Ош инвестициялык кеңеши БУУӨПтүн колдоосунда ишин баштады

2024-ж., 12-April

Ош, 2024-жылдын 12-апрели – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Аймактык инвестициялык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова, Инвестициялык кеңеш катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин, БУУӨП туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, Мамлекеттик салык кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары катышышты.

Талкуунун чордонунда инвестициянын жана региондун экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү үчүн мамлекеттик-жеке диалогдун маанилүүлүгү болду. Анда мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү, салык инновациялары боюнча жеке сектордун маалымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө басым жасалды. Жергиликтүү ишкерлер жана инвесторлор тиешелүү мамлекеттик органдардагы кесиптештери менен жалпы көйгөйлөрдү талкуулап, өз ой-пикирлерин жана потенциалдуу чечимдерин сунуштоого мүмкүнчүлүк алышты.

«Ош инвестициялык кеңеши бизнес жүргүзүүдө пайда болгон маселелерди чечүүчү аянтча болмокчу. Ал бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды жана инвестициялык климатты жакшыртууда, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүн коргоодо жана колдоодо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө алдыңкы ролду ойнойт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунда өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев. 

«Бүгүнкү иш-чара бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча региондук күн тартибин биргелешип аныктоо, бизнести жөнгө салуу саясатына тартуу, сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу жана тартуу үчүн өкмөт, ишкерлер жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда туруктуу жана инклюзивдүү диалогду камсыз кылуу боюнча мамлекеттик пландарды жана артыкчылыктарды ишке ашырууга салым кошот. Бул региондорду өнүктүрүү саясатын ишке ашырууда», - деп белгиледи Инвестициялык кеңеш катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев.

БУУӨП бизнестин күн тартибин калыптандыруу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы диалогду бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтөт. Бул максатка жетүү үчүн БУУӨП негизги өнөктөштөр менен бирге аймактык инвестициялык кеңештерди түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырат. Бул кеңештер мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалог механизмдерин институционалдык деңгээлде бекемдөөгө салым кошуп, диалог аянтчасы катары кызмат кылат.

«Биз Регионалдык инвестициялык кеңештин иши алгалашын чыдамсыздык менен күтөбүз, ал туруктуу жана эффективдүү көп тараптуу диалог платформасы болуп, бизнести өнүктүрүү, жаштардын ишкердиги, аялдардын ишкердиги, чыгармачыл индустриялар, санариптештирүү, туризм, аймактарды өнүктүрүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, жашыл чечимдерди илгерилетүү жана аймактын инвестициялык потенциалын бекемдөө сыяктуу ар кыл чөйрөлөрдө көптөгөн көйгөйлөрдү» - деп баса белгиледи Моника Ризал, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары. 

БУУӨПтүн жардамы тиешелүү улуттук өнөктөштөр менен координациялоодо жана кызматташууда бир нече негизги багыттарды камтыйт:

• Диалог үчүн негизги аянтчаларды берүү аркылуу аймактык инвестициялык кеңештерди түзүүгө көмөктөшүү.

• Диалогдук аянтчаларды түзүү жана экспертизаларды берүү аркылуу мамлекеттик-жеке диалогду жана өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү үчүн кошумча техникалык колдоо көрсөтүү.

• Жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү үчүн маанилүү болгон ар кандай темаларды камтыган биргелешкен көз карашты жана иш-аракеттерди пландаштырууда кызматташуу.

• Айрым шаарларда инвестицияны өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү.

Аймактык инвестициялык кеңеш КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен БУУнун Өнүктүрүү программасы менен тыгыз кызматташтыкта ​​түзүлгөн.

***

Байланыш маалыматтары: Айдаров Өмүрбек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана региондогу комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 0999 080 808

ЖМК суроолору боюнча БУУӨПтүн коомчулук менен иайланыш бөлүмүнүн кызматкери Айнагүл Абдрахмановага кайрылыңыз ainagul.abdrakhmanova@undp.org