БУУӨП Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактоо боюнча аракеттерди колдоодо

2025-ж., 16-May
A young gazelle stands in a sandy area, with other gazelles resting in the background.

Кыргызстандагы жейрендер

БУУӨП / Кыргызстан

Ысык-Көл облусу, 15-май 2025 — Ысык-Көлдүн түштүк-батыш бөлүгүндө Кыргызстандын жапайы табиятынан дээрлик жоголуп кеткен, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири — жейрендердин популяциясын калыбына келтирүү иштери улантылууда. Жейрендердин санын калыбына келтирүү иштери бир нече жыл мурун башталган. Аларга кам көрүү, жашаган аймактарын коргоо жана популяцияны көбөйтүү боюнча иштер улантылып,жетишкендиктердин туруктуулугу жана бул демилгенин регион үчүн мааниси далилденүүдө.

Бул долбоор «Аргали Фонду» Коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун Өнүгүү Программасынын (БУУӨП) Глобалдык Экологиялык Фондунун Чакан гранттар программасынын (ЧГП ГЭФ) колдоосу менен, Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Германиянын Табиятты коргоо союзу менен шериктештикте ишке ашырылган. Бул иш БУУӨПтүн Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча системалуу колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.

A soldier in camouflage kneels to interact with young deer in a natural setting.

Кыргызстандагы жейрендер

БУУӨП / Кыргызстан

2021-2023-жылдар аралыгында регионго 27 жейрен алынып келинген, ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларга керектүү кам көрүүнүн натыйжасында алардын саны 47ге жеткен. Айрыкча, алар үчүн вольерлер курулуп, жашаган аймактары 50 гектарга чейин кеңейтилип, жапайы табиятка коё берүүгө даярдык иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, жаныбарларга кам көрүү, азыктандыруу жана мониторинг жүргүзүү ыкмалары иштелип чыгып, жергиликтүү коомчулукка жана адистешкен илимий мекемелерге берилген.

2025-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жейрен-Ордо аймагына иш сапары менен барып,демилгенин маанисин белгилеп, түрдү калыбына келтирүү иштерин колдоосун билдирди. Ушул жайда 25 жейренди көзөмөлгө алынып жаратылышка коё берүү пландаштырылууда, бул туруктуу популяцияны калыптандырууда маанилүү кадам болмокчу. Эксперттердин баалоосу боюнча, алдыдагы 10 жыл ичинде жаныбарлардын саны 500гө жетүүсү мүмкүн.

Иштерге жергиликтүү калк активдүү катышып, 220дан ашык адам үйрөтүлүп, иш-чараларга катышып, жаныбарларды коргоодо жардам берүүдө. Коомдук аракеттер экотуризмди өнүктүрүүгө да багытталып, маалыматтык материалдар даярдалган, ал эми аймак «Жейрен-Ордо» зоологиялык коругу юридикалык статусуна ээ болууга даярданууда.

A man feeding a gazelle in a desert setting under a blue sky with fluffy clouds.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жейрен-Ордо аймагына иш сапары менен барды

Kaktus Media

Бул долбоор БУУӨПтүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен кызматташтыкта, анын ичинде Улуттук стратегия жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иш-аракеттер планынын негизинде ишке ашырылды. Бул аракеттер сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо, экосистемаларды калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга багытталган.

Биологиялык ар түрдүүлүктү жана жапайы табиятты коргоо — БУУӨПтүн Кыргызстандагы негизги приоритеттеринин бири. Жергиликтүү демилгелер аркылуу БУУӨП региондордун туруктуу өнүгүүсүн колдоп, жергиликтүү коомчулуктардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ), айрыкча ТӨМ 13 (Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү) жана ТӨМ 15 (Жердин экосистемасын сактоо) жетишүүгө салым кошууда.