Айзат “Санарип Айымдар” долбооруна катышып, портфолиосу үчүн үч веб-сайтты иштеп чыгып, жумушка орношуп, буйрутмаларды кабыл ала баштаганы тууралуу баяндама

2023-ж., 26-December

 

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз.  

 

*** 

«Бала кезимден бери технологиялардын курчоосунда чоңойгондуктан, бул тармакка дайыма кызыгып келем.  Ошондой эле, улуу инженер, илимпоз жана программист айымдар мени шыктандырчу. Бул тармакта аялдардын ийгиликке жетиши кыйын деген пикирлерге карабастан окууну аяктаган соң программист кесибин тандагам. Жада калса дипломду алгандан кийин да, жумуш табууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болдум. Веб-сайттарды иштеп чыгууда өзүмө болгон ишенич дагы жок болчу. Ошого байланыштуу, программалоо жаатында билимимди өркүндөтүү үчүн бекер окуу ресурстарын табууга аракет кылдым, бирок алар менин үмүтүмдү актаган жок. Анткени, ал курстар теориялык билимди гана берип, практика жетишсиз экенин түшүндүм. Андан сырткары, суроо берүү мүмкүнчүлүгү дагы болгон жок. 

Бирок “Санарип Айымдар”  долбооруна катышып, окуумдагы бардык кыйынчылыктарды оңой жеңе алдым. Долбоордо колдонулган окутуу ыкмалары башка курстардан түп-тамырынан айырмаланып турду. Тренингдердин алкагында өзүбүздүн портфолибузду түзгөнгө да жетиштик. Анын натыйжасында, үч сонун веб-сайттарды иштеп чыктым.  

 “Санарип айымдар” долбоорунун окуусун аяктагандан кийин университетке жумушка орноштум. Келечекке пландарым көп, веб-сайттарды түзүүгө заказдарды кабыл алып, алыстан иштей баштадым. 

 

Санарип Айымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу
менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.