Гендердик аспектилерди улуттук адаптациялык планга интеграциялоо

2024-ж., 11-March

 

2024-жылдын 26 жана 28-февралында, БУУӨПтүн Улуттук Адаптация Планын (УИП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялык пландоого гендердик мамилени киргизүү боюнча семинарлар болуп өттү.

Окутуунун максаты бул тармактагы мамлекеттик органдардын, жарандык жана бизнес-секторлордун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу болду.

 Окутуу Кыргызстандын эл аралык жана улуттук милдеттенмелерин талдоону, гендердик аспектилерди УАП интеграциялоо боюнча колдонмону иштеп чыгууну жана калктын аялуу топторун аныктоо боюнча практикалык ишти камтыды. Ошондой эле бул топтордун абалынын начарлашына таасир этүүчү климаттык таасирлер аныкталып, аталган аялуу топтор үчүн чаралар жана индикаторлор иштелип чыккан.

 Семинарлардын алкагында гендер, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүүсүнүн өз ара байланышына интерактивдүү талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле социалдык теңсиздиктердин көбөйүшүнүн чабалдыктары жана тобокелдиктери аныкталды. Катышуучулар Улуттук адаптациялык пландоодо гендердик аспектилерди интеграциялоо алгоритмдери жана стратегиялык пландоонун методологиясына ылайык сектордук УАПга гендердик аспектилерди интеграциялоо механизмдери менен таанышышты.

Бул көнүгүүлөр биздин өлкөдө климаттын өзгөрүшүнө жана адаптациялоону пландаштырууга байланыштуу маселелер боюнча жаңы түшүнүктөрдү берди.