Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Факультативдик протокол жеткиликтүү коом түзүү аракеттерин күчөтөт

2023-ж., 24-November

 

Бишкек, 24-ноябрь, 2023 – Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар түптөгөн уюмдар жана жарандык коомдун активисттери БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясынын Факультативдик протоколунун Кыргыз Республикасында ратификацияланышын жакташат.

Өлкөнүн булуң-бурчунда тиешелүү мамлекеттик органдардын, майыптыгы бар адамдардын катышуусунда тегерек столдор уюштурулуп, анда БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясынын факультативдик протоколун ратификациялоо тууралуу резолюциялар кабыл алынды.

Жарандык коомдун бул демилгеси БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы жана Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүгү тарабынан колдоого алынууда.

Аталган Факультативдик протокол – Бириккен улуттар уюмунун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясына кошумча макулдашуу. Документ аталган конвенциянын жоболорундагы бекитилген адам укуктарынын бузулушу боюнча жеке доо-арыздарды кароо механизмин белгилейт.

Факультативдик протокол ратификацияланып калса, Кыргыз Республикасынын жарандары Конвенцияда бекитилген укуктары бузулган учурларда жеке арыз менен БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитетине кайрылууга акылуу.

Факультативдик протоколду ратификациялоо Кыргызстанда адам укугун коргоо механизмин бекемдеп, Конвенциянын жоболорун майнаптуу ишке ашырып жана майыптыгы бар адамдардын коомдо басмырланышына жол бербөөгө өбөлгө түзөт.

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо КР Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, “Майыптыгы бар адамдарга юридикалык көмөк көрсөтүү” коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков өлкөдө азыр ратификацияланган Конвенцияга карабастан анын жоболорун толук аткаруу үчүн тийиштүү шарттардын түзүлбөгөнүн айтты.

«Юридикалык тажрыйбада майыптыгы бар адамдардын укук жана эркиндигин коргоо жаатындагы ички механизмдердин күчү жетпей турган бир катар соттук иштер топтолуп калды. Ал эми БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитетине кайрылуу үчүн Факультативдик протоколдун ратификацияланышы абзел. Ошентип, өлкөдө майыптыгы бар адамдардын эркиндик жана укуктарын толук жана натыйжалуу коргоо үчүн факультативдик протоколду ратификациялоонун мезгили келди», – деп белгиледи ал.

«БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү факультативдик протоколу Кыргызстанда Конвенциянын аткарылышын жана анын майнаптуулугун жогорулата турган маанилүү инструмент катары кызмат кылат. Ал жеке адам же топтордун укуктары бузулган учурда адилеттикке жетип, келтирилген зыяндын ордун толуктоого шарт түзөт. Бул протоколдун ратификацияланышы өлкөнүн жарандарына БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитетине түз кайрылууга жол ачып, жоболорду аткаруу механизмдерин бекемдеп, алардын ар биринин үнү эл аралык аянтчада угулушун камсыздайт. Бул – Кыргызстанда инклюзивдүү жана тегиз коомду курууга дагы бир кадам», – деди БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.

Факультативдик протокол ратификацияланса:

● КР жарандары БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитетине жеке доо-арыздарын расмий жибере алышат;

● Комитет доо-арыз жана кайрылуулардын негизинде Конвенциянын мүчө-мамлекеттери тарабынан майыптыгы бар адамдардын укуктары системалуу түрдө жана олуттуу бузулган учурларды иликтей алат; 

● Өлкөдө инклюзивдик коомду жана тегиз чөйрөнү түзүү процесси тездейт;

● Кыргыз Республикасынын  укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлде бедели бийиктейт.

БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү факультативдик протоколун ратификациялоо мамлекеттин майыптыгы бар адамдарга толук жана тегиз эркиндик, укук берип, ошондой эле алардын бузулушуна жол бербөөгө майнаптуу чара көрүүгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт.

Факультативдик протокол менен кененирээк бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Тренингтин сүрөттөрү шилтеме боюнча: https://flic.kr/s/aHBqjB4qj2

***

ЖМК үчүн байланыш: БУУӨПтүн коммуникация адиси Нуржан Алымканова, nurzhan.alymkanova@undp.org