«Декрет ийгиликке тоскоол жаратпайт»

2023-ж., 20-December

 

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз. 

***

Биздин алдыбызда Ош шаарында төрөлгөн Бегимай аттуу чечкиндүү кыз отурат. Ал бүгүнкү күндө декретте отуруп санариптик жөндөмдөрдүн жардамы менен 40 000 сомдон ашык каражат таап жатат. 

“31 жаштамын. Ордолуу Ош шаарында туулуп-өскөм. Азыркы учурда бактылуу жубаймын жана эки кыздын энесимин. Бала кезимден бери чыгармачылыкка болгон сүйүүм бар. Мен досторума майрамдык иш-чараларды уюштурууну же жакындарыма уникалдуу белектерди өз колум менен жасоону,креативдүү идеяларымды ишке ашырууну дайыма жакшы көрөм. Мунун баары мага өзгөчө кубаныч жана ырахат тартуулайт». 

Бегимай 3 жыл бою декретте жүрүп, өз убактысын бир гана үй-бүлөсүнө, кыздарын тарбиялоого арнагандыктан стресске дуушар болгон. Анткени, жан дүйнөсү профессионалдык багытта дагы өнүгүүнү каалаган. Бирок бул мүмкүн эмес болчу. Бүгүнкү күндө айымдар үчүн энелик милдет менен толук убакыттагы жумушту бирге алып кетүү абдан кыйын.

«Иш берүүчүлөр менен маектешүү учурунда жумуш менен үй-бүлөнү айкалыштыруумду билдерсем ишенбөөчүлүк менен карап жатышты. Компаниялардын көбү 24/7, дем алышсыз, майрамсыз иштөөгө даяр талапкерлерди издешет. Ошентип, өзүмө ылайыктуу жумуш таба алган жокмун. Бир күнү "Санарип Айымдар" уникалдуу долбоору башталганы тууралуу кулактандырууга туш болдум. Бул долбоор жаш энелерди жана кыздарды IT жана санариптик кесиптерге үйрөтөт экенин түшүндүм».

Биздин коомдо аялдар карьера менен энеликти бирге алып кете албайт деген стереотиптер бар. Ал эми профессионалдык ишмердүүлүктү улантууну чечкен айымдар коркунучка жана белгисиздикке туш болушат. Анткени, узак тыныгуу айымдардын жөндөмдүүлүгүнө, компетенциясына, жүрүм-турумуна, баарлашуусуна, ал тургай сырткы  келбетине да таасирин тийбей койбойт.

«Долбоордун IT жана бизнесте көптөгөн ийгиликтүү айымдарды жолуктурдум. Алар эне болуу менен биргеликте кесиптик ишмердүүлүгүндө да укмуш ийгиликтерди жаратышкан. Ар бир айымдын баяндамасы мени шыктандырып, мындан ары да өзүүгө зор түрткү берди».

Санариптик көндүмдөрдүн негизги окуусун аяктагандан кийин Бегимай мобилография боюнча курстан өтүүнү чечти. Анткени, фото жана видеолорду жаратуу ага социалдык тармактарда коммерциялык долбоорлор менен иштөөгө, башкача айтканда, ийкемдүү график боюнча жана аралыктан иштөөгө жардам берет эле. 

“Мобилография курстарынын натыйжасында мен сапаттуу сүрөт жана видео тартуунун ар кандай ыкмаларын өздөштүрдүм. Аудиториянын көңүлүн бурууга жөндөмдүү визуалдык контентти түзүү көндүмдөрүнө ээ болдум. Эмгектеримди тайманбастык менен көрсөтүп, жеке социалдык медиа баракчасына жарыялай баштадым. Менин чыгармачылыгым байкалбай калган жок. Коммерциялык уюмдардан алардын социалдык медиа баракчаларын жүргүзүү боюнча сунуштарды ала баштадым.  Ошентип, менин күч-аракетим жана алган билимимди жана жөндөмүмдү колдонуу өз жемишин берип, Ош шаарындагы алдыңкы компаниялар менен кызматташып баштадым ".

Бүгүнкү күндө Бегимай бир нече ресторандардын жана дүкөндөрдүн баракчаларын жүргүзүп, 40 миң сом кирешеге чыкты. Бирок ал муну менен эле токтоп калбастан, бизнесин кеңейтүүгө жана өзүнө окшогон жаш кыз-келиндерге жумуш орундарын түзүүгө аракет кылып жатат.

«Мен декреттеги эне ушундай каражат таап, ошол эле учурда үй-бүлөсүнө убакыт бөлүп, балдарын тарбиялай алуусуна ишенчү эмесмин. Күн сайын мага көптөгөн компаниялардан сунуштар түшүп турат, алар ушунчалык көп болгондуктан, кээде убактым жетпей калат. Ошого байланыштуу, мен сыяктуу өзүн өзү өнүктүрүүгө умтулган чечкиндүү айымдарды издеп, команда түзүп жатам. Биз биргеликте укмуштуудай ийгиликтерди жаратыбыз!”  

 

#СанарипАйымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен БУУӨПтүн долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.