат мүчөлөрүнүн өз бизнесин, ишкердүүлүгүн жана/же стартаптарын өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого багытталган чакан гранттарды жүзөгө ашыруу” боюнча демилгесинин шарапаты менен жаралды. Анын алкагында Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын 18 стартапын ишке ашырууга 3 млн 700 миң сом бөлүндү.