Насаатчылык ийгиликтин ачкычы катары: БУУӨП аймактардагы ишкер аялдар үчүн насаатчылык долбоорун аяктап жатат

2022-ж., 16-September

Насаатчылык программасынын Ош облусунан келген катышуучулары

UNDP

 

Бишкек, 2022-жылдын 16-сентябры – Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, Кыргызстандагы ишкер айымдар үчүн күчтүү жана позитивдүү үлгүлөрдү илгерилетүүгө багытталган ишкер айымдардын насаатчылык долбоору аяктап жатат.

БУУӨПтүн насаатчылык долбооруна катышуу үчүн Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан 22 ишкер айым тандалып алынган. Окуунун жүрүшүндө катышуучулар тандалып алынгын насаатчылар жана адистерден бизнести пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү, чакан бизнести мамлекеттик колдоонун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, маркетинг, персоналды башкаруу, бизнес-стратегия жана пландоо жаатындагы билимдерин жогорулатып, өз тажрыбайсында топтогон пайдалуу бизнес кеп-кеңештери менен бөлүшүштү. Ошондой эле финансылык жана сатууну эффективдүү башкаруу, маркетинг, өнөктөштөр жана кардарлар менен эффективдүү байланыш куруу боюнча онлайн семинарлар өткөрүлдү. Мындан тышкары, насаатчылар шакирттери үчүн алардын конкреттүү бизнесин кеңейтүү, алдыга жылдыруу, өнүгүүнүн натыйжалуу стратегиясын жана каржылык структураны түзүү боюнча бизнес-концепцияларды иштеп чыгуу боюнча жеке консультацияларды өткөрүштү.

«Долбоордун катышуучулары өз бизнесин кеңейтүүнү же түзүүнү пландап жаткан айымдар, ошондой эле бизнеси COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистин терс кесепеттерине туш болгон, айыл чарба, тамак-ашты кайра иштетүү, туризм жана соода тармактарында иш алып барган ишкерлер болду. Насаатчылык долбоору аларга Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлерден өз бизнесин жүргүзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча жеке жана кесиптик өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга мүмкүндүк берди деп ишенебиз», - деп БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун координатору Айсулуу Мамбетказиева түшүндүрдү.

Шакирттер үчүн насаатчылар алардын ишкердик түрүнүн окшоштугунун негизинде тандалып алынган. Бул катышуучуларга устаттары менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүгө, ийгиликтүү ишкерлердин тажрыйбасынан тажрыйба жана баалуу кеңештерди алууга жана өз компетенцияларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди.

«Ушундай долбоорлор көбөйүп, биз ишкер айымдарды дагы да колдосок, алар өз өнөрлөрүн, билимин жана тажрыйбасын балдары менен бөлүшөт! Мен Кыргызстандын өнүгүүсүн жана жаштардын билим алуусун колдойм. Бул жаатта да айымдар, айрыкча ишкер айымдар өзүнүн чоң салымын кошуп келет!» - дейт эл аралык «Hyatt Regency Bishkek» отелинин сатуу бөлүмүнүн  директору жана «Рейна Кенч» дыйкан чарбасынын негиздөөчүсү Рейна Джаныбекова.

Гасизова Асия – долбоордун шакирти. Ал кондитердик жана нан азыктарын өндүргөн «Сладости Карамель» ЖЧКсынын башкы директору. Азия долбоордун эң активдүү катышуучуларынын бири жана өзү ар дайым жаңы билим алууга умтулуп келет. «Насаатчылык карьераңызда өсүүгө жана өнөктөштөр менен бекем мамиле түзүүгө жардам берет. Мен үчүн заман менен бирге өсүү маанилүү, ал үчүн тынымсыз билим алуу жана өнүгүү керек. Мен үчүн долбоорго катышуу абдан маанилүү кадам болду, анткени мен бизнесимди жүргүзүүдө жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болдум, алар бүгүнкү күндө бизнести өнүктүрүү үчүн абдан зарыл. Мындай кеңештерди алуу үчүн көп адамдар көп акча сарптайт экенин билем, ал эми мен бул мыкты насаатчылык долбоорунун мүчөсү болуу бактысына ээ болдум», - деп бөлүштү Асия.

Маалымат үчүн: Насаатчылык долбоор Кыргызстандагы ишкер айымдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен «Курак» аялдар форуму» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылган.