«Жаңырейшн чакырыгы» Креативдүү олимпиадасынын аякташы

2020-ж., 18-December

«Жаңырейшн чакырыгы» Креативдүү олимпиадасы жана онлайн лагери аягына келип жетти, анын жүрүшүндө пилоттук аймактардын (Кербен, Кок-Серек, Кашка-Суу, Кара-Суу, Тепе-Коргон, Кашгар-Кыштак, Айдаркен, Бирлик, Суу-Башы) жаштары жумшак жөндөмдөргө негизделген кесиптердин негиздерин үйрөнүштү.

10 күн аралыгында (2020-жылдын 30-ноябрь − 11 декабрь) онлайн лагердин катышуучулары Асылбек Жоодонбеков (конфликтология), Айбек Дайырбеков (эмоционалдык интеллект), Тимур Моун (келечектин кесиптери), Мээрим Осмонова (интернетте окутуу), Назгүл Коңурбаева (медиа сабаттуулук), Улан Үсөйүн (топтук иштерди модерациялоо) жана Алтын Капалова (дизайн ой-жүгүртүү) сыяктуу 7 устаттан 1 саат узактыгындагы 40 сабакка катышышты. Менторлор тууралуу кеңири маалыматты жана темалары менен бул жактан окуса болот.  

Креативдүү  олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдүн катарына кийинки аймактардын беш тургуну кирди:

1. Гульназа Матмусаева (Ош, Тепе-Коргон)

2. Нурзаада Ульмасова (Баткен, Суу-Башы)

3. Эдельвейс Садырбекова (Джалал-Абад, Кашка-Суу)

4. Аида Жумабаева (Ош, Тепе-Коргон)

5. Бегимай Жолдошбай кызы (Ош, Кара-Суу)

Эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн жана 50 финалист катарына кирген катышуучулар белектерге жана “Жаңырейшн чакырыгы” Креативдүү олимпиадасына катышкандыгын тастыктаган сертификаттарга ээ болушат. Беш катышуучу мындан сырткары баш байге ноутбуктарды алышат.

Кандайдыр бир себептерден улам онлайн-лагерге катыша албай калгандар үчүн сабактардын видеолору Janyration YouTube каналында жүктөлгөн.

Мыкты-50 тизмесине кирген катышуучулардын тизмеси менен janyration.com сайтынан таанышса болот.

Колдонулган модель Кыргызстандын бардык аймактарына жана келечекте сырткары дагы таркатуу пландаштырылып жатат.

Берилген демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Прораммасы тарабынан “Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын шериктештиги жана кызматташтыгын алга жылдыруу” программасынын алкагында БУУнун Тынчтык Куруу Фондунун каржылык колдоосунда ишке ашырылды.