Юстиция министрлиги жана БУУӨП «Тилектештик автобусунун» жардамы менен сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүүдө

2025-ж., 4-July
Two people exchange a red folder in front of a white van on a sunny day.

Александра Соловьева менен Аяз Баетовду тапшыруу аземинде

UNDP / Kyrgyzstan

Бишкек, 4-июль 2025 – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги БУУӨП менен өнөктөштүктө бардыгы үчүн инклюзивдүү жана адилеттүү сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу багытында дагы бир кадам таштоодо. Бүгүн Юстиция министрлиги «Тилектештик автобусу» демилгесин кеңейтүү үчүн БУУӨПтөн жаңы микроавтобус алды. Ал алыскы аймактардын тургундарына акысыз юридикалык колдоо көрсөтүүчү ыкчам юридикалык жардам көрсөтүү кызматы.

«Тилектештик автобусу» бизге юридикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгү чектелген же жок болгон жамааттарга жетүүгө жардам берет. БУУӨПтүн колдоосу менен биз адамдарга багытталган жана жарандарыбыздын муктаждыктарын эске алган инклюзивдик укуктук колдоо системасын түзүп жатабыз», - деди Аяз Баетов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри. 

A man in a suit sitting at a table with flags and water bottles, speaking.

Аяз Баетов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри

БУУӨП / Кыргызстан

Демилге БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу алкагында Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматы менен биргеликте ишке ашырылууда. Юристердин ыкчам топтору түздөн-түз жеринде айыл жеринин тургундарына, аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана көбүнчө юридикалык жардамга жеткиликтүүлүк чектелген социалдык аялуу топторго консультациялык-укуктук жардамдарды беришет.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлү «Тилектештик автобусу» аркылуу сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселери» жана «Тилектештик автобусу» - Кыргыз Республикасы үчүн ийгиликтүү практиканын үлгүсү болуп саналат. Укуктук аң-сезимди жогорулатуудан тартып, мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө чейин, бул ыкма, сот адилеттигине жетүүдөгү натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жана туруктуу өнүгүүнүн факторуна айланып баратканын көрсөтүп турат», - деди ал, кичи автобусту өткөрүп берүү аземинде.

A woman in a yellow dress speaks at a conference table, flanked by two men and a logo.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлү

БУУӨП / Кыргызстан

 «Тилектештик автобусу» ыкчам кызматы көчмө юридикалык консультацияларды берүү үчүн колдонулат. Ал туруктуу юридикалык жардам көрсөтүү пункттары жок айылдарды жана жетүүгө кыйын болгон аймактарды камтууга жардам берет. Ошондой эле шаардык же райондук борборлорго өз алдынча бара албаган тургундарга акысыз консультациялык-укуктук жардамдарды берүүгө мүмкүндүк берет», - деп кошумчалады Акжол Калбеков, Юридикалык жардам кызматынын төрагасы.

A meeting with participants seated around a round table, discussing over a presentation screen.

Акжол Калбеков, Юридикалык жардам кызматынын төрагасы

БУУӨП / Кыргызстан

Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП төмөнкү натыйжаларга көмөк көрсөттү: 

  • Республика боюнча 24 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселерин ачуу;

  • “Шыр байланыш 114” улуттук юридикалык ишеним телефонун жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизүү;

  • 2024-жылы эле ар кандай каналдар аркылуу 83 795 адам акысыз консультациялык-укуктук жардамдарды алышкан.

БУУӨП жана Юстиция министрлиги сот адилеттигине жетүүнү мындан ары өнүктүрүүнү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү жана жашаган жерине жана жашоо шартына карабастан ар бир адам өзүнүн мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууну пайдалануусун камсыздоону ырасташат.

A formal meeting at a round table with diverse participants and a presentation screen.
БУУӨП / Кыргызстан