Нариман айыл аймагында муниципалдык жаштар борбору ачылды

2021-ж., 26-May

Ош облусу / 2021-жылдын 26-майы – Бүгүн Кара-Cуу районунун Нариман айыл аймагынын Нурдор айылында муниципалдык жаштар борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болду.

Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда ачылган борбордун аземине айылдын жаштары, жаңы шайланган айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин, массалык маалымат каражаттарынын, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү катышты.

Муниципалдык жаштар борборунун ишмердүүлүгү айылдык кеңештин депутаттары бекиткен Жобонун негизинде уюштурулган жана айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген муниципалдык жаштар борборунун комитети тарабынан ишке ашырылат. Бул борбор Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, тиешелүү пилоттук муниципалитеттер жана БУУӨПтүн  ортосундагы тыгыз кызматташуунун натыйжасында түзүлгөн республикадагы 10 борбордун бири.

“Муниципалдык жаштар борборунун комитети тарабынан жаштардын социалдык-экономикалык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн кантааттандыруу үчүн программа иштелип чыкты. Анын негизинде жергиликтүү депутаттардын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен 512000 сом спорт залдын ремонтуна, 71000 сом жаштар борборуна эмеректерди алууга жумшалды” – деп Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Хосилов Нодир айтып өттү

«Жаштар борборлорун түзүү Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын артыкчылыктарына туура келет. Ачылган жаштар борборлору жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт деп үмүт кылабыз», - деп айтып өттү өз сөзүндө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош облсутук башкармалыгынын жетекчиси Жолдошев Астанбек баса белгиледи.

“Жаштар борборунда түзүлгөн жагымдуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр жаштардын өз дараметтерин, демилгелерин өз айылынын өнүгүшүнө пайдаланууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. БУУӨПтүн долбоорунун алкагында Нариман айыл аймагындагы муниципалдык жаштар борборун ремонттоо, эмерек жана жабдуулар менен камсыздоо үчүн 1млн. сомдон ашык жардам көрсөтүлдү. Жаштарды окутуу аркылуу конкурстук негизде окуучулардын интеллектуалдык, чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн Сулайманов атындагы мектепте 230700 сомдук гранттык 2 долбоор  жана 70000 сомдук 1 жаш ишкердин долбоору ишке ашырылды” - деп билдирди долбоордун аймактык өкүлү Таиров Шарабидин.

Муниципалдык жаштар борборун түзүү Япония өкмөтү каржылаган БУУӨПтүн «Борбор Азиядагы зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу үчүн коомчулуктун туруктуулугун жана аймактык кызматташууну күчөтүү» долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды.

***

Кошумча маалымат үчүн байланыш:

Таиров Шарабидин, 0777 957794, sharabidin.tairov@undp.org, Ош шаары, Ленин көчөсү, 93.