БУУӨП Кыргыз Республикасындагы социалдык контракттарды алуучуларды колдоо боюнча консультанттардын потенциалын күчөтөт
2025-ж., 23-May
Социалдык контракттарды алуучуларга консультациялык колдоону күчөтүү боюнча тренингдин катышуучулары
Бишкек, 23-май 2025 – Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (МЭСКМ) менен биргеликте социалдык контракттарды алуучуларга натыйжалуу консультация берүү боюнча Тренерлерди окутуу (ТОТ) программасынын алкагында бир катар аймактык тренингдерди ийгиликтүү аяктады.
Кыргызстанда акыркы үч жылда экономиканын орточо өсүү темпи 6,9% болгонуна карабастан, 2,1 миллионго жакын адам, анын 62,8% айыл жеринде дагы эле жакырчылыктын чегинде жашайт. 2022-жылы башталган Мамлекеттик социалдык контракттар программасы мамлекеттик колдоонун негизги инструменттеринин бири болуп калды: 35 226дан ашык үй-бүлө микробизнес ачуу үчүн 3,5 миллиард сом өлчөмүндө каржыланды.
Бирок, бул демилгенин туруктуулугу жана натыйжалуулугу башка нерселер менен катар социалдык контракттарды алуучуларга көрсөтүлүүчү консультациялык колдоонун сапатына жана МЭСКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) комплекстүү колдоо механизмдеринин болушуна көз каранды.
Тренинг учурунда
Бул чакырыктарга жооп катары БУУӨП жана МЭСКМтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана ЖӨБОнын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгени ишке ашырууда. Демилге Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана 2026-жылга чейин Өнүгүү программасынын артыкчылыктарына шайкеш келип, инклюзивдүү экономикалык өсүштү, социалдык камсыздоону жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
2025-жылдын 15-апрелинен 21-майына чейин тренинг өлкөнүн жети облусунда – Нарындан Баткенге чейин өтүп, МЭСКМ жана ЖӨБОнын 160тан ашык кызматкерлерин камтыды. Эки күндүк интенсивдүү курстун жүрүшүндө катышуучулар негизги темалар боюнча билимдерди жана практикалык куралдарды алышты: финансылык сабаттуулук, бизнес-идеяларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, маркетинг, бизнести каттоо, салык салуу жана тобокелдиктерди башкаруу. Программа интерактивдүү методдорго негизделген, анын ичинде ролдук оюндар, реалдуу кейстер жана бизнес-документтин шаблондору менен иштөө.
Тренинг учурунда
«Бүгүнкү күндө социалдык камсыздоо багытындагы мамлекеттик саясат туруктуу өнүгүүгө, үй-бүлөлөрдү экономикалык ишмердүүлүккө тартууга жана жөлөк пулдан көз карандылыкты азайтууга багытталган.“БУУӨП менен өнөктөштүктүн алкагында биз жер-жерлерде адистерибиздин потенциалын күчөтүп жатабыз – бул адамдык капиталга натыйжалуу инвестиция», - деди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.
«Социалдык контракт – бул көз карандылыктан туруктуу өзүн-өзү камсыздоого өтүү үчүн стратегиялык курал. Бул демилгени ишке ашырууда Министрликтин колдоосу – кедейчиликти кыскартуу жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча биздин комплекстүү ыкмабыздын бир бөлүгү. Бул процессте негизги ролду үй-бүлөлөрдү туруктуу өнүгүүгө жеткирүүдө натыйжалуу жана туруктуу коштоп жүрүүгө жөндөмдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана МТСОМдун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен квалификациялуу адистерди даярдоо ойнойт», - деп Александра Соловьева, БУУӨПнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү белгиледи.
Кийинки этап — бул катышуучуларды тренингден кийинки коштоп жүрүү болот: ТОТ катышуучуларына консультациялык колдоо көрсөтүү, катышуучуларды үй-бүлөлөр менен түз алып барган иштеринде колдоо, ошондой эле ийгиликтүү тажрыйбаларды топтоо жана аларды кеңейтүү үчүн колдонуп, социалдык контракттын алкагындагы алуучулардын арасында туруктуу өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу практикасын түзүү.
«Тренинг менин билимимди түзүүгө жардам берди жана мага иштөө үчүн так инструменттерди берди. Эми мен адамды башынан эле кантип колдоо керектигин билем - кирешелүү бизнес багыттарын аныктоого, бизнестик идеяны түзүүгө, тобокелдиктерди баалоого жана реалдуу иш-аракеттер планын түзүүгө жардам берүү», - деп бөлүштү Жылдыз Курманалиева, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн ишке орноштурууга жана миграцияга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы, ТОТтун катышуучусу.
БУУӨП жана МЭСКМ жакырчылыкты жеңүүнүн, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн жана Кыргыз Республикасында туруктуу адамдык капиталды чыңдоонун эффективдүү механизми катары социалдык контракттар системасын иштеп чыгуу боюнча биргелешип иштөөнү улантат.