Ош шаарынын жаштары тынчтык куруу боюнча медиа продукттарды иштеп чыгарышууда

2020-ж., 24-November

Бүгүн Ош шаарында Тынчты куруу медиа лабораториясынын катышуучуларынын презентациясы болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана «Юз оф Ош» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Бир ай бою Медиа лабораторияга катышкан Ош шаарынын чыгармачыл 25 жаш улан-кыздар санариптик контентти жаратуу боюнча көндүмдөрүн өздөштүрүп өнүктүрө алышты, ошондой эле алар лидерлик сапаттар, баарлашуу жана топтук иш боюнча окутулушту.

Бул демилгенин негизги максаты - тынчтык куруу, коомчулуктагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жаш лидерлер арасында кызматташтыкты чыңдоо жаатында санариптик чыгармачылык көндүмдөрүн өздөштүрүү жана колдонуу болду.

Медиа лабораторияга жаш блогерлер, IT- адистер, дизайнерлер жана башка чыгармачыл жаштар катышты. Катышуучулар 5 топко бөлүнүп, медиа эксперт жана тренер Адинай Касымбекованын колдоосу менен өз медиа продукттарын иштеп чыгарышты.

Катышуучулардын демилгелери тынтык куруу, улуттар аралык достук, толеранттуулук, социалдык жоопкерчилик, экоактивизм сыяктуу идеяларын жайылтууга багытталып, жаштардын кызыкчылыктарына жараша иштеп чыгарлылды. Алардын медиа продукттары кыска социлдык видео роликтер, комикс, Телеграм канал жана ТикТок видео түрүндө сунушталды.

«Медиа лаборатория социалдык көйгөйлөргө кайдыгер болбогон жаш блогерлерге жана активисттерге мультимедиалык продукттарды жаратуу үчүн керектелен негизги көндөмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бүгүн жыйынтыктоочу иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн медиа продукттарын презентация кылышты. Презентация учурунда жаштар тынчтык куруу жана толеранттулук, эко жоопкерчилик жаатындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун креативдүү түрдө айтып беришти», - Акмарал Сатинбаева, «Юз оф Ош» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору.

Тынчтык куруу медиа лабораториясы БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, БУУнун Тынчтык куруу фондунун  “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ымаласын жана кызматташтыгын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Долбоор БУУнун Кыргызстандагы уюмдары (ЮНИСЕФ, ПРООН и ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда жана чек ара аймактарында коомдук биримдикти чыңдоого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өзбекстан менен кызматташтыкты колдоого багытталууда.