Борбордук Азиянын жаштары «RCOY Central Asia»да суу жана климат боюнча күчтөрдү бириктирди

2022-ж., 7-December

«RCOY Central Asia» Борбордук Азия конференциясынын жаш катышуучулары.

БУУӨП

 

7-декабрь, Бишкек – 2022-жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейин Кыргызстандын Бишкек шаарында RCOY Central Asia аттуу климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштардын биринчи аймактык конференциясы болуп өттү.

Конференция ушул жылдын күзүндө аймактагы RCOY Central Asia колдоосу астында өткөрүлгөн бир катар жаштардын климаттык конференцияларын раундун расмий түрдө жапты. Ошентип, RCOY Central Asia БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптардын Конференциясынын 27-сессиясына (27-ТК) чейинки жана андан кийинки мезгилдерди камтыды жана Борбордук Азиядан 300 жаштарды өзүнө тартты. Бишкектеги конференцияга 100дөн ашык жаштар катышты. Булар Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жаштар, Ооганстан, Казакстан, Каракалпакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген Борбор Азия жаштарынын өкүлдөрү.

RCOY Central Asia конференциясынын негизги максаты потенциалды жана туруктуулукту жогорулатуу, ошондой эле Борбордук Азия жаштарынын суу жана климаттык аракеттер чөйрөсүндө ар кандай деңгээлдеги: улуттук, аймактык жана глобалдык бир нече этаптарда: COY17ге чейин жана андан кийин, 27-ТКга чейин жана андан кийин, ошондой эле 2023-жылдын жазында боло турган БУУнун суу конференциясына карата аракеттерин бириктирүү болуп саналат. Ушул максатта, RCOY Central Asia конференцияларынын сериясы аймактын жаштарын климаттын өзгөрүшү – илим, таасирлери жана чечимдери жөнүндө билим берүүгө, аларды иш-аракет кылууга түрткү берүүгө, ошондой эле катышуучуларга өз жашоосунда жана жамааттарында өзгөртүү демилгелерин баштоого мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Конференциянын программасы негизги баяндамаларга, ар кандай тармактардын улук эксперттери менен муундар аралык «Жашыл сүйлөшүүлөргө», Climate Fresk билим берүүчү илимий негизделген оюнуна, топтук иштерге жана башкаларга негизделген.

RCOY Central Asia боюнча билдирүүсү COY17 жана YOUNGOга жөнөтүлгөн жана конференциянын жүрүшүндө Жаштар Өкүлчүлүгү тарабынан 27-ТКда берилген Глобалдык Жаштардын Билдирүүсүнүн бир бөлүгү болгон. 27-ТК жана андан кийинки талкуулар аяктагандан кийин, жаш катышуучулар өздөрүнүн жамааттарында жана региондорунда/өлкөлөрүндө климат жана суу боюнча комплекстүү иш-аракеттерди жакшыртуу жана күчөтүү үчүн жаштардын көз карашы үчүн өз идеяларын чогултушат.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлүнүн кеңешчиси Эркин Касыбеков: «Биз жаштарга – биздин планетанын келечектеги башкаруучулары катары – лидерликте жана климатты коргоодо биригүүгө жана уюшууга көмөктөшүшүбүз керек. Биз баарыбыз бул жерде ата-бабаларыбыздын белеги катары жашап жатканыбыз менен, сиздердин муундар үчүн алардын мурастары жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт келди. Биз аларга жашоого ылайыктуу, анда адамзат мындан ары да гүлдөп-өсө ала турган планетаны калтырышыбыз керек».

«Кылымдар бою «курак» искусствонун көрүнүшү болуп келген жана аны Борбордук Азиянын маданиятында жана элдеринде көрүүгө болот. Ал эми региондун алдында турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбордук Азиянын элдерин жана, атап айтканда, жаштарды ажырагыс бир бүтүнгө бириктирүү үчүн Бишкектеги RCOY аймактык жаштар конференциясынын символу катары тандалып алынганы абдан маанилүү, себеби Борбордук Азиянын жаштары региондун алдында турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир бүтүндүккө биригип, жакшы диалог жана чечимдер үчүн биригип жатат», – деди Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Жетекчисинин орун басары Давид Вестенфельдер.

