Кыргызстандагы БУУӨП экологиялык укуктук адилеттүүлүктү илгерилетүү боюнча Улуттук диалог платформасын түзүүнү колдойт

2023-ж., 2-November
Memorandum signing process

Signing a Memorandum of Understanding (MoU) to create a National Dialogue Platform. This platform will serve as a vital forum for discussing environmental rights and access to justice.

Photo: Nurzhan Alymkanova, UNDP Kyrgyzstan

2023-жылдын 2-ноябры, Бишкек – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы экологиялык адилеттүүлүктү илгерилетүүдө маанилүү роль ойноодо. Негизги мамлекеттик өнөктөштөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү координациялык кеңешмеге чогулуп, Улуттук диалог платформасын түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна (ӨАТМ) кол коюшту. Бул платформа экологиялык укуктарды жана сот адилеттигине жетүүнү талкуулоо үчүн маанилүү форум катары кызмат кылат.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Токтакунов Кумарбек, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Раимкулова Асель, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аликовна Аскарова, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын юристтер кеңешинин төрагасы Райымкулов Билим, Бишкек шаарындагы Орхус борбору мекемесинин жетекчиси Нурбеков Адил Кеңешбекович кол коюшту.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков меморандум тууралуу төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Келечек муундар үчүн жаратылыш чөйрөсүн сактоо үчүн экология маселелерине комплекстүү мамиле кылуу зарыл: бул мыйзамдарды иштеп чыгуу, макулдашууларды түзүү, экологияны калыбына келтирүүгө каражат бөлүү, биргеликте жашылдандыруу  иштерин жүргүзүү жана башкалар. Ошол эле учурда экологиянын начарлашына жараша дагы бир көйгөй - экологиялык укуктарды коргоо маселеси пайда болот.

Айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелер боюнча экологиялык укуктарды талкуулоо жана сот адилеттигине жетүү боюнча улуттук диалогдук платформаны түзүү боюнча Меморандум Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция Министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Адвокатура сыяктуу органдардын күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.

Өнөктөштүктүн мындай форматы жана ачык диалог аянтчасын түзүү көйгөйлөрдү ар тараптан талкуулоого жана кароого, ошондой эле  аларды чечүүнүн тезирээк жана натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн биз бардыгыбыз күч-аракеттерди бириктирип, туруктуу жана конструктивдүү диалогду жүзөгө ашырып, өз ара урматтоо принциптерине негизделген чыныгы кызматташтык атмосферасын түзүүгө умтулушубуз керек”.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маселелер боюнча сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар менен жарандык коом уюмдарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.

Ачылыш аземдеги куттуктоо сөзүндө БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева айым экологиялык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн консультациялык жана дискуссиялык аянтчаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Улуттук диалог платформасынын катышуучуларынын экологиялык адилеттүүлүк саясатын илгерилетүү жана ишке ашыруу чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнү координациялоо үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турууга болгон каалоосун БУУнун Өнүктүрүү программасы жылуу кабыл алат. Биз бардык негизги улуттук өнөктөштөрдүн экологиялык адилеттүүлүк чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүгө бирдиктүү салым кошуу боюнча макулдаша алганына кубанычтабыз. Ошондой эле, платформанын катышуучуларынын жалпы сунуштарды жана өз кызматкерлерине окутуу программаларын иштеп чыгуу үчүн гана эмес, мыйзамдык базаны да өнүктүрүү боюнча билдирүүлөрүн кубаттайбыз”.

Экологиялык адилеттүүлүк маанилүү, анткени ал туруктуу жана таза планетада жашоого умтулуусу үчүн адамдын негизги укугун камсыздайт. Экологиялык адилеттүүлүк болбосо, аярлуу жарандар таза жана коопсуз чөйрөдө жашоого болгон укуктарын коргой алышпайт.

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы жана Орхус борбору менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы жаңы демилгебиз аркылуу экологиялык укук адилеттүүлүк механизмдерин бекемдөө жана сот адилеттигинин субъекттеринин потенциалын өнүктүрүү максатында сот адилеттиги жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү өнөктөштөр менен кызматташууга умтулат.

 

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси Nurzhan.alymkanova@undp.org      же +996770755776.