Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мыкты медиа материал сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2021-ж., 7-April

Бишкек, 7-апрель / Кечээ журналисттер жана блогерлер арасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасы жөнүндө медиа материал даярдоо боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аземге Юстиция министринин орун басары менен БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары да катышты.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жана МКЮЖ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы мамлекеттик органдын ролу жөнүндө мыкты медиа материалдар сынагы 2020-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин өткөн. Сынак БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин астындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан өткөрүлгөн.

Сынакка 31 материал келип түшкөн. Курамына Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, медиаэксперттер жана БУУӨптүн өкүлдөрү кирген сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими менен төмөндөгү авторлор жеңүүчүлөр деп табылды:

 «Мыкты журналисттик иш» номинациясы

1-орун («КР Юстиция министрлиги Ысык-Көл, Нарын облустарына акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүүдө» аттуу видеоматериалы үчүн Ысык-Көл облустук медиаборборунун журналисти Гүлбарчын Молдоевага берилди.

2-орун «Укуктук жардам» радио уктуруусу үчүн «Биринчи радио – КТРКнын» кабарчысы Салтанат Калдыбаевага ыйгарылды.

3-орун эки талапкерге ыйгарылды: «Демократия сабактары» автордук программасынын алкагында “Акысыз укуктук жардам” видеокөрсөтүүсү үчүн КТРКнын программалар дирекциясынын директору Байма Сутеновага жана “Мамлекет кепилдеген укуктук жардам” аталыштагы радиоматериалы үчүн «Биринчи радио – КТРКнын» башкы редактору Таалайкүл Сыдыкбековага ыйгарылды.

“Мыкты блог» номинациясы

1-орун «Караңгыда көз болгондор» материалы үчүн Дариха Мамбетовага ыйгарылды.

2-орун «Укугуңардын бузулушуна жол бербегиле» “Не позволяйте чтобы ваши права нарушались”) материалы үчүн Бехзад  Тожибаевге берилди.

3-орун «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу» (“О гарантированной государством юридической помощи”) видеоблогу үчүн Туланбек уулу Ильяска ыйгарылды.

Ошондой эле, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу «Карантин маалындагы интервью» («Интервью во время карантина»), «МКЮЖ боюнча жактоочу – бул сыймык!» жана «Жактоочу болуу – бул менин милдетим!» аталыштагы материалдар сериясы үчүн Элмира Арапова кызыктыруучу байгеге ээ болду.

Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов сынактын катышуучуларына жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип: “Калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик юридикалык жардамды кеңири чагылдыруу, мамлекет кепилденген юридикалык жардам тууралуу маалымдоо - калктын ага жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо маанилүү компоненти. Ушуга байланыштуу, МКЮЖ маселелерин чагылдырууга журналисттердин жана блогерлердин катышуусу абдан маанилүү» - деп баса белгиледи. Канулкулов М.Э. Ошондой эле, өнөктөштөргө жана БУУӨПкө “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүк” долбоорун ишке ашырууда жана сынакты уюштурууга берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУӨПтүн КРдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович: «Юридикалык жардам – ичине адилеттүү соттук териштирүү үчүн укук да кирген башка укуктардын турмушка ашышынын негизи болуп саналат. Жана ошондой эле, адилеттүүлүккө жана коомчулуктун мамлекеттик акыйкат сот процесстерине ишеним жаралуусуна негиз болууну камсыз кылууда маанилүү кепил болуп берет. Журналисттер менен блогерлер калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууда, анын ичинде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу маалыматтарды таратууда маанилүү роль ойнойт» деп белгилеп өттү.

Сынак калктын алсыз катмарынын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, МКЮЖ системасы боюнча калктын укуктук кабардар болуусу жана Юстиция министрлигинин өлкөнүн калкына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү багытындагы ишмердүүлүгүн кеңири чагылдыруу максатында өткөрүлдү.  Эске салсак, БУУӨПтүн колдоосу астында Чүй жана Ош облустарында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү 15 борбор ачылган.

Аземдин сүрөттөрү шилтеме боюнча: https://flic.kr/s/aHsmVbSKV2

***

Медиа үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org