Азамат Темиркулов, КР Президентинин Аппаратынын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы: «Ар бир тирүү организм мурунку муундардан алганын сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө умтулат. Бүт аалам ушуга курулган. Бул бар болуунун негизги мыйзамы. Андыктан жерибизди, тоо-мөңгүбүздү, дарыяларыбызды сактап, келечек муунга өткөрүп берүү маанилүү».

«Бүгүнкү иш-чара өзгөчө маанилүү. Бул түздөн-түз сиздерге чоң жолдорду ачып бере турган аянтча. Жаштар — өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви, баардыгы өзүбүздөн көз каранды», – деди КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков.

Кыргызстандын Жашыл Альянсынын төрагасы Арстан Кадыров катышуучуларга кайрылып мындай деди: «Сиздердин азыркы аракеттериңиздер жана жетишкендиктериңиз айлана-чөйрөнү сактоо боюнча чечимдерди издөөнүн фундаменталдуу натыйжасы болуп саналат».

«Жаштар – келечек гана эмес, биздин бүгүнкү күнүбүз, анткени алар коомдун эң демилгелүү жана динамикалуу бөлүгү. Жаштар жаңы нерсени жаратууга, эң ийгиликтүү чечимдерди издөөгө умтулат. Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү көп жагынан анын стратегиялык, экономикалык жана саясий багыты өсүп келе жаткан муундун, анын чыгармачылык активдүүлүгүнөн көз каранды. Климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди бириктирүү үчүн чогулган Борбордук Азиянын жигердүү жаш муундарын көрүү кубандырат», – деди UNISON Groupтун президенти Нурзат Абдырасулова

Бегим Жанузакова, RCOY аймактык командасынын мүчөсү, 27-ТК жаштар делегаты, Кыргызстандын Жашыл Альянсынын координатору: «Жаштар үчүн (бүт дүйнөдөгү жана албетте биздин аймакта) климат ар бир адамдын иши. Климаттык кризисти жана аны менен байланышкан бардык көйгөйлөрдү жалгыз көтөрүү мүмкүн эмес экенин моюнга алуу менен, биз климаттык аракеттерге бул катышууну улантууга жана биздин өлкөлөрдүн жаштары, региондун жаштары, дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү катары аларды коргоого даярбыз».

COY17 Жаштар делегаты Самар Канатов: «Өткөн жылы биз, жаштар, Кыргызстанда биринчи жолу LCOY өткөрүүдө колдоо алдык. Ал эми быйылкы жылы биз мындан да көп иштерди жасап жатабыз, биз толкунду – Борбордук Азиядагы климаттык аракеттердин жаштар толкунун түздүк! Ушул жылы COY17де өткөн жаштардын глобалдык климаттык жолугушуусунда RCOY Борбордук Азиядагы жетишкендиктерибизди тартуулоо сыймыгына ээ болдум».

RCOY Central Asia конференциясы жаштар тобу тарабынан «жаштар үчүн жаштар» принциби боюнча уюштурулган. RCOY Central Asia командасы ар түрдүү жаштар жана экологиялык уюмдар жана демилгелер, анын ичинде Кыргызстандын Жашыл Альянсы, CAY4W, Жаштарды өнүктүрүү институту менен көрсөтүлгөн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) – Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоору жана «Стокгольм+50» долбоору тарабынан колдоого алынган.

 

Маалымат катары:

RCOY – UNFCCC Жаштар Кеңсеси (YOUNGO) тарабынан жактырылган жана UNFCCC Тараптар Конференциясына андан ары илгерилетүү үчүн дүйнө жүзүндөгү аймактардагы жаштардын идеяларын жана үндөрүн чогултууга багытталган Аймактык Жаштар Конференциялары.