“Жаңырейшн чакырыгы” креативдүү олимпиадасына чакыруу

2020-ж., 6-November

2020-жылдын 9-23-ноябрь аралыгында “Жаңырейшн чакырыгы” креативдүү олимпиадасына тандоо өтөт. Олимпиадага 14-30 жашка чейинки түштүк аймактарынын тогуз айылынын (Кербен, Кок-Серек, Кашка-Суу, Кара-Суу, Тепе-Коргон, Кашгар-Кыштак, Айдаркен, Бирлик, Суу-Башы) тургундары катыша алат. Олимпиаданын негизги темасы - жумшак жөндөмдөрдү өнүктүрүү (Soft skills). Эң көп упай топтогон 50 киши онлайн-лагерге чакырылат жана 10 күндүн ичинде жумшак жөндөмдөргө негизделген кесиптердин негиздерин окуп үйрөнүшөт. Активдүү катышуучуларды баш байге - ноутбуктар күтүүдө. Онлайн-лагердин өзү 30-ноябрдан 11-декабрга чейин өтөт.  

Онлайн-лагердин катышуучусу болуу үчүн www.janyration.com сайтында жайгаштырылган тесттен өтүш керек.

Бүткүл Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун маалыматына ылайык жумшак жөндөмдөргө киийнкилер кирет:

1.      Аналитикалык жана инновациялык ой-жүгүртүү

2.      Комплекстүү маселелерди чечүү

3.      Сынчыл ой-жүгүртүү жана анализ

4.      Активдүү окуу жана анын стратегиялары

5.      Креативдуүүлүк, өзгөчөлөнүү жана демилгелүү болуу

6.      Деталдарга көңүл буруу, ишенимдүүлүк

7.      Эмоционалдык интеллект

8.      Далилдерди келтирүү, маселелерди чечүү жана идеяларды иштеп чыгуу

9.      Лидердүүлүк жана коомго таасир берүү

10.   Координация жана тайм-менеджмент

Берилген демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Прораммасы тарабынан “Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын шериктештиги жана кызматташтыгын алга жылдыруу” программасынын алкагында БУУнун Тынчтык Куруу Фондунун каржылык колдоосунда ишке ашырылды.