БУУӨП программасы өлкөнүн коррупцияга каршы саясатын ишке ашырууга салым кошууну улантууда

2025-ж., 28-July
A group photo of around 30 people standing and seated in a formal setting, smiling.
Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Бүгүн, «Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү» биринчи магистратура программасынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Программа Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан ишке ашырылган.

2025-жылы прокуратура, мамлекеттик органдарынын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле академиялык жана жарандык сектордун 17 өкүлү окуудан өттү. Программа мамлекеттик башкаруу жана коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндө квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган уникалдуу билим берүү платформасы болуп калды.

Иш-чараны ачып жатып, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгүл Калчакеева институционалдык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, башкаруунун натыйжалуу тажрыйбасын ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды туруктуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. 

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Элизабет Зентос коррупция менен күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган улуттук реформаларды колдоодо эл аралык тилектештиктин маанилүүлүгүн белгиледи.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мамлекеттик башкарууну чыңдоо боюнча системалуу чара катары программанын стратегиялык маанисин өзгөчө белгиледи:

«Бул программанын ийгиликтүү аякташы катышуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуунун жаңы этабы гана эмес, ошондой эле 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны, 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууга жана Туруктуу өнүктүрүүнүн 16-максатын ишке ашырууга кошкон салым – сот адилеттигин жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган эффективдүү, ачык-айкын жана отчеттуу институттарды куруу».

Программа БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында адамдарга багытталган коррупцияга каршы күрөштү жана жоопкерчиликти күчөтүү» долбоорунун алкагында АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттар жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун каржылык колдоосу менен уюштурулду.

Салтанатка мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

БУУӨП коррупцияга каршы демилгелерди колдоону улантат – техникалык жардамдан жана санариптештирүүдөн тартып мыйзамдарды жакшыртууга жана ачык маалыматтарды өнүктүрүүгө чейин.