Негизги улуттук бийлик органдары Кыргызстандын суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык тобокелдиктерди интеграциялоо боюнча тренингдин 2-этабын аякташты

2022-ж., 20-October

Негизги улуттук бийлик органдары 17-18-октябрда Ош шаарында БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишке ашырып жаткан жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» аймактык долбоорунун алкагында уюштурулган Кыргызстандагы суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык көйгөйлөрү боюнча 2-Улуттук тренингде суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык тобокелдиктерди интеграциялоо боюнча окууну аякташты. Тренингге суу ресурстарын башкаруу жана климаттык тобокелдиктер чөйрөсүндөгү негизги улуттук жана жергиликтүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери кыйла сезилерлик болууда: температуранын өзгөрүшү, жердин деградациясы жана кургакчылыктын күчөшү, суунун тартыштыгынын күчөшү, эрозиянын күчөшү, мөңгүлөрдүн жана кар катмарынын аянтынын кыскарышы. Борбордук Азия калкынын дээрлик 30% Фергана өрөөнүндө жашайт жана бул аймак өзгөчө трансчек аралык климаттык өзгөрүүлөрдүн аймактарынын арасында климаттын өзгөрүү коркунучу болгон эң чоң аймак болуп эсептелет. Борбор Азиядагы жылуулуктун темпи дүйнөлүк көрсөткүчтөн орточо жогору.

«Өзгөчө кырдаалдардын өсүү тенденциясы климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле суу тармагындагы көйгөйлөргө байланыштуу. Зыяндын кесепеттери дээрлик кайтарылгыс болуп калат жана натыйжада өлкөнүн жашоо деңгээлин жогорулатуу аракеттерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз суу ресурстарын башкаруу жана климаттык тобокелдиктер жаатында сактык чараларын колдонушубуз керек. Бул маселеде бардык таламдаш тараптардын куч-аракеттерин консолидациялоого убакыт жетти», — деп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.

«Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоору жергиликтүү, улуттук жана аймактык деңгээлдеги кызыкдар тараптардын климаттын туруксуздугунун тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, тобокелдикке негизделген саясатты иштеп чыгууга жана ресурстарды башкарууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу жана алдын алуу боюнча практикалык чараларды колдоого багытталган.

«Фергана өрөөнүнүн аймагы социалдык-экономикалык, демографиялык өзгөчөлүгүнө жана аялуулугуна байланыштуу БУУӨПтүн жардам көрсөтүүсү үчүн өзгөчө маанилүү аймак болуп саналат. Биз өлкөбүздүн үч түштүк аймагындагы жардамыбызды аялдардын жана жаштардын ролун күчөтүүгө, жаш ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, жаратылыш объекттерин сактоого, коргоо инфраструктурасын курууга ж.б. багыттайбыз. Бирок жетишкендиктерди сактап калуу жана көбөйтүү үчүн бул аймакта туруктуулук, анын ичинде климатка туруктуулук керек», – деди Кыргызстандагы БУУӨПтүн Климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева.

«Климаттын өзгөрүүсү экологиялык гана көйгөй эмес, ошондуктан БУУӨП аймактык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде секторлор аралык кызматташууну илгерилетүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурат. Комплекстик мамиле туруктуу өнүгүү үчүн баалуу, бирок чектелген ресурстарыбызды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет», - деди Өзбекстандагы БУУӨПтүн «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоорунун аймактык менеджери Исомиддин Акрамов.

Ушул жылдын 12-13-июлунда Ысык-Көл облусунда суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык көйгөйлөрдү интеграциялоо боюнча 1-Улуттук тренинг өткөрүлгөн. Анын жыйынтыктарынын негизинде катышуучулар Фергана өрөөнүнүн кыргыз бөлүгүндөгү суу ресурстарына климаттын өзгөрүшүнүн таасирин кароодо эске алынууга тийиш болгон 3 негизги тобокелдиктерди аныкташты: сугат суусунан улам келип чыккан чыр-чатактын мүмкүн болуучу тобокелдиктери, табигый кырсыктардын тобокелдиктери жана ландшафттын бузулушу. 1-Улуттук тренингдин көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен долбоордун командасы маалыматтарды бириктирип, сунушталган үч тема боюнча көйгөйлөргө алдын ала талдоо жүргүздү.

«2-Улуттук тренингдин максаты – эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде методологияны кеңири иштеп чыгуу. Жыйынтыгында бул тренингдин катышуучулары суу ресурстарын башкаруу жана климаттык тобокелдиктер жаатындагы билимдерин өркүндөтүштү жана сунуш кылынган командалык жана жеке көнүгүүлөр аркылуу Фергана өрөөнүнүн кыргыз бөлүгүндө климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн алдын алуу иш-чараларын, жооп кайтаруу жана адаптациялоо чараларын интеграциялоо боюнча долбоордун кийинки иши үчүн дарыялардын бассейндерин тандоонун негизги параметрлерин талкуулашты жана сунушташты», – деди долбоордун улуттук координатору/кеңешчиси Гүлжан Махмудова.

«Бул окуу сессиясы ар бирибизге суу ресурстарын башкарууда болуп жаткан окуялардын реалдуулугун, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин жана түштүк аймактарыбызды өнүктүрүүнүн тең салмактуулугу үчүн кандай кадамдарды жасашыбыз керектигин түшүнүүгө жардам берди. Ошондой эле 7 миллионунчу кыргызстандыктын Баткенде төрөлүшү символикалык мааниге ээ, көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, бизде жакынкы жана алыскы келечекте баары жакшы болот деген белги», – деди БУУ ЕЭКтин экономикалык маселелер боюнча адиси Талайбек Макеев.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар Өзбекстанда жана Тажикстанда да өткөрүлөт, андан кийин бир консолидацияланган аймактык иш-чара уюштурулуп, анда өлкөлөр Фергана өрөөнүнө климаттын өзгөрүшүнүн таасир тийгизген коркунучтарын азайтуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулай алышат жана алардын алдын алуу боюнча конкреттүү чараларды сунуштай алышат.

Көбүрөөк сүрөттөр үчүн шилтемеге өтүңүз.