БУУӨП экспорттоочулардын Кыргызстандагы туруктуу сооданы өнүктүрүүгө кошкон салымын жана колдоосун белгиледи
2025-ж., 24-December
БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун командасына экспортко багытталган бизнести колдоого жана туруктуу баалуулуктар чынжырларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Мыкты экспорттоочу - 2025" атайын статуэткасы ыйгарылды.
Бишкек, 24-декабрь 2025 – Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Кыргыз экспорт борбору тарабынан уюштурулган "Кыргыстан Республикасынын эң мыкты экспорттоочусу - 2025" улуттук сынагы Кыргыз Республикасынын борборунда өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын 200гө жакын өкүлү катышып, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон компанияларды таануу үчүн негизги аянтча болуп калды.
Сынак 2025–2028-жылдарга карата Улуттук экспортту өнүктүрүү программасынын алкагында өткөрүлүп, ресурстук эмес экспортту стимулдаштырууга, аймактык өндүрүүчүлөрдү колдоого, кызмат көрсөтүү экспортун өнүктүрүүгө жана органикалык продукцияларды, IT кызматтарын жана аял ишкерлер демилгелерин кошо алганда, жогорку кошумча нарктагы продукцияларды илгерилетүүгө багытталган.
БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы иш-чарага өнөктөш катары катышты. Сынактын алкагында БУУӨПтүн "Соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун бенефициарлары болгон үч компания ар кандай номинациялар боюнча "2025-жылдын мыкты экспорттоочусу" сыйлыгына ээ болушту, бул экспортко багытталган микро, чакан жана орто ишканаларга көрсөтүлгөн комплекстүү колдоонун натыйжалуулугун көрсөттү:
«Дары Тянь-Шанья» ЖЧКсы – "Чакан жана орто бизнестердин арасында мыкты экспорттоочу" номинациясында 1-орун (Табигый балдын баалуулук чынжыры);
«GLOBAL AGRO TLC» ЖЧКсы – "Чакан жана орто бизнестердин арасында мыкты экспорттоочу" номинациясында 2-орун (Кургатылган жемиштер, кургатылган мөмөлөр жана жаңгактардын баалуулук чынжыры);
«Сан Планет Органик» ЖЧКсы –"Эл аралык стандартты ишке ашырган эң мыкты экспорттоочу" номинациясында 2-орун (Кургатылган жемиштер, кургатылган мөмөлөр жана жаңгактардын баалуулуктар чынжыры).
БУУӨП ошондой эле эки жеңүүчүгө эл аралык деңгээлде таанылган продукциянын сапаты жана коопсуздугу стандарттарын – Global G.A.P. / ISO/FSSC 22000, компаниянын адистерин окутуу жана сертификацияга чейинки аудит этабы аркылуу колдоо көрсөтүү боюнча эксперттик колдоо көрсөтөт. Бул колдоо кыргызстандык экспорттоочулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана алардын эл аралык рынокторго жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Бул иш-чарада сөз сүйлөгөн БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева экспорт экономикалык көрсөткүч гана эмес, ошондой эле туруктуу өнүгүү, жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн дүйнөлүк баалуулуктар чынжырына интеграцияланышы үчүн маанилүү фактор экенин баса белгиледи. Ал ырааттуу мамлекеттик экспорт саясатынын маанисин жана экспорттоочулардын Кыргызстандын эл аралык имиджин калыптандыруудагы негизги ролун белгиледи.
БУУӨПтүн экспортту өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө кошкон салымын таануу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнө сертификат тапшырды. Андан тышкары, БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун командасына экспортко багытталган бизнести колдоого жана туруктуу баалуулуктар чынжырларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Мыкты экспорттоочу - 2025" атайын статуэткасы ыйгарылды.
Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана бизнеске системалуу колдоо көрсөтүүнү улантууда, жагымдуу экспорттук чөйрөнү түзүүгө, ишкердикти колдогон институттарды бекемдөөгө жана кыргыз компанияларынын эл аралык рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошуп келет.