«Мүмкүнчүлүктөр издегенге ачылат...»

2021-ж., 15-November

Jyldyz Tashtabekova, the owner of the beauty salon in Kyzyl-Adyr village of Talas province, Kyrgyzstan / Photo: UNDP.

Эгерде сиз жол бере турган болсоңуз, ишкердик  татаал жана жалгыздыкта өтүүчү саякатка айланышы мүмкүн. Бирок,  турмуштагы көптөгөн башка нерселердей эле, бардык иш келечектүүлүгүнө жана жекече мамиле жасоого жараша болот. Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кызыл-Адыр айылында  жайгашкан сулуулук салонунун бактылуу кожойкеси Жылдыз Таштабекова бул жөнүндө биз менен пикир бөлүштү. 

31 жаштагы жаш ишкер айым өзү жашаган аймакта пандемиядан кийинки кризиске карабастан ишкердүүлүгүн  баштоого белсенип киришкен аз сандагы тургундардын бири болуп саналат.

Жылдыз өзүнүн жеке салонун ачуудан мурда бир топ жыл Россиянын сулуулук салондорунун биринде иштеген. Ал жактан маникюрду жасоо чеберчилигин жана перманенттик макияждын ыкмаларын өздөштүрүптүр.

«Россияда мен чоң тажрыйба алдым жана кардалдар менен иштөөнү үйрөндүм. Сулуулук жасоо чөйрөсүнүн кылдат сырларын үйрөнгөндөн кийин качандыр бир өзүмдүн жеке салонумду ачууну кыялдана баштадым. Чет өлкөдө жашоо жана эмгек мигранты болуу – бул оңой эмес.Мен үйгө кайтып келүүчү күндү дайыма күтчүмүн. Качан пандемияга байланыштуу баш-аламандык жаралганда,  көптөгөн мигранттар сыяктуу эле мен дагы жумушсуз калдым жана Кыргызстанга кайтып келдим.  Азыркы мен жашаган айылда бир нече сулуулук салону иштейт экен, ошентип мен тез эле ишке орноштум. Бирок, COVID-19 кризисинин кесепетинен улам бул салон да жабылды. Жашоо каражатасыз  калганымда өзүмдүн жеке салонумду ачуу жөнүндө олуттуу ой келди жана грант алуу мүмкүнчүлүктөрүн издей баштадым. Анткени менин каражатым стартап үчүн аздык кылды”, - деп баяндады ишкер айым.

Ошол күндөрү Жылдыздын күйөөсүнүн досу кабар алганы үйгө келип калат. Ал айыл өкмөтүнүң имаратында илинип турган БУУӨПтүн жаш ишкерлер үчүн грант берүү программасы жөнүндө кулактандырууну көргөнүн айтат.

«Кийинки күнү таң эртелеп эле мен бул программа жөнүндө кошумча маалымат алганы айыл өкмөтүнө жөнөдүм. Ишенесиздерби, грант алууга билдирме тапшыруунун акыркы күнү экен. Мен күйөөмдөн балдарды кароого жардам берүүсүн суранып, а өзүм форманы толтуруп жана билдирмени тапшырууга бардык күч-аракетимди жумшадым. Менин ишкердик саякатым ушинтип башталды”, - деп айтты Жылдыз.

Жылдыз сулуулук чөйрөсүндө иштеп жаткандыктан, анын базалык жабдуулары бар эле. 113000 сом (1330 АКШ доллары) өлчөмүндөгү гранттык каражат чачтарач кызматына керектүү эмеректерди, жабдууларды жана тырнак сервизи үчун инструменттерди алууга жумшалды.

«Менин салонумда чачтарачтык бардык кызмат көрсөтүлөт, ошондой эле чачты дарылоо, маникюр, педикюр, гель-лак, тырнакты узартуу, макияж жасоо жана кашты коррекциялоо боюнча тейлейбиз. Мындан тышкары кечки жана үйлөнүү үлпөттөрүнө шайкеш жасалгаларды тандап жана түзүп беребиз”, - деп кошумчалады ал.

Жылдыздын сөзүнө караганда, бизнести ачууда эң татаал маселелердин бири ылайыктуу жай табуу болду. Ал кардалдар үчүн жайлуу жана жарык жай болушун каалаган. Ошол эле убакта элге жеткиликтүү да болушу керек, анткени бул анын бизнес баштоо үчүн жеке салымы эле.