Жашыл экономика жаатындагы иш аракеттер үчүн Глобалдык өнөктөштүк

 

Долбоордун өбөлгөсү

Кыргыз Республикасы, 2016-жылдан тартып БУУнун беш агенттиктеринин - ПРООН, ЮНЭП, ЭЭУ, ЮНИДО жана ЮНИТАРдын биргелешкен демилгеси боюнча Жашыл Экономика жаатындагы иш аракеттер үчүн Глобалдык өнөктөштүктүн (PAGE) мүчөсү.

Демилгелин максаттары - Кыргыз Республикасынын жашыл экономикага өтүүсүн колдоо, ал элдин бакубатчылыгын жана социалдык адилеттүүлүктүн жогорулашына алып келет, ошол эле учурда экологиялык коркунучтарды жана дисбаланстарды кыйла төмөндөтөт. Өнөктөштүк муну жашыл экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн талдоого техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүү, экономиканын бардык тармактарындагы саясатты реформалоо жана туруктуулук үчүн индивидуалдык жана институттук потенциалды түзүү аркылуу жасайт.

Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлиги бул демилгенин бенефициары жана Кыргыз Республикасында PAGE программасын ишке ашырууда башкы координациялоочу мамлекеттик орган болуп эсептелет. Мындан тышкары, Экономика Министрлиги инклюзивдүү экономикалык өсүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын мекемелер аралык координациясын камсыз кылат жана климаттын өзгөрүшү шартында жашыл экономикадагы инклюзивдүү маселелерди, өлкөнүн узак жана орто мөөнөттүү туруктуу өнүгүү стратегиялык документтерге интеграциялоо боюнча милдетин алат.

Экономика Министрлиги менен ПРООНдун Кыргызстандагы координациясынын алкагында PAGE баалоо миссиясы 2017-жылдын февраль айында өткөрүлдү. Натыйжада, "Кыргыз Республикасындагы инклюзивдик Жашыл Экономика" баяндамасы даярдалган, анда Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жүзөгө ашыруунун шарттары, өбөлгөлөрү жана көйгөйлөрү талдоого алынган. Баяндамада ошондой эле, өлкөнүн өкмөтү тарабынан негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар баяндалып, PAGE алкагында иш-аракеттер үчүн артыкчылыктар жана сунуштар берилген.

Өкмөт тиешелүү иш-чаралар планы менен 2019-2023-жылдарга Жашыл Экономиканы өнүктүрүү программасын 2019-жылы кабыл алган. Программа жети артыкчылыктуу багытты аныктады: жашыл энергетика; жашыл айыл чарба, жашыл индустрия; аз көмүртек жана экологиялык таза транспорт; туруктуу туризм; таштандыларды жөнгө салуу; жана жашыл шаарлар. Учурда Өкмөт Программанын приоритеттерин жүзөгө ашырууга көңүл бурууда.

Жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы координациялык механизми 2020-жылы түзүлдү. Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика боюнча улуттук координацияны күчөтүү максатында, мурда экиге бөлүнгөн өзүнчө кеңештер "Жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү боюнча Координациялык кеңеш" болуп бириктирилди. Координациялоонун бул жаңы механизмин Премьер-министр жетектейт жана өлкөдө климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика боюнча иш-аракеттерди комплекстүү жана иретке келтирүүгө багытталган. Климаттык каржы борбору жаңы Кеңештин Катчылыгы болуп дайындалды. Бул чечим өлкөдөгү климаттын өзгөрүүсүнө жана жашыл экономика маселелерине шайкеш келтирилген көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Күтүлүүчү натыйжалар:

• Кыргыз Республикасы көп тараптуу кызматташуу аркылуу өнүгүү пландаштыруунун алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) негизделген инклюзивдүү жашыл экономиканын (ИЖЭ) максаттарын жана милдеттерин күчөттү жана интеграциялады.

• Кыргыз Республикасы инклюзивдик жашыл экономиканын улуттук артыкчылыктарына ылайык далилдүү тармактык жана тематикалык реформаларды жүргүздү

• Кыргыз Республикасы Инклюзивдик Жашыл Экономика боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн индивидуалдык, институттук жана пландоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөттү

Учурдагы жетишкендиктер:

Саясат чөйрөсүнө жагымдуу шарттар түзүлдү

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши “Кыргызстандын жашыл экономика өлкөсү катары концепциясын” кабыл алды

2019-жылы Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы жана тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынган.

2020-жылы жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы Координациялык Кеңеш түзүлдү

Жашыл экономика боюнча Кыргыз мамлеккеттик кызматкерлердин потенциалы бекемделди

Кыргыз мамлеккеттик кызматкерлери үчүн Монголияга теңдеш билим сапары Кыргыз Республикасынын экономикасын, айрыкча жашыл каржы, туруктуу мамлекеттик сатып алуулар жана жашыл жумуш орундарын жашылдандырууда артыкчылыктуу багыттарды аныктоодо маанилүү болду.

Маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жашыл экономика жумалыгы жана Жашыл экономика форуму 2018 жана 2019-жылдары өткөрүлдү.

Статус: Активдүү

Географиялык зона: Кыргызстандын бардык аймактары

Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Долбоордун координатору: Гульнара Абдыкалыкова

Бюджет: 279 460 АКШ доллары
Жыл: 2020

Бюджет: 309 140,28 АКШ доллары
Жыл: 2019

Каражаттар: 193 987,83 АКШ доллары

Жыл: 2018

Каражаттар: 42 571,89 АКШ доллары

Жыл: 2017

 

 

Related Materials

Impact

START DATE

July 2017

END DATE

December 2028

STATUS

Ongoing

PROJECT OFFICE
IMPLEMENTING PARTNER

United Nations Development Programme

DONORS

MPTF-Ptp Actn Green Economy TF

TOTAL CONTRIBUTIONS

$25,097,637

DELIVERY IN PREVIOUS YEARS

2017$161,517

2018$738,728

2019$1,486,487

2020$1,620,127

2021$1,612,611

2022$2,067,790

2023$1,570,376

2024$1,303,320

2025$1,147,237

2026$362,274

Full Project information