Ош шаарында “АРТҮРДҮҮЛҮК” чыгармачыл демилгеси башталды

Ош шаарында “Кыргыз жараны” концепциясынын жалпы жарандык иденттүүлүктүн жана маданий көп түрдүүлүктүн жана толеранттуулуктун баалуулуктарын жайылтуу максатында “АРТҮРДҮҮЛҮК” чыгармачыл демилгеси башталды

2023-ж., 3-August

 

03.08.2023 / Ош, Кыргызстан – Кечээ, Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде ART Hotel жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте «АРТҮРДҮҮЛҮК» чыгармачылык лабораториясынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

«АР ТҮРДҮҮЛҮК» деген сөз кыргыз тилинде маданияттардын көп түрдүүлүгүн билдирет, ал эми «ART» деген англис тилинен которгондо «көркөм өнөр» деп түшүнүлөт. Демилге “Кыргыз Жараны” концепциясында камтылган жарандык иденттүүлүктүн баалуулуктарын көркөм өнөр жана тарыхый-маданий мурастар аркылуу кеңири жайылтууга багытталган.

Оштун жана Алай өрөөнүнүн жаратылыш жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган 50 сүрөт тартуу пландалууда. Чыгармачылык демилге 8-августка чейин уланып, Кыргызстандын 10 сүрөтчүсү, алардын арасында таанылган чеберлер да, жаш сүрөтчүлөр да катышат. Бул аралыкта сүрөтчүлөр тобу Ош шаарынан баштаб Памир трактысын бойлой Ош-Мады-Гүлчө-Сары-Таш-Дароот-Коргон маршруту боюнча саякаттап, жергиликтүү жашоону жана элди тартышат. 

Мидинова Бактыгүл, Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директору

Назгүл Эмилбекова

«Бул өнөр техникасы “пленэр” деп аталат, француз тилинен «ачык асман» дегенди билдирет - бул, сыртта, табигый жарыкта сүрөт тартуу ыкмасы. Сүрөтчүлөргө Алай өрөөнүнүн кооз жерлерин — жайлоолорду, шаркыратмаларды, капчыгайларды, Ленин чокусун, булактарды көрсөтүүнү пландап жатабыз. Кыргызстандын элинин түштүк аймагынын тарыхы жана маданияты менен сүрөтчүлөрдүн көзү менен таанышуусу кызыктуу болот деген ойдобуз”,-дейт Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директору Мидинова Бактыгүл.

Турсуналиев Бекжан, КР Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү

Назгул Эмильбекова

«Иш-чара бардык этностук жамааттарды бириктирип, алардын этномаданий өзгөчөлүгүн сактап турган «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясынын баалуулуктарын жайылтат. Мындан тышкары, артисттер жана башка чыгармачыл адамдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу коомчулуктун активдүүлүгүнүн үлгүсү түзүлөт деп күтүлүүдө», - дейт КР Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Турсуналиев Бекжан. 

«БУУӨП коомчулуктар ортосундагы диалог, инклюзивдик жана жоопкерчиликтүү башкаруу аркылуу бекемделген жалпы жана инклюзивдик жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракеттерин колдойт, ошондой эле өлкө үчүн чыр-чатак тобокелдиктерин азайтуу үчүн профилактикалык чараларды күчөтөт. Бул түзүмдүн алкагында биз улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги инклюзивдүү жана жоопкерчиликтүү башкаруу үчүн саясатты жана институттук механизмдерди бекемдөөгө, ар түрдүүлүктү сактоого жана коомдогу толеранттуулукту жогорулатууга салым кошобуз. Көркөм аянтчалар бул мааниде өнөр аркылуу жамааттардын биримдигин чыңдоого мүмкүндүк берет”, - дейт ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Башкаруу жана тынчтыкты куруу программасынын социалдык биримдик боюнча улук кеңешчиси Мукаш Калдаров. 

Пленэрдин аягында катышуучуларга бир айдын ичинде долбоорлорун жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү берилет. Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы августтун аягында – сентябрдын башында отчеттук көргөзмө болот. Ошондой эле айрым эмгектердин аукциону болот, сатуудан түшкөн бардык каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар коомуна берилет. 2021-2026-жылдарга “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясынын приоритеттүү багыттары: 

  • «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгү жөнүндө аң-сезимдүү түшүнүктү калыптандыруу. 
  • Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоо 
  • Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү 
  • Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүдө бирдей шарттарды түзүү 
  • Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу