16 жашында өзү шыктуу кесибин тапкан Айбийке Болотованын окуясы

2023-ж., 26-December

 

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз.  

 

***

“Көпчүлүк адамдар жашоосундагы эң маанилүү чечимдердин бирин 16-17 жашында, анан калса өзү эмес чоңдордун кысымы астында кабыл алса керек. Чоң энеси небересинин дарыгер болуусун кааласа, ата-энеси бюджеттик негизде окушун кыялданат, ал эми студент өзү эмне каалап жатканын такыр түшүнбөйт. Тааныш көрүнүшпү? “Санарип айымдар” долбооруна чейин мен дагы ушундай абалда болчумун.” 

Айбийкенин жашоосунда жаркын кызыгуулары болгон эмес. Анын өзүнө ишеничи төмөн болуп, эл алдында сүйлөгөндөн коркчу жана анын келечектеги профессионалдык жолу жөнүндө ою да жок болчу. Ал кайсы тарапка жылаарын билбей, өзүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн арасында адашып калгандай сезген. “Бул маалда апам дайыма жанымда болчу. “Санарип айымдар” долбооруна катышууга жана графикалык дизайн боюнча курстарга барууга апам түрткү болгон” 

Айбийке табиятынан чыгармачыл адам. Графикалык дизайе ага чыгармачылык профессионалдык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин ачты. Долбоордо Айбийке анын кызыкчылыктарын тең бөлүшкөн чыгармачыл адамдар менен жолугушту. Тренингдердин аркасында ал өзүнүн ишенимсиздигин жеңип, потенциалын аңдап, аны кантип колдонууну үйрөндү. Айбийке жакында IT-фестивалына катышуу менен UX-UI дизайн боюнча акысыз курс утуп алды. Ал эми азыр престиждүү программалоо академиясында стажировкадан өтүп жатат. Бул баалуу тажрыйба ага мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет жана UX|UI дизайн насаатчысы катары программалоо академиясына кошулууга мүмкүнчүлүк берет. 

 

Санарип Айымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу
менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.