Турак үйлөрдү көмүр менен жылытуудан баш тартуу Бишкектеги абанын булгануу көйгөйүн чечүүгө жардам берет БУУнун отчётунда деп айтылат

Турак үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган көмүр Кыргызстандын борборундагы абанын булганышынын негизги булагы болуп саналат. Маселени жылуулук насосторун колдонуу, энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу чечсе болот.

2022-ж., 31-October

 

Бишкек, Кыргыз Республикасы – 31-октябрь, 2022-жыл – Жеке турак-жай секторундагы жылытуу системасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасындагы борборунда абанын булганышынан улам өлүмгө дуушар болгондордун алдын алуунун эң натыйжалуу жолу болуп саналат. Муну, абанын булганышынын негизги булактары жана анын шаарга тийгизген таасири боюнча бүгүн биринчи жолу жарыяланган изилдөө далилдеп турат.

“Бишкек шаарындагы абанын сапаты: Абаны булгоочу заттардын булактарын баалоо жана абанын сапатын башкарууну илгерилетүү боюнча жол картасы” боюнча отчёт Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП/ПРООН) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту тарабынан даярдалган. Изилдөөнүн натыйжасында аныкталган эмиссиялардын түрлөрү жана мөөнөттөрү үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган күкүрткө бай болгон көмүр Кыргыз Республикасынын борборундагы абанын булганышынын негизги булагы болуп саналаарын көрсөтүп турат. Алдыдагы үч жылдын ичинде турак-жай сектору, транспорт, электр энергиясын өндүрүү жана таштанды сектору үчүн саясат варианттарынын жол картасы сунушталууда.

Изилдөөнүн натыйжасы боюнча Бишкек ЖЭБи PM2.5 жана PM10 деп аталган зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөрдүн жер үстүндөгү концентрациясынын 1% азыраагын бөлүп чыгарат, себеби анын бийик жайгашкан түтүн чыгаруучу мору булгоочу заттарды шаардан алыс таркатат деп айтылат изилдөөдө. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы үйлөрдүн 70% көмүр менен жылытылат, бул PM2.5 майда катуу бөлүкчөлөрдүн эң коркунучтуу деңгээлин жаратат. Ушул абаны булгоочу микроскопиялык бөлүкчөлөр өпкөгө терең кирип, өпкөдөгү  тоскоолдуктардан өтүп, кан айлануу системасына кирип, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын жана өпкө рагын пайда кылышы мүмкүн.

Отчёттун презентациясын өткөрүү учурунда БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым мындай белгиледи: “Бишкекке айлана-чөйрөсүнүн булганышы көйгөйүнө каршы күрөшүү жана жылуулук жана транспорт секторлорунда жеткиликтүү таза технологияларга өтүү үчүн жалпы системалык иш-аракеттер жана инновациялык энергетикалык чечимдер керек. Калктын эң аярлуу жана маргиналдуу катмары керектөө моделдерин өзгөртүүдө маанилүү ролду ойношот, ал эми аларды кыйла адилеттүү жана туруктуу экономиканы курууга тартуу үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүк бар”.

Бул отчёт чечим кабыл алуучу жактарга Бишкектин абасынын булганышына каршы эффективдүү чараларды көрүү үчүн бүгүнкү күндө эң ынандыруучу илимий негиз менен камсыз кылат”, – ЮНЕПтин Борбор Азиядагы кеңсесинин башчысы Айдай Курманова деди. “Учурда колдо бар болгон чечимдер адамдардын өмүрүн сактоого, климаттык кризисти жеңүүгө жана саламаттыкты сактоо тармагындагы каражаттарды үнөмдөөгө жардам берет”.

Кыргыз Республикасынын борбору кышкы жылытуу мезгилинде дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын тизмесиндеги бештигине дайыма кирип келе жатат. Шаардагы орточо жылдык PM2.5 деңгээли бардык улуттук жана эл аралык көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору деп, изилдөө белгиленет. 2010-2019-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасында жыл сайын 2010-2019-жылдарда Кыргыз Республикасында абанын булганышынан улам жыл сайын 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумган, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөт. Эмиссиялардын аба менен начар аралашуусу Бишкектеги көйгөйдү курчутууда.

Өлүмдөн сактануу боюнча сунуш (рецепт)

“Ишмердүүлүктүн кадимки жүрүшү” сценарийи колдонула турган болсо, бардык негизги булгоочу заттардын эмиссиялары 2040-жылга чейин олуттуу түрдө жогорулашы күтүлүүдө. Мисалы, ошол датага карата PM2.5 эмиссиясы 60% көбөйөт деп болжолдонот, бул биринчи кезекте үйлөрдү жылытуудан улам чыккан эмиссиялардын көбөйүшүнө байланыштуу болот.

Мунун алдын алуу үчүн аталган баалоо эмиссиялардын негизги булактарын камтыган саясаттардын варианттарынын жол картасын сунуштайт. Отчёттун жол картасында турак-жай сектору үчүн жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан баада болгон таза альтернативаларды жайылтуу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар сунушталат. Транспорт тармагында күйүүчү май стандарттары жакшыртылып, ал эми кайра калыбына келүүчү булактар электр энергиясын өндүрүүдө чоң роль ойношу мүмкүн. Казылып алынган отунду колдонууну азайтуу абанын сапатын жакшыртып гана тим болбостон, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө салым кошуп, саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет деп отчетто баса белгиленди.

Чечим кабыл алуучу жактарды ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн абанын сапатынын мониторинги жакшыртылышы керектиги, анын ичинде саясий аракеттер канчалык эффективдүү экендигин аныктоо абзел экендиги жөнүндө баалоодо айтылат. Абанын сапатын аныктоо боюнча жыш коюлган арзан датчиктердин тармактары да абанын сапатынын очокторун баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда абанын сапаты боюнча мыйзамдарды модернизациялоо маанилүү жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет деп белгиленет отчётто.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

Мээрим Русланбекова БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, +996 772 75 19 29, meerim.ruslanbekova@undp.org.

Марк Грасси маалымат жардамчысы, ЮНЕПтин Европадагы офиси, +41 788750086, mark.grassi(@)un.org

 

РЕДАКТОРЛОР ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жөнүндө

БУУӨП/ПРООН жакырчылыктын, теңсиздиктин жана климаттын өзгөрүүсүнүн адилетсиздигин жоюу үчүн күрөшкөн БУУнун алдыңкы уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгү эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз өлкөлөргө адамдар жана планета үчүн аягына чейин, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. Кошумча маалыматты алуу үчүн undp.org же @undpkg дарегине кайрылыңыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы эң алдыңкы глобалдык экологиялык орган болуп саналат. Ал лидерликти камсыз кылат жана айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча өнөктөштүктү кубаттайт, келечек муундарга зыян келтирбестен, алардын жашоо сапатын жакшыртууга шыктандырат, маалыматтар менен камсыздап турат жана өлкөлөргө жана элдерге мүмкүнчүлүк берет.

QR кодун сканерлөө аркылуу англис, орус жана кыргыз тилдеринде изилдөөнү жүктөп алыңыз.