Борбордук Азия өлкөлөрү Климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү үчүн алдын ала эскертүү системаларын талкуулап жатышат

2023-ж., 21-September

 

21-сентябрда, Бишкек – бүгүн Бишкекте климаттын өзгөрүшү жана Борбордук Азиянын туруктуулугу боюнча жогорку деңгээлдеги диалог өз ишин баштады. Иш-чара Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнүн туруктуулугун жогорулатууда жана кесепеттерин жумшартууда алдын ала эскертүү системасынын чечүүчү ролун талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык эксперттерди жана илимпоздорду чогултту.  

            Борбордук Азия өлкөлөрү Климаттын өзгөрүшүнүн таасирине өтө аялуу болуп саналат. Катуу ысык толкундар, кургакчылык, нөшөрлүү жаан-чачын жана башка экстремалдык метеорологиялык окуялар айлана-чөйрө, экономика жана адамдардын ден соолугу үчүн олуттуу көйгөйгө айланууда. Алдын ала эскертүү системалары тобокелдиктерди азайтуу жана ушул сыяктуу табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн активдүү маселени сунуштайт. Алар Париж келишими жана Сендайдын тобокелдиктерди азайтуу алкагы сыяктуу глобалдык демилгелерге шайкеш келип, өнүгүү максаттарына олуттуу салым кошуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө абсолюттук артыкчылыгы болуп саналат. 

            Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов конференциянын ачылышында:

 

"Аймактык координация жана кызматташтык адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн алдын ала эскертүү системасын күчөтүү үчүн тажрыйба жана инновациялар менен алмашуу үчүн зарыл",
- деп баса белгиледи.

 

Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деди: 

 

"Кыргызстандагы БУУӨП көп жылдар бою өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда башкаруунун бирдиктүү системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келген. Бүгүн биз Борбордук Азиядагы климаттык туруктуулук маселелери боюнча аймактык диалог үчүн платформа сунуштайбыз. Биз бул диалогдун алкагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү жаатында чек аралык кызматташтык күчөтүлөт деп үмүттөнөбүз, анткени климаттын өзгөрүшү чек араларды тааныбайт".

          

           Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасындагы БУУ (БУУӨП) Өнүктүрүү программасы, Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен БУУӨПтүн Стамбул регионалдык борбору тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги бүгүнкү диалог өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды эртелеп алдын алуу жана мониторинг жаатында чек аралык кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө арналган.  

           Европа Биримдиги климаттын өзгөрүшүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуудагы башкы артыкчылыктардын бири катары аныктады.

 

"Климаттык каржылоонун дүйнөдөгү эң ири донору катары Европа Биримдиги мүчө өлкөлөр менен бирге Борбордук Азия мамлекеттерине акыркы 105 жылда 10 миллиард евродон ашык инвестиция кылган. Биз Борбордук Азия өлкөлөрүн саясий диалогдо, өнүктүрүү максатындагы кызматташтыкта жана көптөгөн кызыккан тараптардын катышуусундагы өнөктөштүктө, ошондой эле аймактык өнүгүүгө стратегиялык мамиле аркылуу колдоону улантабыз",
- деди Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йозефсон.

Климаттык тобокелдиктердин трансчек аралык мүнөзүн эске алуу менен эрте алдын алуу системалары Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселесине  айланууда. 

"Өлкөлөр зарыл болгон инфраструктурага, потенциалды жогорулатууга жана билим алмашууга инвестиция салуу менен Борбордук Азия регионунда алдын ала эскертүү системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруусу керек. Технологияларды, маалыматтарды колдонуу жана аймактык кызматташууга көмөк көрсөтүү менен биз климаттык тобокелдиктерге күн мурунтан даярданып, алардын биздин коомго, экономикага жана экосистемага тийгизген таасирин жумшарта алабыз",
- деп белгиледи Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин климаттык саясат департаментинин илимий-техникалык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бакытгүл Байтанбалиева.

Жакында кабыл алынган "Өзбекстан – 2030" стратегиясында өзүнчө бөлүм суу ресурстарын үнөмдөө жана айлана – чөйрөнү коргоо боюнча маселелерге арналган, атап айтканда, алдын ала эскертүү деңгээлин, тобокелдиктердин болжолдорунун тууралыгын, агрометеорологиялык божомолдордун тууралыгын максималдуу мааниге жеткирүү пландаштырылган. 

"Биз аймактык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен аракеттерди бириктирүү бул маселелерди чечүүдө эң керектүү ыкмалар деп эсептейбиз",
- деди Өзбекстан Республикасынын Экология, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин министринин Катчылыгынын жетекчиси Кадамбой Сайтов.

 

          Жогорку деңгээлдеги Диалог климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттерди илгерилетүү боюнча глобалдык аракеттерге шайкеш келет жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгы үчүн туруктуу, климаттык туруктуу келечекти курууга болгон умтулуусун тастыктайт. 

            Тажикстан Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу Комитетинин биринчи орун басары Хотамшо Латифзода: 

"Биз климаттын өзгөрүшү доорунда жашап жатабыз, ал баарыбызга таасир этет. Климат “коркунучтун көбөйткүчү", бирок глобалдык кызматташтыктын тездеткичи. Бул факт элдердин биримдигине жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону эске алуу менен глобалдык туруктуу өнүгүү багытында кызматташууга өбөлгө түзөт".
"Түркмөнстан региондогу өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыкта Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө жана туруктуу өнүгүүгө жана биздин региондун алдында турган экологиялык көйгөйлөргө адаптациялоо боюнча пландуу иштерди жүргүзүп жатат",
- деди Түркмөнстандын айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин гидрометеорологиялык кызматынын метеорология бөлүмүнүн башчысы Ходжаназ Жумашов.

 

2022-жылдын март айында БУУнун Баш катчысы "Баарына алдын ала эскертүү" демилгесин көтөрүп, 2027-жылга чейин жер жүзүндөгү ар бир адам алдын ала эскертүү тутумдары менен коргоого чакырды. 

2002-жылдан бери бүткүл дүйнө боюнча БУУӨП климаттык маалымат жана эрте кабарлоо системаларын түзүү боюнча 80ден ашык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды, аларды 4,8 миллиондон ашык адам 60 өлкөдө, анын ичинде Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда пайдаланышты. 150дөн ашык алдын ала эскертүү системалары орнотулуп, 2,3 миллион адам үчүн маанилүү климаттык маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. 

 

Европа Биримдигинин тарабынан каржыланган "Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" боюнча регионалдык долбоору жергиликтүү, улуттук жана региондук деңгээлдерде кызыккан тараптардын арасында климаттын морттук тобокелдиктери жөнүндө билимдерди жакшыртууга басым жасоо менен ишке ашырылууда; саясатты иштеп чыгууга жана ресурстарды тобокелдиктерди эске алуу менен башкарууга көмөктөшүү, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу боюнча практикалык иш-чараларды колдоодо.
БУУӨП БУУнун глобалдык өнүгүү тармагы, өзгөрүүлөрдү жактаган жана калкты жакшы жашоону курууга жардам берүү үчүн билим, тажрыйба жана ресурстар менен байланыштырган уюм. Биз 170ке жакын өлкөлөрдө жана аймактарда глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн иштешип жатабыз. Жергиликтүү потенциал өнүккөн сайын алар БУУӨПтүн кызматкерлерине жана биздин өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүнө таянат.