Негизги улуттук бийлик органдары Кыргызстандын климаттык тобокелдиктеринин суу саясаты жана бассейндик башкаруу пландарына интеграциялоо боюнча окуудан өтүштү

2022-ж., 13-July
Participants of the training session

Participants of the training session

Meerim Ruslanbekova

 

Бишкек 15-июль, 2022-жыл – БУУӨП тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» аймактык долбоорунун алкагында 12-13-июлда Ысык-Көл облусунда болуп өткөн Кыргызстандын суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык чакырыктарды интеграциялоо боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингге суу ресурстарын башкаруу жана климаттык тобокелдиктер чөйрөсүндөгү негизги улуттук жана жергиликтүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери кыйла сезилерлик болууда: температуранын өзгөрүшү, жердин деградациясы жана кургакчылыктын күчөшү, суунун тартыштыгынын күчөшү, эрозиянын күчөшү, мөңгүлөрдүн жана кар катмарынын аянтынын кыскарышы. Борбордук Азия калкынын дээрлик 30% Фергана өрөөнүндө жашайт жана бул аймак өзгөчө трансчек аралык климаттык өзгөрүүлөрдүн аймактарынын арасында климаттын өзгөрүү коркунучу болгон эң чоң аймак болуп эсептелет. Борбор Азиядагы жылуулуктун темпи дүйнөлүк көрсөткүчтөн орточо жогору.

 

«Бул иш биздин пландаштырган иш-чараларыбызга беш бассейндик суу чарба департаментин түзүүгө киргени үчүн абдан маанилүү. Азырынча бир гана Кара-Дарыя-Сыр-Дарыя-Амударья бассейндик суу чарба башкармасын түзүүгө жетиштик. Дарыянын же дарыялардын бассейни – бул экологиялык аймак, мында кылынып жаткан адаптациялоо чаралары жөнүндө сөз кылууга болот. Бул иштер ведомстволук максаттуу иш-аракеттерге гана таасирин тийгизбестен, бассейн боюнча бүтүндөй ведомстволук тартуу иш-чараларына салым кошот», — бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин суу чарба кызматынын директорунун орун басары Жайлообаев Абдибай билдирди.

«Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоору кызыкдар тараптардын жергиликтүү, улуттук жана аймактык деңгээлдеги климаттык туруксуздуктун тобокелдиктери жөнүндө билимин өркүндөтүүгө, саясатты иштеп чыгууга жана тобокелдиктердин негизинде ресурстарды башкарууга көмөктөшүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүн азайтуу боюнча практикалык чараларды колдоого багытталган. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын суу саясатына жана бассейндик башкаруу пландарына климаттык чакырыктарды интеграциялоо боюнча тренингдин максаты климаттын өзгөрүү тобокелдигин анализдөөдө суу жана климаттык тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндөгү негизги ведомстволордун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу болгон,ушундай эле ГЭФтин Трансчегара диагностикалык анализи/Эл аралык суулар боюнча стратегиялык аракеттер программасы (TDA/SAP), ГЭФ TWAP тажрыйбалары  жана климаттын өзгөрүүсүнүн тандалган сценарийин иштеп чыгуу методологиясын үйрөнүү болгон.

«Долбоордун негизги багыты климаттык тобокелдиктерди улуттук жана аймактык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине жана өнүгүү стратегияларына интеграциялоо болуп саналат. Бул сессия суу саясатына жана суу бассейнин башкарууга климаттык тобокелдиктерди интеграциялоонун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгилейт, трансчегаралык жана улуттук деңгээлдеги суу көйгөйлөрүн жакшыраак чечүүгө өбөлгө түзө алат, суу менен байланышкан климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө да көмөктөшөт», – БУУӨПтүн Кыргызстандагы координатору Гүлжан Махмудова билдирди – «Белгилей кетүүчү нерсе, ушуга окшош иш-чаралар Өзбекстанда жана Тажикстанда өткөрүлөт, андан кийин бир консолидацияланган аймактык иш-чара уюштурулат».

Катышуучулар климаттык коркунучтар жана суу менен байланышкан тобокелдиктер боюнча Фергана өрөөнүндөгү улуттук суу саясатына жана дарыя бассейндерин башкаруу пландарына интеграциялоо боюнча практикалык идеяларды иштеп чыгып талкуулашты.

«Бул тренинг сессиясы Фергана өрөөнүндөгү климаттык кооптуу жагдайлар менен байланышкан негизги көйгөйлөрдү аныктоодо, долбоорду өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун сунуштай тургандай диалог куруу үчүн жана алар бизге иш-аракеттин кайсы тармагында иштөө керектиги боюнча сунуштарды бериши үчүн адистерди чогултту», – деди Талайбек Макеев, «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоорунун эл аралык консультанты.

Натыйжада суу ресурстары жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири жана анын ыңгайлашуусу боюнча негизги улуттук жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү болуп саналган тренингдин катышуучулары сунуш кылынган командалык жана жеке машыгуулар аркылуу Фергана өрөөнүндө климаттын туруктуулугун жогорулатуу боюнча алдын алуу иш-чараларын, жооп кайтаруу жана адаптациялоо иш-чараларын интеграциялоо боюнча долбоордун мындан аркы иши үчүн дарыялардын бассейндерин тандоонун негизги критерийлери иштелип чыккан жана сунушталган. Ошону менен бирге катышуучулар иштин тематикасын, тандалган дарыя бассейндериндеги климаттык тобокелдиктердин жана коркунучтардын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн талкуулашты. Мындан тышкары катышуучулар климаттын өзгөрүү тобокелдигин топтук жана жекече талдоо, суу ресурстарын жана дарыялардын бассейнин башкаруу ыкмаларын үйрөнүштү.

***

«Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү» долбоору Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы БУУӨП, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Тажикстан Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо комитетинин Гидрометеорология боюнча агенттиги жана Өзбекстан Республикасынын Гидрометеорологиялык кызматы борбору жана Европа Биримдиги жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776