Өз ичибиздеги жаңжалдарды чечүү биздин айланабыздагы жаңжалдарды чечүүгө жардам берет

2022-ж., 3-November

Бишкек, 2022-жылдын 2-ноябры – 2021-жылы БУУӨП 15 өлкөдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында психикалык ден соолукту жана психосоциалдык колдоону (ПДПСК) зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу (ЗЭА) жана тынчтыкты сактоо программасына интеграциялады. Коомдоштуктардын психологиялык жана социалдык муктаждыктарын канааттандыруу туруктуу тынчтыкты куруу үчүн зарыл: Өз ичибиздеги жаңжалдарды чечүү биздин айланабыздагы жаңжалдарды чечүүгө жардам берет.

БУУӨП Кыргызстан психосоциалдык колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, теологдор жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин региондук бөлүмдөрүндөгү адистер үчүн эки күндүк тренингди уюштурду.

«Зомбулуктуу экстремизмди четтетүү үчүн психосоциалдык колдоо жана травмаларга чыдамсыздык» деген тренингге 30 адам катышты. «Адамдар татаал кырдаалдарга туш келүүдө жана алардан өз алдынча чыга албай жатат», - деп айтты өзүнүн саламдашуу сөзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу. Адегенде алар пробациянын кардарларынын муктаждыктарын табат жана иликтейт, алар укук бузууга алып келген себептерди аныктайт. Жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигине биринчи жолу тартылганда психологиялык жактан өзүн жоготуп коет жана коркуп калат.

- Биз муну сот системасы аларга коомдон ажыратпастан жазаны өтөө мүмкүнчүлүгүн бергендигин түшүндүрүп, мындай кырдаалдарда аларга тиешелүү психологиялык жардам беребиз. Бул тренингде биздин кесиптештерибиз өздөрүнүн билимдерин жана пробациянын кардарлары менен алдын ала иштөө жөндөмдөрүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн алат. Үзүрлүү кызматташтыгы үчүн мен БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирем, потенциалды арттыруу боюнча бардык мурдагы иш-чаралар пробация бөлүмүнүн кызматкерлерине, ошондой эле кардарларга оң таасир этти. Статистика боюнча биздин кардарларыбыздын арасында рецидивдердин саны азайды», - деп жыйынтыктады Д. Молдокулов.

Тренингдин негизги максаттары төмөнкүлөр болду:

  • Зомбулуктуу экстремизм менен байланышкан укук бузуулар үчүн айыпталып жаткан адамдардын психикалык ден соолугунун, психосоциалдык бейкамдыгынын жана аларды реабилитациялоонун ортосундагы байланышты түшүнүү.
  • Илдеттер жана травмалар адамдардын ден соолугуна, эмоцияларына, оюна жана жүрүш-турушуна кандай таасир этип жаткандыгын түшүнүүнү арттыруу.
  • Күндөлүк иште эмоцияларды жөнгө салуунун базалык практикасын аткаруу кудуретин жакшыртуу жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн травмаларга чыдамсыздыкты көндүрүү.

Машыктыруучу, Beyond Conflict уюмунун программасынын директору Михаил Никончук зомбулукту колдонуу менен узакка созулган кризистер жана жаңжалдар коомдоштуктардын, ошондой эле айрым адамдардын психикалык ден соолугу жана бейкамдыгы үчүн кыйраткыч кесепеттерге ээ деп түшүндүрдү. «Пробациянын кардарларынын травмалуу өткөндөгүсүн түшүнүү аларга өз коомдоштуктарына кайра кайтып келүүгө жана өз жашоосун жакшыртууга жардам берет».

 

Демилге ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Asia)  БУУӨП долбоорунун алкагында өттү. 

Иш-чаранын фотоальбомуна шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjAcUkY.

***

ЖМКлар үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org