Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытындагы жаңы мыйзамдар
2025-ж., 28-May
Майыптыгы бар адамдардын сүрөттөрү менен коллаж
Акыркы жылдары Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселеси актуалдуу маселелердин бирине айланууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче, 2025-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 218 миңден ашык майыптыгы бар жаран жашары аныкталган – бул калктын 3%ын түзөт. Акыркы 10 жылда алардын саны 50 миңге көбөйгөн.
БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жана милдеттенмелер
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциясы Кыргызстанда 2019-жылы ратификацияланып, документ ошол жылдын 24-мартында күчүнө кирген. Ага ылайык, мамлекет майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу, алардын коомго толук кандуу аралашуусуна шарт түзүү, жеткиликтүү чөйрө жана инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алган.
Конвенциянын талаптарын ишке ашырууда олуттуу кадамдар жасалганына карабай, бул багыттагы аракеттерди дагы да тереңдетүү жана мыйзамдардын толук ишке ашуусун камсыз кылуу үчүн кошумча иш-аракеттер зарыл.
«Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы
Майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасында «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы кабыл алынган. Бул программа 2023-2030-жылдарга карата иштелип чыгып, майыптыгы бар адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова программаны ишке ашыруу боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:
«Бул программа универсалдуу дизайн жана ыңгайлаштыруу принциптерине негизделген. Универсалдуу дизайн — бул объекттерди, программаларды жана кызматтарды бардык адамдарга жеткиликтүү иштеп чыгуу жана колдонуу эрежелери. Буга – имараттар, транспорт, маалыматтык жана байланыш каражаттары кирет».
Кыял Жанузакова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары
Нормативдик ишмердүүлүк жана укуктарды коргоо
2020-жылы Кыргыз Республикасында Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлүп, майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган.
Учурда майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу мыйзамдардын баардыгы сөзсүз түрдө аталган Кеңеш менен макулдашуусу сунушталган. Бул кадам алардын укуктарын коргоодо жана туура чечим кабыл алууда маанилүү роль ойнойт".
Салыктык жеңилдиктер жана мыйзамдык өзгөртүүлөр
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар салыктык жеңилдиктер киргизилген. 2024-жылдын 1-августунан тартып төмөнкү өзгөртүүлөр күчүнө кирди:
1- жана 2-топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн киреше салыгы 10%дан 5%га чейин төмөндөтүлдү
3-топтогу угуусу начар адамдар үчүн салыктык жеңилдиктер каралды.
Социалдык фондго төгүмдөр 3,25%га чейин азайтылды (айрым секторлордон тышкары).
КР ЖК депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, ишканалар майыптыгы бар адамдарды жумушка алса, кошумча жеңилдиктерге ээ болушат.
«Эгерде ишканада 50 адам иштесе, алардын кеминде 1–2си майыптыгы бар жаран болсо, компания жогорудагы жеңилдиктерди пайдалана алат. Эгерде ишканада 100дөн ашык кызматкер болсо жана алардын арасында 3–4 майыптыгы бар кызматкер болсо, ишкана Соцфондго төлөмдөрдү кыскартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок ошол эле учурда иш берүүчү квотаны аткарбаса, анда “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” негизинде айып пул салынат».
ЖК депутаты Дастан Бекешев
Бул механизм жумуш берүүчүлөр үчүн да пайдалуу, ал эми майыптыгы бар адамдардга — иш менен камсыз болууга реалдуу шарт түзөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасында Майып адамдардын укуктары боюнча Конвенциянын жоболоруна ылайык реформаларды илгерилетүүдө негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. БУУӨП укуктук талдоо жүргүзүүдө, институттарды өнүктүрүүдө жана эл аралык тажрыйбаларды киргизүүдө колдоо көрсөтөт. Акыркы жылдары аймактарда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү, мамлекеттик жана жергиликтүү кызматкерлерди окутуу, жаңсоо тили боюнча кызматтарды өнүктүрүү жана санариптик жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылды. Ошондой эле, БУУӨП коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга, майып адамдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун бекемдөөгө жана инклюзивдүү коомду калыптандырууга салым кошууда.