УАП: Областтык бийлик органдары үчүн адаптациялык пландоо процессине кызыкдар тараптарды тартуу

2024-ж., 2-March

 

УАП долбоорунун маанилүү элементтеринин бири региондук деңгээлде адаптациялоо чараларын даярдоо процессине бардык кызыкдар тараптарды тартуу болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, адаптациялоо компонентин аймактык  жана региондук деңгээлдерде пландоо боюнча ишке киргизүү чектелген.  Ошондуктан бул этапта кызыкдар тараптарды тартуу маанилүү, бул аймактык деңгээлдеги мамлекеттик органдарга адаптациялык иш-чараларды кыйла натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет, анткени бул багыт кызмат адамдарынан квалификациясын туруктуу жогорулатууну жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого байланыштуу саясатты иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышууну, анын ичинде мониторингди жана баалоону, коюлган максаттарга жетүү жана улуттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн иш-аракеттерди координациялоону талап кылат.

Бул иш-чаранын түпкү максаты аймактык бийлик органдары үчүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо стратегиясын пландаштырууда кызыкдар тараптардын, өзгөчө аялдардын жана аялуу топтордун ортосунда кызматташуунун бекем механизмин түзүү болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча аймактык деңгээлде кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу үчүн окуу материалдары иштелип чыккан жана андан ары аймактарды өнүктүрүүнүн пландарына киргизүү.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, БУУӨПтүн ишке ашырылып жаткан долбоорунун алкагында 2024-жылдын 13-февралынан 29-февралына чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын жети областтык борборунда CIVITA жана AVEP тарабынан уюштуруулган, Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен КР Президенттин Чүй, ысык-Көл, Талас, Нарын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен кызматташтыкта климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча ошондой эле кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар семинарлар болуп өттү. Семинардын программасы төмөнкү багыттарды камтыды:

  • Өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөгө болгон укук;Разработка территориальных и секторальных программ развития в условиях изменяющегося климата;
  • Климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында аймактык жана тармактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу;
  • Өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процессин өркүндөтүү;
  • Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу.

Катышуучулардын тизмеси ар түрдүү болуп, тренингдерге КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин облустук өкүлдөрүнүн гана эмес, жарандык коомдун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү да активдүү катышышты.

Потенциалды жогорулатуу этабы аяктоодо жана облустук деңгээлде кызыкдар тараптарды тартуу планы иштелип чыкты.

Улуттук жана облустук деңгээлдердин ортосунда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону пландаштыруу үчүн вертикалдуу координациялоонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү иштери аткарылып жатат. Бул облустук бийлик органдарын улуттук адаптациялоону пландаштыруунун ар тараптуу процесстерине тартууга мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда жергиликтүү деңгээлде адаптациялык потенциалды кеңейтүү үчүн зарыл болгон инструменттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 

****

Бул материал Кыргызстанда ЖКФ тарабынан каржыланып жана БУУӨП ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоору Кыргызстандагы БУУӨП тарабынын Жашыл климаттык фонддун финансылык колдоосу астында ишке ашырылып жатат. 

 

****

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) БУУнун жакырчылык, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан адилетсиздик менен күрөшүп жаткан көрүнүктүү уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгү эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштөө аркылуу, биз адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. Биз тууралуу undp.org/Kyrgyzstan сайтынан толугураак окуңуздар же @UNDPkg кошулуңуздар. 

Толугураак маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагуль Абдрахманова менен ainagul.abdrakhmanova@undp.org почтасы же 0770 755776 тел., номери аркылуу байланышыңыздар.